Динге байланыштуу мыйзам конституцияга ылайык келтирилүүдө

Жогорку Кеӊеште мыйзамдын айрым жоболорун конституциялык принциптерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Конституциялык палата Иегова күбөлөрүнүн диний борборунун кызыкчылыгында аракеттенген адамдардын өтүнүчүн карап чыгып, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөр Конституциянын 20-беренесине жана 35-беренесине карама-каршы келет деп табылган. Ошондон улам, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.

Бир катар депутаттар өлкө аймагында ыйгарым укуктуу органдарда катталбаган ар кандай агымдагы көптөгөн диний борборлор, мечиттер, медреселер мыйзамсыз иштеп жатканын эске салышып, диний ынанымдарды жайылтуу иш-чараларын жергиликтүү калк менен макулдашуунун туура жагы деле бар экенин айтышты.

“Бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анын арты кандай болору азарынча белгисиз. Алтургай, башаламандык да болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик органдары да көзөмөлдөн четте калбашы керек. Конституциялык палата ушундай чечим чыгарыптыр деп эле Президент тарабынан кол коюлуп күчүнө кирген мыйзамды өзгөртө беребизби?”, — деди Рада Туманбаева.

Ал эми айрым депутаттар бул жерде мамлекеттин коопсуздугу, коомчулуктун туруктуулугу, коомдук тартип сакталышы сыяктуу олуттуу маселелелер турганын, ошондуктан мыйзам долбооруна карата тереӊ ойлонуп, кылдат мамиле кылуу зарылдыгын баса белгилешти. Алардын пикиринде, Конституция дагы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн айрым чектөөлөрдү киргизүүгө жол берет.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстандын аймагында 3294 диний уюм расмий каттоодон өткөн. Алардын ичинде экстремисттик багыттагы 20 диний уюмга сот тарабынан тыюу салынган. Ал эми 2019-жылдын ичинде 6 адам экстремисттик аракеттери үчүн камакка алынды.