«Кыргыз-казак бир тууган»

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен 15-октябрда Борбор шаарыбыздагы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Кыргыз-казак бир тууган» урааны астында үч маселени камтыган чоң жыйын болуп өттү.

Жыйын боордош казак элинин улуу акыны жана ойчулу Абай Кунанбай уулунун кыргыз тилинде жарык көргөн «Өлөң сөздүн падышасы» аттуу ыр жыйнагынын тушоо кесүү аземи менен башталды. Жыйындын алып баруучусу, университеттин проректору, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан Тиллебаев аземди ачуу ырасымын Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисовго ыйгарып жатып, Кыргызстанга келген жаңы элчинин коомчулук менен биринчи жолугушуусу өлкөдө жогору билим берүүнүн алгачкы ордосу болгон улуттук университетте башталганы кыргызказак ынтымагы үчүн символикалык жөрөлгө, жамаат үчүн сыймык экендигин белгилеп өттү.

– Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен 2020-жылы казактын улуу акыны жана жалпы чыгыш элдерине орток инсан Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгы белгиленет. Улуу ойчулдун юбилейи ЮНЕСКО менен ТҮРКСОЙ уюмдарынын алкагында өтмөкчү. Ушуга байланыштуу Казакстандын элчилигинин колдоосу менен Абай Кунанбай уулунун тандалма ырларынын кыргыз тилиндеги котормосу «Өлөң сөздүн падышасы» деген аталышта жарык көрүп жатат, – деди К. Нурпеисов аземдин башталышында.

Элчи Абайдын ырларын кыргыз тилине совет доорунда которгон көрүнүктүү кыргыз акындары – Социалисттик Эмгектин Баатыры Аалы Токомбаевдин, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуевдин эмгектерин өзгөчө белгилеп, ошондой эле жыйнакта орчундуу орун берилген мурда которулбаган ырларды кыргыз элине таанытып отурган кийинки муундун, асыресе, азыркы жаш таланттуу акындардын аракеттери жакшы жышаан экенин атап өттү.

Иш-чараны Кыргыз улуттук университетинде уюштурууга кол кабыш кылган ушул окуу жайдын проректору Садык Тиллебаев өз кезегинде Абай Кунанбай уулунун чыгармалары кыргыз эли үчүн баалуу казына экенин белгилеп, алар «эки элге бирдей тиешелүү көркөм мурас» деп белгиледи. Ошону менен бирге мындай чыгармачылык жуурулушууну ак таңдай акындар Токтогул менен Жамбылга да айтсак болот, ал эми казак эли Аалы Токомбаевди да өз акыныбыз деп тааныган деп кошумчалады С. Алахан. «Аалы Токомбаев Абайдын ырларын 1930-жылдарда которуп басма сөзгө жарыялаган. А.Токомбаев Абайдын ырларынын соңку котормосун 1984-жылы жасаган. Ошондо Аалыкебиз Абакебизди 50 жылдан ашуун окуп, аны которгон да экен», — деди проректор. Оратор кийинки жылдардагы кыргыз-казак адабий байланыштарына да сереп салып өттү.

Өзүнө сөз кезеги берилгенде, Кыргыз Республикасынын эл акыны Гүлсайра Момунова 1944-жылы жеке китеп болуп чыккан Абай ырлары кыргыз акындарынын бир нече мууну сабак алган поэзия мектеби болгонуна токтолуп, казак эли жана Абай тууралуу ырларынан үзүндү окуп берди:

— Казагым, боорум, өзүмсүң,
Карегим-кара көзүмсүң.
Эмне десем жарашкан,
Куюлуп түшкөн сөзүмсүң.
Боорум деген кезиңден,
Бал тамган таттуу сөзүңдөн,
Ак көңүл барпаң казагым,
Айланып кетем өзүңдөн!

* * *

— Абайдай улуу Адам бар,
Ала-Тоодой караан бар.
Пенденин ою жетпеген,
Аскасы бийик даван бар.
Чыгышта ар бир акындын,
Устаты болуп калган бар.
Ойго бай, терең ырлардын,
Ордосу болуп калган бар.

Андан соң Гүлсайра эже демилге көтөрүп, ырчыларга кошулуп, Абайдын «Айттым салам, Каламкас» ырын аткарышты. Сүйгөнүнө жете албаган жигиттин муңу үмүткө айкалышкан бул сырдуу обон угармандардын көөдөнүндө көпкө калары анык. Абайдын «кулактан кирип, бойду алган, адамдын жанжүрөгүн жайлаган» ажайып обондорду жараткан композитордук таланты да болгон го.

* * *

Тегерек үстөлдүн катышуучуларынын Абай чыгармачылыгы тууралуу пикирлеринен кийин конференциянын өзөгүн түзгөн «Кыргыз-казак бир тууган» ураанынын алкагында ой-талкуу башталды. Кириш сөз элчиге берилди.

– Бүгүн Казакстан менен Кыргызстан үчүн олуттуу күн, мындайча айтканда, 1992-жылы 15-октябрда Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык карым-катнаш түзүлгөн. 1997-жылдын 8-апрелинде эки элдин мамлекет башчылары Алматы шаарында кол койгон «Түбөлүк достук» тууралуу шарт боордош элдерибиздин бир туугандыгын, достугун бекемдөөгө жол ачып берген. Биз ошол жол менен жүрүп келебиз, — деп К.Нурпеисов, тегерек үстөлдүн максаты – казак менен кыргыз элдеринин ынтымагын, ынак кошуналыгын чыңдоо, айрым тармактарда жаралып калчу көйгөйлөрдү биргелешип чечүү, сунуштарды берүү экендигин билдирди. Казакстандын тунгуч Президенти, Эл башчы Нурсултан Назарбаев эгемендиктин алгачкы жылдарынан баштап эле дүйнөдө бирине-бири «Казак менен кыргыздан жакын башка калк жок» экендигин дайыма айтып келе жатканын, Кыргызстандын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков ушундай астейдил тилек менен казак элине жылуу мамиледе экенин элчи баса белгиледи.

— Президент Касым-Жомарт Токаевдин Казакстандагы шайлоо өнөктүгүнөн кийин иш-сапары менен Кыргызстанга келүүсү биздин бекем карым-катнашыбызды тастыктады. Ал Шанхай кызматташтык уюму саммитинин алкагында Президент С. Жээнбеков менен өз ара жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да жогорулатуу боюнча пикирлешти, — деди элчи.

К.Нурпеисов казак менен кыргыз элинин байыртадан келе жаткан бир туугандык байланышына кыскача токтолуп, XIX кылымдын ортосунда агартуучу-окумуштуу Чокон Валихановдун «Манас» эпосун алгач ирет кагаз бетине түшүрүп, анын илимий өңүттө изилденүүсүнө багыт бергенин, ошондо улуу дастандын Европа элдерине таанылуусуна өбөлгө түзүлгөнүн белгилеп, андан кийинки Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовдун, Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун ортолорундагы чыгармачылык, жакын достук карым-катнаштарга токтолуп өттү.

— Көчмөн эл – казак менен кыргыздын кийиз үйү менен боз үйү адамзаттын асыл казынасы катары ЮНЕСКОнун тарыхый мурастарынын тизмесине бир номинацияда эки элдин атынан киргизилиши дүйнө элдерине казак менен кыргыздын бөлүнгүс бир эл экендигин айгинелеген мааниси чоң окуя болду.«Өсөр элдин баласы, бир-бирин баатыр дейт» демекчи, эзелтеден боордош, куда-сөөк болуп — кыз алышып, кыз беришкен, Ала-Тоонун күңгөйү менен тескейин катар жайлаган, Сары Өзөн Чүй менен толкуган Таластын мөлтүр суусун бирге ичкен – казак менен кыргыз кай заманда да ынтымак-ырашкерликте чогуу жашай бере турганына мен ишенем», — деди элчи.

Ой – талкуу андан кийин кыргыздын белгилүү публицист-калемгери, «Кыргызфильм» киностудиясынын башкы режиссери Баян Сарыгуловдун баянына жалгашты. Ал өзүнүн кыргыз-казак ынтымагын даңазалаган даректүү фильмди тартып жаткандыгын кабарлады. Кино өнөрүндө жаңы санариптик технологияны студияда өздөштүрүүгө салым кошуп жаткан Б. Сарыгулов: «Илимде ар нерсенин коду бар. Адам коду – тил, кыргыз менен казак коду бир», — деп жакында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн кыргыз-казак эл аралык айтышында болгон көрүнүшкө токтолду. «Залдагы көрөрмандар, кыргыз акындарынын төгүп айткан учкул сөздөрүнө кандай кошомат көргөзсө, казак акындарынын сөздөрүн да кыргыз тилиндей түшүнүп, кубаттап кол чаап жатышты. Мурда анча деле маани берген эмес экенмин, көрсө элдик тилибиз бирдей экен», — деди Б. Сарыгулов.

«Кыргыз-казак бир тууган» тегерегиндеги пикирлешүүдө жыйынга катышып отурган СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, Кыргызстандын эл артисти, «Манас» орденинин ээси Дарика Жалгасынова, тарыхчы-серепчи Жумагул Байдилдеев жана башка ораторлор да өз ойлорун кошушту. Д.Жалгасынова тиги 1939- жылдары кыргызказак искусство ишмерлери Москвага өнөр декадасына чакырылып жүргөндө театр артисттеринин ортосунда тыкыс байланыш түзүлүп, ал али күнчө үзүлбөй келе жатканын белгилеп өттү. — Ошол жылдары кыргыз драмалары Казакстанда, казактардыкы биздин республикабызда коюлуп турчу. Казактын “Кыз-Жибек» либреттосунун Кыргыз опера жана балет театрында коюлуусу маданият айдыңындагы зор табыш болгон деди, — ал.

Тарыхчы Ж. Байдилдеев архивдик материалдарга таянып, 1920-жылдары кыргыз жана казак мамлекеттерин түптөөгө катышкан чыгаан инсандар тууралуу эки китеп жазып бүткөнүн элге маалым кылды. «Ушул китептердин тушоо кесүүсү, бүгүнкү иш-чарадай Казакстан элчилигинин катышуусу менен жогорку деңгээлде өткөрүлсө жакшы болор эле. Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында өз алдынча эгемендүү мамлекет куруу идеясын көтөргөн, биригип «Алаш» партиясын түзгөн саясий ишмерлерибиздин аракеттери боордош элибиздин бирдиктүү келечеги үчүн үлгү», — деп Ж. Байдилдеев элчиликке сунушун билдирди.

Абай Кунанбай уулу тууралуу кеп болуп жаткан соң, Абайдын кыргыз элин, тилин жакшы билгендиги тууралуу Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу» романынан кыскача бир үзүндүнү кошумчалайлы. Абай өзүнөн кийинки жаш акындарга дайыма ыр чыгаруу боюнча таалим берип отурган. Бирде казактын кең талаасында жолоочу сапарда ат үстүндө бара жаткан Абайдын шакирттери ыр чыгарышып, айтышып калышат. «Төрттүк ыр» деп айтылчу айтыштын тартиби биринчи сабын бир акын, экинчисин башкасы, үчүнчүтөртүнчү сабын акыркысы жыйынтыктоосу керек. Магаш акын:

-Күз келдиби, баатырым, неге тоңдум? Акылбай акын:
— Тоңгонуң ырас, бозоруп түштөн оңдуң! Какитай акын:

-Бириң тоңуп, бириң оң жумушум жок, Оюна түк кирбейт го, Какитай чоңдун! Магаш менен Акылбай: «Казакта «шоң» деген сөз жок, сен жеңилдиң!» деп Какитайдын ызасын келтирет. Алар Ербол деген жанындагы өзүлөрүнөн жашы чоңураак акындан төрөлүк сурайт. Ербол төрөлүктү «Абай агабыз айтсын» деп, бардыгынын алдында өз алдынча бир топ киши менен кетип бара жаткан Абайга барыптыр. Ошондо Абай: «Мындай сөздү улуу жүз – үйсүн казактары айтат, бул өзү кыргыздын сөзү болушу мүмкүн. «Силерди тапкычтыгы менен Какитай жеңди!» дегенде, жаш акындардын бардыгы Абайдын сөзүнө токтоптур.

* * *

Иш-чаранын үчүнчү бөлүгүндө тегерек үстөлдүн катышуучуларына Президент Касым-Жомарт Токаевдин “Иштиктүү коомдук диалог – Казакстандын туруктуулугу менен өнүгүүсүнүн негизи” аттуу Казакстан калкына Кайрылуусу санариптик технологиянын жардамы менен тааныштырылды, ушундай эле Кайрылуунун кыргыз тилиндеги котормосунун бет ачары болду.

Кайрылуунун биринчи бөлүгү “Заман талабына ылайыктуу мамлекет” деп аталат. Мындан Казакстандын жаңы Президенти өлкөнү заман талаптарына ылайыкташтырууга аракет кылары байкалды. “Элибиздин коомдук-саясий турмушун жаңыртпай туруп, ийгиликтүү экономикалык реформаларды аткаруу мүмкүн эмес. Бул – биздин карманган башкы принцибибиз. «Күчтүү Президент – таасирдүү Парламент – отчет берчү Өкмөт». Бул максатка азырынча жеткенибиз жок. Ошондуктан, бул багытка бардык күч-жигерибизди жумшашыбыз зарыл. Бул саясий формула мамлекеттин туруктуулугунун негизи болуп саналат. Биздин жалпы милдетибиз — жарандардын бардык иштиктүү өтүнүч-тилектерин тез жана натыйжалуу карай турган «Эл үнүн уга турган мамлекет» концепциясын ишке ашыруу”- дейт Президент К.Токаев. Ошондой эле “Биз өлкөнү реформалоонун жаңы этабына кирдик. Биз коюлган милдеттерди сапаттуу аткарышыбыз керек. Биздин өлкөнүн ар бир жашоочусу оң өзгөрүүлөрдү сезиши керек. Мен мамлекеттик органдардан ишти тез аткарып, айкын көрсөткүчтөргө жетишүүнү талап кылам”, — деп айтылат кайрылууда.