Унаа салыгын төлөсөңүз болду, чаптаманын кажети жок

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында КРнын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жол кыймылынын эрежелерин жана унаа каражаттарын пайдаланууга берүү боюнча жобону жөнгө салуучу КРнын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду.

Алсак, башка өзгөрүүлөрдөн тышкары «4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө» атайын чаптамасын алуу милдеттенмеси жоюлду. Ошондой эле ЖКККББ кызматкерлеринен айдоочудан салык төлөө тууралуу дүмүрчөктү талап кылуу ыйгарым укугу алынып салынды. Бул реформа салык төлөөчүлөрдүн жашоосун кыйла жеңилдештирди. Анткени, салык кызматына ашыкча баруу процедурасы жоюлууда. Бул мамлекеттик бюджеттин каражаттарын үнөмдөөгө шарт түзөт. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жөнгө салууну тутумдуу талдоо» долбоорунун алкагында изилденген. Мында ошондой эле ЖКККББга таандык эмес ишмилдеттерди алып салуу жана керексиз процедураларды жоюу сунушталган. Ошондо эксперттердин эсептөөлөрү боюнча салык кызматынан атайын чаптаманы алуу процедурасын алып таштоо менен салык төлөөчүлөрдүн чыгымын үнөмдөө жылына 192 млн. сом жана 953 миң саатка чейин түзөт.