Айыл чарбанын алдыңкылары мейманда

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


15-17-октябрь күндөрү Бишкек шаарында Нидерланддар королдугунун соода миссиясынын алкагында голландиялык жана кыргыз айыл чарба ишкерлеринин ортосунда тегерек стол жана В2В кездешүүлөрү өткөрүлдү. Аларга 50дөн ашык айыл чарба ишкерлери жана 15 голландиялык компаниянын айыл чарба тармагындагы өкүлдөрү катышты.

Бул жолугушуунун негизги максаты кыргыз фермерлерин жана айыл чарба мекемелерин голландиялык компаниялар тарабынан сунушталган заманбап технологиялар жана продукциялар менен тааныштыруу. Программа өзүнө мөмө-жемиштерди сактоо, күнөскана сектору, картөшкө өндүрүү жана кайра иштетүү, тамак-аш, ун өнөр жайы, сүт мал чарбачылыгы, эт, балык, мөмө, тоют өндүрүү, канаттуулар чарбасынын продукциясын экспорттоо маселелерин камтыйт.

Мраморное айылынан келгенин айткан фермер Акылбек Шерматов 12 жылдан бери 500 тоннага чейин капуста өстүрүп, аны экспорттоп келе жатканын айтат. Анын белгилешинче, бул иш чарадан ишкердигин дагы да кеңейтүүгө жолдорду караштырып келген. Аталган соода миссиясы Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы Нидерланд элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын кызматташтыгы менен уюштурулган.

Голландиядан келип, Кыргызстанга 10 жылдын ичинде 3 млн. евродон ашык инвестиция салганын айткан “Нейчер про» компаниясынын директору Майк Лунд: «Кыргызстанда жумуртка, тоок этин өндүргөн 3 миңдей фермер менен иштешебиз. Аларга сапаттуу продукцияларды сунуштап келебиз. Кыргызстанда айыл чарба тармагынын өнүгүү потенциалын көрүп жатабыз. Анын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп калсак деген оюбуз бар. Биз фермерлер менен дыйкандардын ортосундагы чынжырчада турабыз. Дыйкандардан жүгөрү жана башка продукцияларды алып, аны кайра иштетип, фермерлерге сунуштайбыз”, – деп билдирди.

Айыл чарбадагы голландиялык технологиялар эксперттер тарабынан заманбап жана талапка ылайыктуу деп таанылат. Бул нидерланддардын агро сектор тармагында дүйнөлүк лидер болуусуна көмөктөшөт. Учурда аталган өлкө айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ал эми өсүмдүк өстүрүү боюнча лидер болуп саналат.

Соода-өнөр жай палатасынын Чүй облусу боюнча өкүлү Бактияр Абылкасымов: “Бул иш чарага айыл чарба жана мөмө-жемиш өстүргөн сегиз фермерди алып келдик. Мисалы бул жакта 15 компания бар экен. Алардын ичинен муздаткыч орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жасап жатабыз. Андан тышкары офиси Алматыда болгон дагы бир компания менен минералдык жер семирткичтерди алуу боюнча кызматташтык жүргүзүүнү пландап жатабыз”, – деди.

2019-жылдын Соода миссиясында Голландиянын ири компаниялары катышат, алардын ичинде: Celting Cooling – жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди сактагычтар, долбоорлоо, өндүрүү жана өткөзүү; Daslem – күнөскана сектору, жогорку технологиялык күнөскана комплекстери; Farm Frites – картөшкөнү кайра иштеүү жана өндүрүү; Geerlofs Refrigeration – Питер Ян Роббемонт, жер-жемиш жана мөмөжемиштерди сактагычтар, муздаткычтар тармагындагы тейлөөнүн толук комплекси; “Грейн Ингрединт” ЖЧКсы – тамак-аш жана ун өнөр-жайы, ферменттик дары-дармектер, витаминдер, нутрицевтика ж.б.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында бул иш чара экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин мындай жолугушуу 2013-жылы фермерлерге жакшы мүмкүндүк түзгөн.

– Жолугушууларда эң негизгиси ишкерлер өз бизнесин жүргүзүү үчүн тажрыйба алмашып, ишкердигине жаңы көз караштарды киргизип кетишет деген ойдомун. Маселен, мурдагы жолугушуудан бир катар голландиялык ишкерлерден бул жакта мыйзамдар либералдуу экенин белгилеп, иш жүргүзүүгө калгандары бар. Учурда булар бизден бал, төө буурчак жана башка продукцияларды алып кетип жатышат. Анткен менен булардан биз күнөскана иштетүү боюнча көп тажрыйба алдык. Булар гүл өстүрүү боюнча алдыңкы орунда эмеспи. Мына ушул жаатта иштер биздин өлкөдө да жүргүзүлүп жатат. Башкача айтканда кызматташтык өзүнүн пайдасын тийгизип жатат десек болот. Учурда жашыл экономиканы өндүрүү боюнча пландарыбыз бар. Бул багытта Нидерланддар да көптөн бери иш жүргүзүп келишет, – деди Ж.Керималиев.

Белгилей кетсек, Нидерланддардын калкы 17 млн. Булардын гүл чарба сектору жылына 52 млрд. евро киреше алып келет. Жашылча-жемиштер – жылына 2,7 млрд. евро. Аталган өлкөнүн бул тараптагы дүйнө жүзү боюнча экспорту 15,5 млн. еврону түзөт.