13-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 13-июнда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32;

Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;

Нарын аймагында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Ал эми, Бишкек шаарында 13-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз жамгыр жаап, күн күрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16°, күндүз +28…+30 градус көтөрүлөт.