Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча комиссия окуя болгон жерге барды

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кой-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Комиссиянын өкүлдөрү айылдагы бир катар объекттерге барышты, анын ичинде турак үйлөр, өрттөнүп кеткен айылдык милиция бөлүмү бар.

Буга чейин комиссия мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев, президенттин иш башкармалыгынын экс-жетекчиси Турусбек Коёналиев, ички иштер министринин орун басарлары Памирбек Асанов менен Алмазбек Орозалиев, экс-депутат Равшан Жээнбековдун жана Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча маалыматтарын угушкан.

Иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

Аталган комиссия окуя боюнча корутундусу 15-октябрда чыкмак. Бирок мамкомиссия корутунду тууралуу эч кандай маалымат бере элек.