“Кыргыз Туусуна” – 95 жыл: Биздин каармандар

“Кыргыз Туусунун” ысыгына күйүп, суугуна тоңуп кырк жылга чукул иштедим. Жумасына 5 жолу 180 миңге чейин нуска менен чыгып, гезит иши кайнаган казанды, күнү-түнү тынбай тегеренген тегирменди элестетип турчу. Кабарчыбыз деле, бакыйган бөлүм башчыбыз деле, ал турсун редактордун орун басары деле бир колу менен кабар, макала, очерк, фельетон жазып, бир колу менен мүшөктөп келген каттар менен иштеп, жооп жазып, эки күндүн биринде типографияда гезитке дежур болуп, ортосунда өлкөнүн булуң-бурчуна иш сапарга чыгып дегендей жаны тынчу эмес. Ошондуктан бир бутубуз редакцияда болсо, бир бутубуз гезит басылып чыккан басмаканада болчу. Бул доор – “Советтик Кыргызстандын” күжүрмөн доору эгемендиктин алгачкы жылдарында кош айтышып кетти. Азыр журналисттерге заманбап технология жардамга келген жеңил заман. Гезитте иштеген советтик жана эгемендиктен кийинки жылдарда көп залкарлар, таланттар, иштерман карапайым адамдар, белгилүү инсандар, аларды жакшы билгендер менен жолугушууга, баарлашууга туура келди. Улуттук туңгуч гезитибиздин 95 жылдыгынын алдында узап кеткен ошол кайрылгыс жылдарды эске салган маектешүүлөрдөн айрым эскерүүлөр назарыңыздарда. Каармандарыбыздын кээ биринин тагдырына “Кыргыз Туусу” кандайдыр бир деңгээлде роль ойногон. Учуру келгенде “Кыргыз Туусунун” күйөрман окурмандарын, бирге иштешкен кесиптештеримди, жүгүн бирге көтөрүшкөн кызматкерлерди гезиттин 95 жылдыгы менен куттуктайм! “Кыргыз Туусунун” санжыралуу тарыхы улана берсин, учугу үзүлбөсүн.

Токтоналы Сейталиевдин ырчы болуп калышы

СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоналы Сейталиевдин бала чагы абдан оор болот. Ушундан улам “М.Элебаевдин “Узак жолу” менин жолум, 14 баланын эң кичинеси болсом, баары өлүп, мен жалгыз аман калсам, далай азап тартсам, бул өнөрдү Кудай таала мени аяп, мага боору ооруп сыйлык кылып тартуулады го деп ойлой берем”, – деп айтып бергени эсимден эч кетпейт:

– Ата-энем балдары токтобой койгондо, ырымдап менин атымды Токтоналы коюшуптур. Сол кулагымды кыздардыкындай тешип сөйкө салышкан. Чачымды такырайта кырып туруп, төбөмдөн беш-алты өрүм чач калтырып, аларга эски ачкыч, тыйындарды тагышкан. Чуркаганда алардын шалдырынан иттер да коркуп качышчу. Мен чоңоюп эле калгыча, үчүнчү-төртүнчү класстан окуганча ушинтип шалдыракчан жүрдүм…

1956-жылы колхоздо иштеп жүргөн кезимде бейиши болгур Буудайбек деген киши «сен окубайсыңбы, ырдайсың го» деди. Көрсө, «Советтик Кыргызстанга» (азыркы “Кыргыз Туусу”) биринчи студия ачылды деген кулактандыруу чыгыптыр. Мектептин «Кызыл үйүнөн” гезитти окуп, «жардам берсеңиздер, мен ырдайт элем», – деп кат жаздым.

Поездге түшүп борборго келатам. Апам оокат кылгын деп беш-алты кило ун сатып берген. Орус кондуктор акчаң жок түшпөйсүң деп итергенде тырмышсам, колумду такасы менен тепсеп алганда, тырмагым кайрылып кетти. Колумду кое берсем поезддин алдында кала турганмын. Көмүр ташыган, үстү ачык вагон болчу, жанталашып бутунан кармасам коркуп кетти. Мен жыгылсам, ал да кошо жыгылмак да, жакаман кармап тартып алды. Ыйладым, ушинтип окууга баратам деп кыргызча айтсам, түшүндүбү боору ооруп, колумду бет аарчысы менен таңып берди. Нанын берип, далыга чаап коет.

Келсем 1-студиянын алды казганактаган эл. Мени киргизбей коюшту. Күн куйкалаган июль айы, бутумда азия көлөч, таар шымды синькага салып алсам бозала болуп калыптыр. Ого бетер бозоруп турсам бир киши келатат. Сен эмне ырдайсыңбы деп сурады. Ооба, дедим. Анан ал эшик тоскон аялга бирдеме деди окшойт, өткөрүп жиберди. Көрсө ал Нурдин Түгөлов экен.

Ырдатып угуп атышат. Бир кезде дагы ким бар дешти. «Мен» деп унумду сахнанын четине коюп, үстү-башымды оңдосом сахна чаңга толуп кетти. Комиссия болуп отурган кишилер кийин билсем А.Малдыбаев, С.Кийизбаева, К.Чодронов ж.б. экен. «Бул каяктан келген эме, сахнаны чаңдатып жиберди» деп күлүп жиберишти. Сахна экенин мен кайдан билем. Эки жактан прожектор, алдыдан да жарык күйүп турат. «Эмнени ырдайсың?» – дешти. «Айнагүлдү»дейм. Бир-эки куплетин ырдагандан кийин эле болду, болду деп токтотуп коюшту. Кудай урду, жактырбай коюшту го, өтпөй калган экенмин, эми айылга кантип барам деп ойлонуп атам. Чачым болсо такырайта алынган. «Ой, аксакалдар болбойт, мен Сейталиев Токтоналы деген айылдын ырчысы болом. Мен тойдо ырдап жүргөм, мени минтип эч ким токтотуп көргөн эмес. Мен ырдайм деп келгемин, аягына чейин ырдайм. Мен Панфилов районунун Жайылма деген айылынан келдим. Ошол жактын ырчысы мен болом» деп көкүрөгүмдү чапкылап-чапкылап койдум. Үстүмдөгү чыптамамы чечип, бир кара неменин үстүнө ыргытып жиберсем, бырпырап эле калды, ал рояль экенин кайдан билейин. Анын ары жагында бир киши отурган, көрсө ал Руслан Юсупов тура. Күлүп жатышат. Мени ого бетер келесоо, оорукчан неме экен дешти окшойт. К.Чодронов «мобу оорукчан неме го, көкүрөгүн чапкылап жатат» деп айтып атат. Кийин алар ошол күндү эстегенде күлүп жүрүшпөдүбү. Мен таң калам, мурда дегеле минтип сүйлөчү эмесмин, ушинтип жанталаштырып, Кудай мени сүйлөттүрдү го.

Алматыдан консерваторияны бүтүп келгенде баягы эшик тоскон Маруся деген аял «Сейталиев сенсиңби?» деп сурап жатпайбы. «Ошондо өткөрбөй койгонум үчүн кечирип кой», – дейт. Тагдырга ыраазымын, чет өлкөлүк көп чоң ырчылар менен ырдаштым, көп өлкөлөрдө болдум. Айтылуу опералардан партияларды аткардым. Эми ал узун сабак кеп.

Миталип Мамытовдун оорулуу менен “сеп” этишкени

Академик, айтылуу нейрохирург Миталип Мамытов менен маектешкен сайын бул инсандын жөнөкөйлүгүн, улуу адамгерчилигин, ичинде көп нерсе катылып жатканын сезчүмүн.

Ошондой баарлашууда академик хирургдук жолунда кезиккен көп окуянын бирин минтип айтып берди эле:

– Бир татаал операциядан кийин оорулуу адамдын жалпы абалы жакшы болуп, басканга жарап калса дагы тамакты өзү жута албай жүрдү. Тамактансын үчүн курсагын тешип, ашказанга түтүк салынды, ошол түтүк аркылуу тамактанчу. Бир жолу ал жайын сураганы 31-декабрда ал жашаган шаарга барып, жаңы жыл менен куттуктаганмын: мен коньякты рюмка менен, ал киши стаканын кагыштырып, түтүккө кошулган “воронка” аркылуу ашказанына куйду, ошентип “сеп” этип жибергенбиз. Мындай нерсе башка кишиге өтө өөн көрүнөт, айла жоктун иши, трагикомедия. Ичиңди сыздатса да билгизбегенге аракет кыласың да. Ошондой абалга да ыраазы болуп дагы бир топ жыл жашаган. Мен болсо атайылап барып, жаңы жылы менен куттуктаганыма сүйүнгөн элем.

Өлүм буюрбаса, киши оңойчулук менен өлбөйт. Эки самолёт асманда кагылышып кетип (Курдай тоолорунун үстүндө) учкучтардын экөө тең парашют менен жерге түшүп аман калышкан, бирөөсүнүн буту гана сынган, ал дагы жерге калпыс түшүп калгандан болгон.

Мирсаид Миррахимовду кичинекей баланын куткарганы

Академик Мирсаид Миррахимовдун мүнөзү жумшак, үнүн катуу көтөрүп сүйлөбөгөн алпейим киши болчу, чыныгы интеллигент экени турпатынан көрүнүп турчу. Мирсаид Мирхамидович Кыргыз улуттук кардиология жана терапия борборунда директор болуп иштеп турганда эки-үч жолу кеңири маектешүү бактысы буюрду. Ушул маектешүүдө башынан өткөргөн бир кызык окуяны айтып берген. Бул окуянын маңызы элибиздин асыл касиети – боорукердигине, меймандостугуна барып байланат.

Жаш врач ошол кездеги “ПО-2” деп аталган кичинекей самолет менен абалы оор оорулууну көргөнү Пржевальскиге учат. Самолетто учкуч, өзү жана медайым үчөө болот. Карабайсыңбы, дал тоонун үстүнөн учуп баратканда самолет бузулуп, канаттары калдалактап отуруп, тоо бетине араңдан зорго конот. Катуу конгондо мотору жулунуп, коктунун ичине томолонуп кетиптир. Учкучтун бети-башы айрылып жарадар болот. Айланта тоо, кайкып учкан куштан башка тирүү жан жок, бирди-жарым киши катташы күмөн бийик жер. Айлалары кетип, эмне кыларын билбей отурушса, кайдан-жайдандыр бир бала ат менен жетип келет. Өспүрүм бала алыстан самолёттун кулаганын байкап, чаап жөнөсө керек. Учкучту атка мингизишип, боз үйгө алып келишет. Үйдөн 40тар чамасындагы аял чыгат да, кыргыздын салты боюнча учкучтун башынан суу тегеретип чачып, бармагы менен апаптап ырымдайт. Анан кымызын, тамагын берип чебелектейт. Бир аз эс алгандан кийин Мирсаид Мирхамидович:”Биздин дайныбыз чыкпай калса, санааркашар, медсестра экөөбүз кетели”, – дейт. “Беш-алты саат жол жүрсөңөр Токмокко чыгасыңар, бир атка экөөңөр минип алгыла, уулум жөө басып алат”, – дейт аял. Көрсө, алардын мындан башка аты жок экен. Балам кичине, жол узак, кайра кантип келет деп эч кыйылбай туруп, дарыгерлерди шарт аттандырып жиберет.

Атактуу дарыгер ал аялдын, өспүрүм баланын жакшылыгын өмүр бою унутпай келатканын айткан. Ошондо кыргыздардын даалдаган кең пейил, жардам берейин дегенде эт-бетинен кетип турган ушундай касиетин кийинки муундар төгүлтпөй-чачылтпай улап кетсе деген тилегин билдирген эле чын жүрөгүнөн. Баса, Мирсаид Мирхамидовичтин чоң апасы кыргыз кызы болгон.

Эркин Мамадалиевдин Бүбүсара Бейшеналиевадан качканы

Эркин Мамадалиев “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинде көп жыл фотокорреспондент болуп иштеген. Көп кызыктуу окуяларды башынан өткөргөн. Ошолордон бир шиңгил:

– Жаным тынбай темселеп иштейм. Өзүм деги ушундаймын. «Советтик Кыргызстанда» иштеген кезимде бүгүн Ошко учуп кетип, эртеси сүрөттү даяр кылып жетип келчү элем. Бир жолу гезиттин маданият бөлүмүнүн башчысы Эгиналиев “сени Бейшеналиева күтүп атат, чакырып атат» дейт. Тызылдап жөнөдүм. Айткан эшикти ача койсом эле бир жылаңач аял ары карап отурат. Чочуп кетип качып баратам. Артыман эшик ачылып, «Ай жигит, кел», – деген үн чыкты. «Балетти көргөн жок белең», – дейт. Ыңгайсызданып туруп калдым. Балеринанын бий кийими мага жылаңачтай көрсөтүптүр. Ушул тарткан сүрөтүмдү жоготуп жибердим, уурдап кетишти. Бүбүсара эже мени көргөндө «бу жигит экөөбүз абдан доспуз» деп жылмайып калчу.

Курман Кыдырбаева – “Кызыл Кыргызстандын кызы”

Курман эже «Кызыл Кыргызстанда» (азыркы «Кыргыз Туусу») 1935-1940-1941-жылдарда бөлүмдү жетектеп эмгектенген. Кыргыз педтехникумун, СССР Борбордук Аткаруу комитетинин алдындагы стенография боюнча педагогикалык курсту, Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн билимдүү кыздардан болгон.

– Мен келгенде гезитте бир да аялзаты жок эле, – деп айтып берди эле “Кыргыз Туусунун” 75 жылдыгында. – Секретариатта стенографистка болуп иштей баштадым. Кабарчылар жер-жерлерден телефон аркылуу кабар, жаңылыктарды берет. Аларды телефондон тез жазып алып, машинкага бастырам же өзүм басам. Ал материалдар гезитке чыкчу. Эми ал кездеги гезиттин түйшүгү эбегейсиз оор эле. Согуш жылдары эки күндөп да гезит чыкпай калчу. Баары кол менен терилип, кол менен иштелет. Таң атканча иштеп, далай мээнет менен чыгарар элек. Сегиз бет гезит аягында төрт бетке түшкөн.

Республикадагы саналуу стенографисткалардын бири болгондуктан, К.Кыдырбаеванын таалайына алп манасчылар Ш.Ырысмендеев, С.Каралаев, М.Мусулманкулов, Б.Сазановдун айтуусунда «Манасты» жазып алуу туш келгенин да айта кетүү зарыл. Өкүнүчтүүсү энциклопедияда “К.Кыдырбаева «Шапак Ырысмендеевден жазып алган» деп гана киргизилип калган. Чындыгында бул эң азы, ал эми жогорку манасчылардын көл дайрадай толкуп айткандарын бүт стенографиялап жазып, машинкага басып, опол тоодой эмгек өтөгөн Курман Кыдырбаева болгон. Тилекке каршы, «Манастын 1000» жылдыгында деле бул эскерилген, айтылган эмес…

Курман эжеге кан күйгөн согушта Мекенин коргоп жүрүшкөн кыргыздын аттын кашкасындай таанымал көрүнүктүү уулдары: акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, илимпоздор «Курман, Курманжан, Курмаш, Кукеш, Кумаш» деп өзгөчө бир урмат менен кайрылып кат жазышкан. Алар өз үйбүлөсүнө караганда эмне үчүн ага көп кат жазышкан? Себеби, Курман Кыдырбаеванын билимдүүлүгүнөн, гезитте иштеп эл-жердеги жаңылыктар менен көбүрөөк кабардар болгонунан, адамгерчиликтүүлүгүнөн, кайра катка жооп жазарын билишкенден улам чыгармаларын гезит-журналга жибериши, катты жакшы жаза албаган туугандарынан кабар алышы үчүн ага ишенип жазышчу экен.Ушундай каттардын бирөөсү:

«Кукеш! Мен аман-эсен бармын. Сага да ушундай бекем ден соолук, узун өмүр, таалайлуу турмуш тилейм! Ушул ырды (о контуженном киргизе герое) журналга жиберемин. Кайсы санда менин кандай ырым чыкканы жөнүндө жазып тур, Кукеш. Аалыкеме салам де. Кат жаз».

Агаң Темиркул. 29.1.44-ж.

Бул катты акын Темиркул Үмөталиев жазган экен.

Бермет МАТКЕРИМОВА, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер