Достук айылындагы мушташ… Арыз үстүнө арыз жазган Сокулук…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргызда “Үйүндө ууртам айран жок, кызынын аты Жууратбек” деген макал бар. Ушул макал Чүй облусундагы Достук айылына дал келчүдөй. Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы Достук (Дружба) айылынын тургундарынын ортосунда мушташ болуп, 31жаштагы Д.Р. жана 30 жаштагы Б.О. көп сандаган жаракат алып жана баш мээлери чайкалып, Чүй облустук бириккен оорукананын травматология бөлүмүнө түшкөнүн билдирди. Окуя 28-сентябрда болгон. Факт КЖБРга КР ККнын 266-беренеси (зөөкүрдүк) менен катталган.

Жабыркагандар арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышып, Достук айылынын бир нече тургундарына карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. Алардын билдирүүсүнө караганда, эки тараптын ортосунда кайым айтышуу болуп, акыйнектин арты мушташка айланган. Милиция окуя болгон жерге барып, териштирүү иштери башталды.

Акыркы мезгилде айыл жергесинде да, айрыкча шаарларда, анын ичинде Бишкекте бейбаштык, зөөкүрдүк кадыресе көрүнүшкө айланды. Каны кызуу жаштардын муштумдары эле кычышып, ар кимге жөөлөнүп, тийишкиси эле келип турат өңдөнөт.

2-октябрда Биринчи май РИИБне борбор калаанын тургуну Б.Ж. арыз менен кайрылып, кечки саат 20.30дар чамасында “Золотой теленок” бильярд клубунун жанынан белгисиз экөө уруп кеткенин билдирген. Факт КЖБРга катталып, КР ККнын 266-беренеси (зөөкүрдүк) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Биринчи май РИИБнин кызматкерлери шектүүлөрдү кармап, алар 1998-жылы туулган А.Э. жана 1997-жылы туулган Б.Б.лар болуп чыгышкан. Учурда экөө Бишкек ШИИБнин убактылуу кармалуучу жайында жатат.

Мына ушундай. Зөөкүрдүк иштерге он гүлүнүн бири ачылбаган, турмуш деген эмне экенин али билбеген, 20-22 жаштагы каны суюк балдар барууда. Сыягы, алар башка бирөөнү сабап, жарым жан кылып койгондуктарын баатырдык катары эсептешет өңдөнөт. Болбосо, мындай мыкаачылык иштерге эмнеге барат? Эмнеге кутурат? Акыры келип, “бул балдарда ата-эне барбы, эгер болсо балдарынын мушташып, зөөкүрдүк кылып, ар кимдерди уруп-сабап жүргөнүн, башка бирөөлөргө бейкүнөө эле денесине залакат кылып жүргөнүн билбейби?” деген мыйзамдуу суроолор жаралат.

Азыркы окуяны айтсак, оозуңуз андан бетер ачылат. 19-сентябрда Сокулук РИИБине Бишкек шаарынын тургуну Гүлмира аттуу аял 2019-жылдын май айынан бери анын жакын тууганын жана дагы эки белгисиз аялды Сокулук айылындагы үйлөрдүн биринде кулчулукта кармап жатканын айтып, арыз менен кайрылган.

Милиция көрсөтүлгөн дарекке барып, үч аялды табышкан, бири чынжыр менен байлануу болгон. Бул факт КЖБРга 172-берене (“мыйзамсыз эркинен ажыратуу”) катталган.

Милиция кызматкерлери чынжыр менен байланган аялдын бир тууганын сурашканда, ал аны өзү байлаганын, бул тууралуу үй ээлери билбей турганын, бир тууганы психикалык жактан жабыркагандыктан үйдөн улам-улам кача берерин айткан.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү факт болгон жерге чыгып, окуяны териштире келгенде, аталган даректе үй ээлери жана алардын балдарынан тышкары үч аял жашары аныкталган. Алардын бири өзүнүн үйү жок болгондуктан, ошол үйдө жашап, жашаганы жана ичкен-жеген тамагы үчүн үй ээле-рине жардам бергенин билдирген. Милиция кызматкерлери чынжырга байланганын байкаган аял психикалык оорудан жабыркагандыктан, бир тууганы үй ээсинен суранып, алардын үйүндө жүрө туруусун, үйдө жашагандардын жана балдардын өмүрү, ден соолугунан коопсузданып, аны чынжырга байлап коюусун суранган имиш. Учурда психикалык оорукчан аял Чым-Коргон айылындагы психиатриялык ооруканада экен. Үчүнчүсү төрт баланын энеси эки жашы жете элек баласы менен сөз болгон үйгө келип жашап калып, жашаган жери жана жеген-ичкени үчүн чарба жумуштарына жардам берейин деп өзү суранган имиш. Улуу баласы Алайда калып, кызы үй ээсинин бир тууганынын үйүндө үй тирилигине жардам берет экен. Аял күйөөсү ура турганын, үйүнө кайрылып баргысы келбей турганын айткан. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, милиция органдарына кайрылган киши мына ушул аялдын тууганы. Ал тууганын беш ай издеп, акыры аталган даректен тапкан.

Суракта алайлык аял үй ээсин күнөөлөгөн эмес. Социалдык коргоо башкармалыгы аялдын балдарын «SOS кыштакка» жайгаштырууну сунушташкан, бирок энеси жана аны таап келген тууганы макул болушпай койгон. Эки бала катталган дареги боюнча Алай районуна жиберилген.

Өз кезегинде үй ээси жана курбусу ЖМКга анык эмес маалымат бергени үчүн ИИБга кайрылган кишинин үстүнөн арыз жазып, алардын жарандык укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Биз бул окуяга эч кандай комментарий бергибиз келбейт. Турмушта жөнөкөй акылэске кирип чыкпаган окуялар болуп жатканы сөзсүз ойлондурбай койбойт.

Бул окуялардын жанында Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын начальниги өзүнүн кол астында иштеген кызматкерлерден кылмыш ишин объективдүү иликтөөнү тапшырса, алар ага жооп кылып, анын үстүнөн жетекчиликке арызданганы суу кечпей калат. Сырттан караган адамга, жоон топ тергөөчүнүн өз начальнигине карата арызданганы жетекчиликте күнөө бардай таасир калтырат. Арийне, Чүй ОИИБнин тергөө кызматы ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы менен бирдикте кызматтык иликтөө жүргүзө келгенде тергөөчүлөргө карата жарандардан көптөгөн даттануулар түшкөнү белгилүү болгон. Тергөөчүлөрдүн нааразылыгы тергөө кызматынын начальниги алардан жер маселелерине байланышкан кылмыш иштерин объективдүү жана сапаттуу иликтөөнү талап кылгандыктан улам келип чыккан.

Көрсө, кээде ушинтип укук коргоо органдарында алкеш-чалкеш окуялар болуп, укук коргоочулар, анын ичинде начальниктер өздөрү да укугун коргоого, акыйкатка муктаж болот тура.