Футбол: Индия менен Кыргызстан командалары беттешет

Бүгүн, 13-июнда Индия менен Кыргызстандын футбол боюнча беттеши Индиянын Бенгалор шаарында өтөт.

Азия Кубогунун тандап алуу оюнунун алкагында өтө турган Индия-Кыргызстан беттешин япониялык калыстар тейлей турганы маалым болду.

Футбол федерациясы билдиргендей, ФИФА калысы Ямамото Юдаи аталган оюндун башкы калысы болот. Анын жардамчылары катары Наги Тошиюки жана Очи Шинжи болушмакчы. Резервдеги рефери кызматын Мальдив аралдарынын өкүлү Жавиз Мохамед аркалайт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча 20:30да башталат.