Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Ай ааламга күмүш күн нурун чачып, айылда уй-музоо мөөрөп, кой-козу маарап, ит үрүп, тирилик башталган маалда Абылай да үйбүлөсү менен дасторконго отурду. Ортого жаңы эле бышкан жети токоч келип, Абылай созолоно созуп куран окуду.

Сайра:

– Омийин! Э, Жараткан Кудай, үй-бүлөмдү, балдарымды, Бектемиримди бар балээден сакта, жаман көздөн, жаман сөздөн сакта. «Ичтен чыккан жаттан сакта…» – деп калганын угузбай, ичинен күбүрөп-шыбырап бата кылды. Андан ары ким-кимиси унчукпай отуруп, Сайранын куурма чайын ичишти. Соңку убактарда Сайра казан-аякка кошо аралаш ып, келинине көп ишенбей жаткандай, анын ар бир кыймылын аңдып-күтө бермей  адат тапкан. «Шектүү – шекинет» болуп, ал анткен сайын Кызмончок да бул үйдө эле эмес, бул айылда өзүн ашык баш сезе берчү болду. Айрыкча, ата-энеси Асылбек менен Сырганын бу жарык дүйнөдөн ээрчишип кете бергени аны ого бетер жалгызсыратып, чүнчүтүп салды да. Ал аз келгенсип, жалгыз карманганы Бектемирдин да шеги күчөп, кызганып, ар кайсыны жоромолдой бериши да келиндин Жанга болгон сагынычын тескерисинче ырбатып жаткансыйт. Бул дүйнөдө аны түшүнгөн, аны кодулабай турган  бир гана Жан бардай, аны жакынсып, төркүнсүй берчү болду.

Азыр да ар кимиси өз-өзүнчө ой менен алек болуп, бири-бирин кабак алдынан карашып, тунжурап отурушту. «Буларга чын эле бир нерсе болгон… Менин түшүм бекер аян берген жок», – деп колундагы  чынысын  айланта, чай ууртап отурган Сайра уул-келинин алмак-салмак карап, айрыкча, Кызмончокту көзүнүн кыйыгынан тиктеп отурат.

Чай куюп сунган  Кызмончок кайненесинин тирмийе тиктеген көздөрүнөн жалтанып, кымырынып-кысылат. Ошондо да эси-дартынын жарымы  Жанда: «Кайда жүрөт болду экен? Балким, жакын эле жерде, бизди карап отургандыр? Бирөө-жарым көрүп калбаса экен…» Оюна ушулар  келген сайын эшик тарапка “жалт” карап, «шырп» эткен дабышка кулак түрүп, тыңшап калат.

Булардын баарын кабак алдынан байкап отурган Бектемир ичинен кыжынып, колундагы кесеси менен келинчегин уруп жибергиси келип, бирок ата-энесинен гана жазганып отургансыйт.

Аңгыча эшиктин алдында жаткан кара дөбөт жылан көргөнсүп катуу ажылдап жиберди эле, келиндин жаңы эле кайнатасына сунуп келаткан кесеси ыргып кетип, сызыкка куурулуп жасалган майлуу-сүттүү куурма чай  кайнатасынын колу-бутуна жабыла берди.

– Кокуу-уй, каран күн! – деп чаңырып ийди Сайра. Абылай да:

– Эк, Кудай каары! – деп кагынып-силкинип тура калды.

– Ушуну кылмак, каран күн! Карыганда кууратпадыбы! Колуңа шал тийип калгыр! – деп какылдаган Сайра абышкасын аркы үйгө алып кирип кетип:

– Бол, чеч! Иий, ылжырап түшүп калган тура, кокуй! Бектемир, алып кел баткак! – деп араң турган эме аркы үйдө буркан-шаркан түшүп жатты.

–  Тур, апкел! – деп Бектемир Чынтемирге тап берди. – Эмне турасың жалдырап! Баткак алып кел.

Чынтемир чыгып кеткенде үйдүн ичин жымжырттык уялай түштү. Бектемир Кызмончокту энтиге карап турду да:

– Кетесиңби?! – деди зекий. Кызмончок унчукпай жер тиктеди.

– Эй, кетесиңби деп атам?! Айтпайсыңбы?! – деди Бектемир ныгыра сүйлөп. – Көзүмө көрүнбөй ылдамыраак кетип калчы! Бар!

Тигил үйдө бакылдап аткан Сайранын үнү өчүп, бул экөөнү тыңшап калгансыды.

– Кудай урган эме экенсиңер, атайылап кылды дейсиңби?! – Абылайдын Сайрага күңкүлдөгөнү угулду. – Кой дечи, тиги балаңды!

– Эк, сен эмнени түшүнүп жаттың эле, шүк отурчу! – деди Сайра.

Унчугушпай калышты.

– Кайда кетем?! – деди Кызмончок акырын унчугуп.

– Төрт тарабың – кыбыла!

Кызмончоктун кош кареги ылдый мончоктоп жаш куюлуп кетти.

– Атам-энем болсо, токтобойт да элем…

– Сага ата-эненин, күйөөнүн, башкалардын эмне кереги бар?! Сага  жыланың болсо болот да! Күтүп жүрдүң эле го, бар эми чык! Тигине, келди эшикке. Сүйлөшүп, чакырып алдың го!

– Бектемир?! – Кызмончок күйөөсүнө жакындады. Күйөөсү чындап эле андан иренжигендей боюн ала качып, артка кетенчиктеди.

– Жакындаба мага! Тажадым! Кааласаң талагыңды да берем! Уктуңбу? Талак, талак, талак!

Кызмончоктун сунулган колу селейип катып, умсунган боюнча туруп калды. Жүзүндөгү эми элеки жалооруунун илеби сууп, сумсайып, бүт тулку боюн таштай муздактык ээлеп баратты.

Күшүлдөп-бышылдап, бир чака ылай көтөрүп кирип келген Чынтемир бул экөөнү бир азга карап туруп калды да, төркү үйгө кирип кетти.

Кызмончок өзүн азыр бул үйгө эле эмес, бүтүндөй бир айылга батпай калгандай, баарына ашык баш, керексиздей сезип кетти. Жыланы гана ага боор ооруп, ошол гана аны түшүнчүдөй, ошол гана муну танбай, чанбай, бар азаптан арачалап кала тургандай, жалгыз ошого гана керектей сезилди. Ушу азыр ага жолуккусу, ата-энесинен ажырап калганын, сагыныч менен жалгыздыгы жанына батканын айтып, көз жашын жамгырдай көнөктөтүп, өксүп-өксүп ыйлагысы келди. Балким, ошондо бир аз жеңилдеп калат беле?!. Ошентет болчу… Ошого булар чын ыкылас менен макул болуп, акыркы ирет бир чай кайнам гана жолугушууга мүмкүнчүлүк берсе, анда буларга ал өмүр бою карыздар болот беле. Бүт өмүр бою бар азаптарына чыдап, оту менен кирип, күлү менен чыгат беле? Жандан да сагынычы тарап, санаасы тынып: «Эми биротоло кош бол, менин макулугум. Мен бул үй-бүлөгө биротоло байланып калдым,» – деп жолуна салат беле. Бирок мунун баары куру кыял болчу.

Бектемирдин бир ооз жылуу кебин, боор тартып, ымала санаган мамилесин самады. Бирок күйөөсү  мындай жакшылыкты жубайына ыраа көргүсү келген жок… Сыртта жаткан сомодой болгон ак жыландан айбыгып жаткандай, же бул жерден чыгып кетсе эле үйдө бир укмуш нерсе болуп кетчүдөй, адатынча эшикке да чыгып кетпей, үйгө байралды да калды!

– Мен сенден суранам, Кызмончок, көзүмө көрүнбөчү! Кетип калчы, турбачы бу жерде! – деди бир убакта Бектемир жалдырап сурангандай акырын, аялуу үн катып. Ушул убакта аркы үйдөн Абылайдын үнү угулду:

– Ит кимге үрүп атыптыр?

– Ишенбайдын торпоктору, – күңк этти Чынтемир. Муну уккан Бектемир, үстүнөн бирөө оор жүктү алып ыргытып жибергендей, бир азга жеңилдей түштү. Денесин жерге таштап жиберип, чалкасынан жата кетти. Аны саамга карап турган Кызмончок үйдөн чыгып баратып, аркы үйдөн атасы менен Чынтемирдин кобурашканын эшитти:

– Короого кирип кетиппи?

– Ооба.

– Атаңдын оозун урайындар… – бар балээнин баарына ошол торпоктор күнөөлүү өңдүү ачууланды атасы. – Чыгардыңбы анан?

– Баласы айдап кетти.

Сайра кыңайып ачылган эшиктин жанына келип, сыртка кулак түрдү. Оюнда ал уул-келини элдешип алып, адатынча үн-сөзсүз кучакташып турушабы деп ойлоду. Буларды ошол «жымжырттыктан» ойготкусу келгендей анан калп жөтөлүп, тамагын кырган болду. А бирок жөтөлдүн жообун күтүп отурганга чыдамы жеткен жок, эшикти акырын ачып, сырткы үйгө баш бакты.

– Ууру мышыктай болбой, чыксаң жөн эле чыкпайсыңбы! – деп Абылайдын «барк» этип ийгени Сайраны куйрукка сайгандай, дене боюн «селт» эттире чочутуп, жаңы эле оозгу үйгө баш баккан тумшугу кайра «култ» этип ары кирип кетти.

– Капырай, эмне?! – деди Сайра ызаланган, таарынган кыязда. – Эмне баркылдайсың?!

– Сен өзүң эмне эле болуп жатасың, баладай болуп?! Жаш келин менен эрегишкенден уялбайсыңбы?! Деги бирөөнүн баласына жашоо бересиңби өзү?! Эне-атасынын өлгөнүнө деле жыл айлана элек, «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» кылып, кайгы басып турган эмени ого бетер… Анча-мынча кемчилигине көз жумуп койсоң болобу?! Балаңдын да мээсин жеп!..

– Тигини! Балаң экөөңдүн башыңды жылан келиниң таптакыр айландырып алды! Болбосо, мен көргөндү кантип көрбөйсүңөр, мен сезгенди кантип сезбейсиңер?!

– Эмнени сезип атасың сен? Ыя?!

Сайра эми эринин жанына отура калып, акырын унчукту:

– Жаз келди. Жыландар сыртка чыккан маал. Келиниңдин кылык-жоругун, баскан-турганын байкап жатасыңбы, абышка, башкача боло баштады.  Мунун канында бар да, бирдемени сезип-билип атабы, баягысы кайра келатабы дейм. Айтор, ойдолоктоп эле отура албай калды, бир балакети бар…

Баятан бери аялын жаман көрүп, ачууланып жаткан Абылай, эми анын айтканында жөн бар өңдүү, ойлонуп калды.

– Эмне балакет болмок эле? – жанагыдай одураңдабай, жоош сүйлөдү.

– Бир Кудай билет, абышка. Эл жөн айтпайт. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт». Бүбү кемпир өлөөр алдында Асылбекти элден эле эмес, Сыргадан да бөлүп чакырып алып, бир укмушту айтканы тууралуу кеп кылып жүрүшпөйбү. Ыраматылык Асылбек аны Сыргага да айтпай жүрүп, акыры ошону айта коём деп, аялынын жүрөгү жарылып өлүп жатпайбы. Жөн эле жарылды дейсиңби? Артынан шордуу өзү кете берди го анан.

– Андай экенин ким текшериптир?

– Бүбү кемпир менен Асылбектин сөзүн ушу эле Алымкан угуптур ботом. «Бу кайненем Асылбекке эмне кызыкты айтар экен?» – деп, узун кулак неме тыңшабайбы.

– Ии? – Абылай суроолуу карап калды.

– Ии, анан анча тыңшаганга жараша, ал кургур бир-эки сөзүн укпай жаны жокпу? Ошону ичине ката албай, кайненесинин сөөгү узай элек жатса дагы бир-экөөнө айта салып, ошондон ушинтип тирүүнүн өлүгү болуп отурбайбы шордуу! Бүбү кемпир да жөн кемпир эмес эле да…

Чыны менен эле Алымкан кайненесинин жетилигине жетпей жыгылып, эс талма болуп калган. Анын чоо-жайын ар кайсыга жоруп келишет. Кээ бири: «Бечара Алымкан, кайненесине катуу күйгөндөн ушинтип тил-ооздон калып, жалдырама болуп калды. Анан эмне, бармактайдан колуна келип, эне-баладай эле болуп калышкан да», – десе, дагы бири: «Ой, антпей эле бу байкуш кайненесинин каргышына калып, ошондон ушинтип калыптыр. Тилдүүрөөк эмес беле бечара», – деп кеп кылып жүрүшөт дале. Ошондой көп аңыздын ичинен чындыкка жакыны  – Сайранын божомолу боло турган…

– Деги, оюңда эмне бар? – деди аялынын кебине муюй түшкөн Абылай.

– Келиндин өзү менен сүйлөшүп, тамырын тартып көрсөңчү, аялсың го.

– Ой, ошонуң сүйлөшөт дейсиңби? Бала кезинен кишиге кошулбай, жылан менен жандашып жүрүп эле жедеп көнүп алыптыр. Мелтейип бир  сөз чыкпайт. Жанагы балаң эле ошонун эмнесин жакшы көрөрүн билбейм. Чырайын чылап иччүдөй болуп. Жаш келин деген жаркылдап, күлүп-жайнап турса жарпың жазылат да, кокуй!

Аялынын сөзүндө жөн бар өңдүү, Абылай унчукпай калды.

– Түндө түшүмдө экөөнүн үстүнө кирип барсам, Бекибай эки колун эки жакка жайып таштап, бейкапар уктап жатыптыр. Тигиниң, Кудай бетин көрсөтпөсүн, түрү укмуш! Көкүрөктөн өйдөкүсү – өзү, ылдый жагы чубалган эле жылан!

Сайра ушинтип айта баштаганда Чынтемир «бырс!» этип мыйыгынан күлүп ийди эле, экөө тең аны карап калышты.

– Бир жагынан мобунуку өттү! Кишини бир келесоо көрөт! – деди Сайра ага тап берип.

– Анан? – бутун үйлөгүлөп жатып сурады Абылай. Анткен менен Абылайдын жаш кезинен эле Сайранын түшүнө ишенип, төлгө кармап алган жайы бар.

– Баламдын каруусун жазданып жатат бейбак! Аны ойгонуп кетпесе экен деп, баламды жаналаектке түшүп: «Бек? Бекибай?» – деп атыпмын. Аңгыча балам чочуп ойгонуп кетип, жанында жаткан ажыдаарды көрүп, тура калайын дегиче, тиги да ойгонуп кетип, экөө кудум баягы мен арбашкандай арбашып калып жатпайбы! Ой, жанымдын бир чыкканын айтпа! Жандалбастап экөөнүн ортосуна тура калайын дегенимче, баламдын бакырып ийгени тим эле жүлүнүмдү көсөп, мээмди тешип өттү го чиркин! Мунун баарын өңүндө көргөндөй энтигип, ыйламсырады Сайра.

– Уктуңар го силер деле. Анан чуркадык го баарыбыз…

Унчугушпай калышты. Атүгүл Чынтемир да апасын адатынча шылдыңдап күлбөй, ойлонуп калды.

– Бектемир да бирдемени сезген окшойт деп калдым. Ботом, акыры акыл-эстүү адам болгон соң, аңдайт да бирдемени, – деген Сайра оюна бир жамандык түшүп кеткендей уулун жумшады:

– Ай, Чынтемир, карачы тигилерди! Дымдары чыкпай эле калды да?!

Чынтемир шар чыга калгандан зааркангандай, босогодо саамга тыңшап туруп, анан каалганы кыйчылдатып, акырын ачты да, аркы үйгө баш бакты.

– Чыкпайсыңбы, ботом! – энесинин ушу сөзүнөн кийин гана чыгып кетип, кайра эле бат кирип келди.

– Эмне?! – үрпөйө түштү экөө.

– Жеңем жок! – ыйлап ийчүдөй сүйлөдү Чынтемир.

– Жок болсо, жеңеңди эмне, Кудай алып, курт жемек беле?! Чыккандыр да сыртка!

– Короонун эшиги да ачык калыптыр.

– Бектемирчи?

– Жатат ал…

Көңүлү жайланыша түшкөн Сайра кайра бат эле өң алеттен кетип, чыңырып ийди:

– Ыя-аа?!

– Жатат дейм.

– Жатканы эмнеси, кокуй?!

Сайранын артынан дамбалчан Абылай, анын артынан Чынтемир болуп, чуркап чыгышты. Айткандай эле, эзели күндүз уктабаган Бектемир башын бир жагына кыйшайткан боюнча, ууртунан шилекейин агызып кыймылсыз  жаткан…

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.