Жаш мугалимди жакалаганды коюп, жалпыбыз колдошубуз керек

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Жакында 23 жаштагы мугалим Бактыгүл Жапар кызынын “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин алышын айрымдар интернетте кызуу талкуулап ызылдатып жиберишти. “Кыргыз Туусу” гезитинин өткөн санында (№78) баяндамачыбыз Болотбек Таштаналиевдин “Мамлекеттик наам-сыйлыктар: Эмгек өз убагында бааланышы керек” аттуу макаласында бул туурасында жетишерлик сөз болду. Төмөндө маселени башка өңүттөн карап көрүүгө, тагыраагы мектептерге жаш мугалимдерди тартуу жана аларды колдоо мамлекеттин билим берүү багытындагы артыкчылыктуу саясаты экендигине токтолобуз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 2265 мектебинде 74,8 миң эжейагайларыбыз эмгектенет. Чындап келсе алардын ар биринин эмгегин кандай айтсаң да, кандай мактасаң да жарашат.

Маданияттуу, илим-билимдүү коомдо депутат же кайсы бир аттуу-баштуу чиновник эмес, эң биринчи мугалимдин статусу биринчи орунда турат. Өкүнүчтүүсү эгемендик жылдарында эң аз айлык алган, кадыр-баркы төмөн кесип, ушул – мугалимдик кесип болгонун ачык эле айтсак болот. Өлкө бюджетинин өп-чаптыгына карабастан Өкмөт быйылкы жылы мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөргөндүгү, алардын эмгеги бааланып, татыктуу айлык алсын деген эле аракет.

Ал эми жаш мугалим Бактыгүл Жапар кызына берилген, коомчулукта бири жактырып, бири сүйүңкүрөбөй кабыл алган “Билим берүүнүн мыктысы” наамына келсек аны ыйгаруунун шарттары бар экен. Анда көп жылдык эмгек стажысы талап кылынат деп жүрөт. Бирок, Ош шаарындагы №50 мектептин жигердүү мугалими Бактыгүл Жапар кызы буга чейин эки жолу “Жылдын мыкты мугалими” наамын алыптыр. “Билим берүүнүн мыктысы” наамын алышына ушул ийгиликтери себеп болуптур.

Жаштыгына карабастан ийгилик жараткан мугалимдерди керек болсо мамлекеттик деңгээлде колдоо зарыл. Анткени бул учур саясаты. Ошондой эле мыкты мугалимди өзгөчө бөлүп көрсөтүү, аны коомчулукка алып чыгуу дүйнөлүк практика. Алсак, 21 жаштагы Андрей Гарифзянов деген жаш мугалим 2010-жылы Россиянын “Жылдын мугалими” деген наамын алган. Мындай фактылар толтура.

Айталы дегенибиз, бүгүнкү күндө мектептерде жаш мугалимдер жетишпейт. Тагыраагы, 2019-2020 окуу жылында 2 миңге жакын вакансия сакталып калган. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги бюджеттен окуган 1,5 миң жогорку окуу жайларын бүтүргөн жаш мугалимдерди мектептерге жибере тургандыгын билдирген. Бул туура жана кечиктирилгис кадам. Анткени агайэжейлерибиз улгайып баратат, ошондуктан мектептерге жаш мугалимдердин барышы аба-суудай зарыл болуп турган чагы.

Кошумчалай кетсек жаш мугалимдерди мектепке тартуу маселеси көптөн бери козголуп келет. Бул багытта “Жаш мугалимдин депозити” аталган программа да сунушталган. Бирок, каражаттын жетишпегендигинен бул программанын токтоп калгандыгын министр К.Исаев парламентте да айтып чыккан. Жакшысы бардык жерде эле токтоп калбаптыр. Бишкек шаарында бул программа боюнча 301 мугалим иштеп жатканын, алар үч жылдан кийин ар бири 90 миң сомдон ала тургандыгын өткөндө жазгамын.

Дүйнө өзгөрүүдө, интернет технологиясынын заманы күн сайын тири укмуштарды жашоо-турмушубузга киргизип жатат. Ага жараша илим-билимдүү коому бар мамлекеттер ат чабым озуп кетишти. Андыктан келечек муундарды заман талабына жооп бергендей деңгээлде мектептен баштап даярдоо, мамлекеттин кечиктирилгис милдети. Ушул жагынан алганда мектептерди даярдыгы мыкты, идеяга бай, учур талабына жооп бере алган жаш мугалимдер менен камсыздоо билим берүү багытындагы көйгөйлүү маселелердин бири. Буга бир гана Билим берүү жана илим министрлиги эмес, аймактардагы тиешелүү мамлекеттик органдар толугу менен жооптуу (айыл өкмөттөрү, мэрия, акимчиликтер). Себеп дегенде жаш мугалимди жер-жерлерде кармап калуу, аларга камкордук көрүү, колдоо көрсөтүү жалпы аракетти талап кылган, олуттуу социалдык маселе.

Андыктан Бактыгүл Жапар кызы өңдүү жаш мугалимдерге “кечээ келип, бүгүн наам алды” деп керексиз сөздөрдү айтып ызылдабай, тескерисинче кол чабышыбыз керек. Кеп наамда эмес, жаштарыбыздын жалындуу иштеп жатканында. Анын үстүнө мындай кадам жаш мугалимдерге ишеним жаратып, кандайдыр бир деңгээлде стимул да болоору шексиз.