Соттордун соктурмаларынан: «Билип туруп, сууга…» дечү беле

Аскарбек НАСИРДИНОВ, “Кыргыз Туусу”


Ооба, ошондой эле болду. Болбосо бакыйган үч судья отуруп алып, ушундай калпыс өкүм чыгарат десе ким ишенет. Же бир карапайым чала сабат юрист болбосо алар. Үчөө тең тажрыйбалуу, “алчы таасын жеп калгандардан”. Же чын эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аныктамасында белгиленгендей, бул өкүм кандай да болсо айыпталуучуну соттоо үчүн чыгарылгандай. Жалпыга түшүнүктүү болуш үчүн толугураак токтолгонубуз туура болчудай.

Анда эмесе сөз башынан болсун. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 29-майындагы өкүмү менен Жамангулов Э.Ж. аракетинде Кыргыз Республикасынын КЖКнын 304, 315-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу акталган. Ага 2011-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында тергөөчү болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды жана кызматтык жасалмачылык жасады деген айыптар коюлган болчу.

Сот адилеттигине көзү жетип, өзүнүн күнөөсүз экенине ынанган Эмилдин кубанычы көпкө деле созулган жок. Көргөндөн көрө элегиң көп демекчи, кызыктын баары Бишкек шаардык сотунда болду. Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 7-сентябрындагы аныктамасы менен Биринчи май райондук сотунун актоо өкүмү жокко чыгарылды. Ал аз келгенсип ошол эле күнкү өкүм менен Э. Жамангулов КРнын КЖКнын 315-беренеси менен кайрадан акталып, ал эми КРнын КЖКнын 304-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча күнөөлүү деп табылып, ал турсун жазага да кириптер болду.

Ошентип айыптоо өкүмүн чыгарган тажрыйбалуу судьялар Момуналиев А., Аккозуев Т., Эсенбаев Н. соттолуучу Э.Жамангулов жасады деп айып тагылып жаткан кылмыш мындан алты жыл мурун болгонун, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткенин уруп да коюшкан жок. Алар КРнын КЖКнын 12-беренесинде көрсөтүлгөндөй айып тагылып жаткан кылмыштын курамы анчалык оор эмес кылмыштарга кире тургандыгын, КРнын КЖКнын 67-беренесине ылайык анчалык оор эмес кылмыш жасалган күндөн тартып арадан үч жыл өтсө айыпкер сот жообунан бошотуларын да элес алышпады. Соттош эле керек болсо, мынакей деп соттоп салышты. Ал аз келгенсип аталган өкүм менен жалпысынан Э.Жамангуловго 400 000 сом айып салынды. Жабырлануучу У. Кадыровдун пайдасына Э. Жамангуловдон 177 250 сом өндүрүлгөн. Ал эми Шадыканова Ж. баш болгон 16 жабырлануучуга 1 200 000 сом жана 1675 евро өндүрүп беришкен. Ошентип Эмил таламандын чак түшүндө мойнуна кайнак суу куюлгандай эле болду.

Кайдыгерликпи же атайылагандыкпы

Айтор, мындайда эмне дээриңди да билбейсиң. Шаардык соттун бакыйган соттору балп эттирип, мыйзамды көзгө илбей, тескери өкүм чыгарып жатышса. Аргасыздан булар бирөөнүн суранычын аткарыштыбы же өз иштерине кайдыгерлик кылыштыбы деген бүдөмүк ойго туштугуп, айтор түшүнбөй да калат экенсиң. Мейли, соттолуучуну күнөөлүү деп табуу алардын укугу. Бирок мыйзамдуу талапты аткарбастан жаза чектеп койгондору бери дегенде эле аша чапкандык эмеспи.

Албетте, шаардык соттун чыгарган өкүмүнө Жогорку сот гана баа бере алат. Соттолгон жарандын жазган көзөмөл даттануусун Жогорку сот карап, өз баасын берди. Анда Жогорку соттун 2017-жылдын 20-декабрындагы аныктамасында келтирилген жүйөөлөрдүн айрымдарына токтоло кетели.

Жогорку сотттун аныктамасында белгиленгендей соттук коллегия кылмыш ишинин материалдарын бардык коюлган айыптар боюнча толук иликтебей, өздөрүнө керектүү болгон гана далилдерге бир жактуу жана тандалма карашып, соттолуучуну жазага тартуу зарыл деген тыянак чыгарышкан. Ал эми 1 200 000 сом жана 1675 евро өндүрүлгөн эпизодго токтоло турган болсок, апелляциялык сот жабырлануучуларга келтирилген аталган материалдык чыгым А.Адылов менен Ы.Сулаймановдун алдамчылык аракеттеринин натыйжасында келтирилгенине маани беришкен эмес. Анан калса, С.Ахматованын үйүнөн алынган акчалар аталган кылмышка тиешеси жоктугу далилденгенине да көңүл бурушпаган.

Жок дегенде ушул кылмыш иши боюнча келтирилген материалдык чыгымды Биринчи май райондук сотунун 2014-жылдын 1-августундагы өкүмү менен 11 жабырлануучунун жарандык доосу канааттандырылганына, материалдык чыгым төлөп берилгендиктен жабырлануучулар тосмо арыз бергендиктерине байланыштуу А.Адылов жана Ы.Сулаймановдун кылмыш иштери өндүрүштөн кыскартылгандыктарына назар салып коюшпайбы десең. Ошого карабастан экинчи инстанциядагы сот жарандык доону мыйзамсыз негизде канааттандырган.

Ал эми У.Кадыровго өндүрүлгөн 177 250 сомдын таржымалы болсо күлкү келерлик. Свердлов райондук сотунун 2012-жылдын 28-мартындагы чечими менен У.Кадыровдун К.Акаевге болгон доо арызы канааттандырылып, 177 250 сом У.Кадыровдун пайдасына өндүрүлгөн. Бул тууралуу далилдер ишке тиркелип турганына, соттолуучунун айтканына карабастан У.Кадыровдун пайдасына дагы бир жолу аталган акчаны өндүрүп бергенине кантип таң калбайсың. Же кайдан кулак чыгарса, казанчынын өз эрки дегени ушулбу.

Апелляциялык соттун соттолуучуга карата кандай көз карашы бар экени бизге белгисиз. Бирок ушундай калпыс өкүм чыгарарда Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, эгерде сот жообуна тартуу мөөнөтү өткөн болсо, соттолуучу күнөөсүн мойнуна албаса, кылмыш ишин кароо аягына чыгарылып, күнөөлүү деп табылса, айыптоо өкүмү чыгарылат жана соттолуучу жазадан бошотулат деген талапка көңүл буруп коюшса эмне болмок.

Сократ мага дос эмес…

Адатта Жогорку сотто же деги эле соттук отурумдарда прокурордун соттолуучунун өтүнүчүн колдогону сейрек көрүнүш. Бирок бул жолу көзөмөл даттанууну караган соттук отурумга катышкан айыптоочу да апелляциялык соттун чыгарган өкүмү мыйзамсыз экенин белгилеп, соттолуучунун даттануусун толук колдоду. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2017-жылдын 20-декабрындагы аныктамасы менен Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 7-сентябрындагы Э.Жамангуловго карата чыгарган аныктамасын жана өкүмүн жокко чыгарып, ишти башка курамда кароо үчүн ошол эле сотко кайтарды. Чындыктын жолу катаал дегени ушул эмеспи.

Албетте, Жогорку сот калыс баасын берди деңизчи. Бирок, кеп башкада болуп жатпайбы. Ушунчалык убарага салып, атайылагансып мыйзамсыз өкүм чыгарып, адам тагдыры менен ойногонго, аны түйшүккө салганга Бишкек шаардык сотунун аталган судьяларына эмне зарылдык келди экен. Же алардын соттолуучуга карата өзгөчө мамилеси бар беле. Же сырттан туруп кызыкдар болгондор бар беле. Анан калса, мындай калпыс өкүм чыгарганы үчүн аталган коллегия мүчөлөрүнө да тиешелүү шыбага берилеби же ушул бойдон калып кетеби, айтор айтуу кыйын. Арабызда бул сыяктуу калыстыктан тайган, кайдыгерликке туш болгон тагдырлар канча экенин ким билет?