Бейшен БОЛОТБЕКОВ, коомдук ишмер: «Ыйыгыбыз, кутубуз бирөө эле, ал – Кыргызстан»

Биз бул сапар Нарын, Талас облустарынын экс-губернатору, тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер Болотбеков Бейшен Болотбековичке өлкөдөгү урунттуу маселелер жөнүндө суроолорубуз менен кайрылдык. Мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин төмөнтөн жогору көздөй ырааттуу басып өтүп, мол тажрыйба жыйнаган бул инсан омоктуу ойлорун ортого салды.

– Бейшен мырза, өлкөдөгү коомдук, саясий абалга карата калыс бааңыз кандай?

– Ушул тапта өлкөбүздөгү коомдук-саясий абал турукташуу нугуна түшүп бара жатат деп айта алам. Калганын кой, коомдук турмушубуздагы жылдап уланып келген ыйкытыйкы мамиле өлкөбүздү үстүбүздөгү жылдын 7-8-август күндөрүндөгү окуяларга алып келип такабадыбы. Мурдагы президент жана анын тегерегиндегилер тарабынан өлкөбүздү дестабилдештирүү, керек болсо, элибизди жер-жерге бөлүү аракети жасалганына баарыбыз күбө болдук да. Жеке амбициясы күчөп отуруп, акылга сыйбаган ураандарды таштап, курал-жарак аралашкан аракеттерди жасоого далалат кылганы уят эле иш болду. Өзү жетектеген КСДП партиясынан аттанып чыккан, жалпы эл шайлаган Президент менен – легитимдүү бийлик менен тирешүүгө өтүшү ага эч аброй алып келген жок. Кудайга шүгүр дейли, кырдаалдан пайдалангысы келген айрым арам ойлуу күчтөрдүн мүдөөлөрү ишке ашкан жок.

Кимдин кандай дымагы болбосун, биз эгемендүү мамлекетибизди көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Биздин тутунган өлкөбүз, ыйыгыбыз, кутубуз бирөө эле, ал – Кыргызстан. Өлкөбүздөн, элибизден улук, ыйык эмнебиз бар?! Кимдир бирөөнүн жеке каалоосун, таарынычын, жорук-жосунун шылтоо кылып, куттуу мекенибиздин ынтымагына доо кетирүүнү ойлогон күчтөр да, көрсө жок эмес тура.

Өлкөнүн биримдиги, бүтүндүгү дегенде, ким да болсо, өзүнүн жеке амбицияларынан баш тартуусу шарт. Буга бир тууган өлкөлөрдүн соңку жаңы тарыхынан өрнөк келтирсек да болот. Кечээги эле 2016-жылдагы Түркиянын мисалын алалычы. Карабайсызбы, ошол төңкөрүш аракети башталар замат, бир мүнөт да кечикпей, өлкөнүн бардык күчтөрү, саясий көз караштары бири-бирине коошпогон коом, уюм, партиялар, эли-журт – баары биригип, мамлекетин сактап калышты го. Саясий элита, улут мына ушундай болушу керек!

– Бардык нерсе салыштыруудан улам билинет эмеспи. Айтыңызчы, тажрыйбалуу мамлекетчил инсан катары учурдагы бийлик менен Атамбаевдик эски бийликтин кандай айырмачылыктарын айтаар элеңиз?

– Албетте, учурдагы бийлик менен мурдагы режимдин айырмачылыктары бар. Маселен, эски режим тушунда сөз эркиндигинин мойнуна чалма ыргытылып, чындыкты жазган журналисттерге миллиондук айыптар салынганы белгилүү. Белгилүү журналисттер Нарын Айып, Уран Ботобековдун сот тарабынан миллиондогон доолорго жыгылганы, ал тургай, энелерине таандык үйлөрүнө да Атамбаевдин жасоолдору тарабынан камоого алынганы эч кимдин эсинен чыга электир. 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу адилеттүү пикирин жазган журналист Дайыр Орунбековдун мойнуна “Атамбаевдин аброюна шек келтирди” – деген жалаа менен миллиондор салынганы, “Вечерний Бишкек” басылмасына карата жасалган өкүм зордук жамы журтка белгилүү окуялардан эмеспи. “Элдик парламенттин” мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Садыр Жапаров баштаган бир катар саясатчыларга жалган жалаа жабылып, кылмыш иштери ойдон чыгарылып токулуп, ондогон саясатчылар саясий куугунтук менен оор жазаларды алып, камалып чыгышты. Айтор, мындай мисалдарды келтире берсек сөз улана берет. Азыркы бийлик учурунда, бул жагынан абал дурус нукка бурулуп, учурда сөз эркиндигине, журналисттерге карата мурдагы режим учурундагыдай одоно мамиле жасалган жок. Адилеттүүлүк үчүн бул жагын баса белгилеп айтып коюш керек.

Ошондой эле учурдагы бийликтин тушунда алыс-жакынкы өлкөлөр менен дипломатиялык алакаларыбыз туура нукка түшүп, тышкы саясатыбызда стратегиялык маселелер ырааттуу чечиле баштаганын, ошондон улам, кошуна өлкөлөр менен болгон мамилелерибиз жакшы жагына өнүгүп бараткандыгын белгилеп коюшубуз керек. Болбосо, кечээги бийлик тушунда алыскы өлкөлөрдү мындай кой, жакын коңшу, бир тууган өлкөлөрүбүздүн журт башчыларына Атамбаев өзүнө таандык лексикону менен заар, акаарат чачып турганы жалган беле? Бир эле мисал, коңшу Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевге карата айткан орунсуз сөздөрүнүн кесепетинен канчалаган ишкерлерибиз зыян тартты. Анан да, эгемендик алган 22 жылдын ичинде сырттан алган карызыбыздын өлчөмү 2,2 миллиард доллар болсо, ал эми Атамбаевдин 6 жылдык башкаруу доорунда сырттан келген карызыбыздын көлөмү 4,5 миллиард долларды чапчыды. Эң кейиштүүсү, ошол сырттан карызга алынган насыялар максатка ылайык пайдаланылган жок (Бишкек ЖЭБи, Датка Кемин, түндүктүштүк альтернативдүү жолу).

Дегеле, акыркы жылдарда бийлик бутактарына тажрыйбасыз, кесипкөй эмес, чала сабат, өң-тааныш адамдар кызматка тартылып турду. Тажрыйбалуу, кесипкөй кадрлардын жоктугунан эмес, өлкө жетекчилеринин андай адамдардын кадырын билбегендигинен ушундай болду. Ал турсун, тажрыйбалуу, мамлекетчил, кесипкөй кадрлар өгөйлөнүп, “бул Акаев менен, тигил Бакиев менен иштешкен” деген куру жалаа менен четке сүрүлдү. Көнүмүш адатка айланып кеткен бул кемчиликти азыркы бийлик тез аранын ичинде оңдошу керек деп ойлойм. Кары-жашына карабай, тажрыйбалуу, кесипкөй, мекенчил, таза адамдар кызматка тартылса, өлкөбүз өнүгүүнүн жолуна ыкчам түшөт эле. “Кадрлар баарын чечет” деген учкул сөз бүгүн да актуалдуу.

– Учурда өлкөбүздү аймактык ирилештирүү боюнча реформа тууралуу сөздөр болууда. Аймактык реформа тууралуу сөз болгондо сизден пикир сурабасак болчудай эмес. Дегеле, облустардагы өкмөт өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары кандай болушу зарыл?

– Бул маселе бүгүн эле көтөрүлө калган жок. Өз убагында административдикаймактык реформа боюнча бир катар комиссиялар иш алып барышкан. Ошол комиссияларда өзүм да мүчө болгом. Мында бир канча вариант бар. Бир вариант – шаарлардын тегерегиндеги райондорду шаарларга байлоо (12 аймакка бөлүү); экинчи вариант – облустук түзүмдөрдү сактап калып, айыл өкмөттөрдү ирилештирүү (мисалы: ЫсыкКөл облустук администрация жана 28 айыл өкмөт); үчүнчүсү – бүгүнкү күндөгүдөй кала турган болсо, өкүлчүлүк деген жарабайт. Бизге окшогон бийлик структурасы калыптанган системага келе элек өлкөлөргө күчтүү аткаруу бийлиги керек. Тагыраагы, бийликтин вертикалдуулугу абдан күчтүү болушу керек. Мисалы, Японияда көп каражат башкаруу системасына жумшалат. Маселе ошол жумшалган каражаттын кайтарымдуулугунда да.

Улам жаңылап, өзгөртө берүү дайыма эле оң натыйжа бере бербей тургандыгын көрдүк да. Алыс барбай эле коёлу, Казакстан, Өзбекстан баштаган коңшуларыбызда деле облустарды жоюп-нетпей эле, стабилдүү сактап келе жатышат. Кеп кандай иштегенинде…

– Бийликке сын айтуудан мурда баалуу сунуш киргизип, жол көрсөтүп, жардам берүү да негизги, маанилүү маселелерден экендиги талашсыз. Азыркы бийликке сиз бул жагынан кандай сунуштарды айтаар элеңиз?

– Өлкө үчүн, өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыгы менен экономикасы үчүн сунуштарды берүү жагынан ар бир тажрыйбалуу, мамлекетчил инсан эч качан качпайт деп ойлойм. Анын ичинде мен дагы мамлекетибиздин бутуна туруп, өнүгүп кетиши үчүн өз сунуштарымды айтканга даярмын. Тоо-кен тармагы боюнча айтсам, өндүрүлгөн алтын продукцияларын сырткы инвесторлор менен туура бөлүп (салык ансыз да түшөт), Кумтөрдүн мисалын Жер-Үй жана калган кен чыккан аймактарда кайталабашыбыз керек. Өзгөчө айыл чарба тармагы боюнча кайра иштетүүнү колго алып, асыл-тукум, үрөн чарбаларына басым жасоо зарыл. Энергетика боюнча чакан ГЭСтерге көңүл бурулбай жатат. Эмне үчүн Ширшовдон калган схема дале иштеп, 20 дан ашык ортомчу фирмалар өкмөттөн 70 тыйындан алып, элге 2 сом 16 тыйындан сатып жатышат. Айтар сөз көп, анын баарысын бул маекке сыйдырыш мүмкүн эмес. Кандай болбосун өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуу максатында сунуштарыбызды аябайбыз.

– Быйыл улуу инсаныбыз Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси зор салтанат менен белгиленгени турат. Залкар инсандын элесин эскерүү максатындагы уюштурулган иш-чаралар сизди канааттандырып жатабы? Ал кишинин замандашы, бир эсе жердеши катары бул жааттагы иштер тууралуу оюңуз кандай?

– Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Президенттин белгилүү коомдук, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевичтин 100 жылдыгын өткөрүү жөнүндө жарлыгы чыккан. Бул боюнча өкмөттүк комиссия 18 пункттан турган иш алып барууда. Ал пункттардын ичинде белгилүү коомдук ишмер Жумагул Сааданбековдун китеби чыкса, окумуштуу Осмонакун Ибраимовдун да басылмасы жарык көрүп, даректүү тасма тартылууда. Нарын облусунун борбордук аянтына Турдакун Усубалиевичтин аты берилип, ага удаа Аскар Салымбековдун жеке каражаты менен эстелиги тургузулууда. Бишкек шаардык кеңеши тарабынан борборубуздагы эски аянтка Турдакун Усубалиевичтин ысымы берилди. Мындан тышкары, өткөн жылы баш калаадагы Биринчи Май районуна Турдакун Усубалиевдин, Свердлов районуна Исхак Раззаковдун, Октябрь районуна Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү боюнча бир топ аттуу-баштуу инсандардын кайрылуусун жогорку бийликке сунуштагам. Бул тууралуу гезиттерге өз кезегинде да кеңири маек бергем. Чолпон-Ата шаарына жердеши Марат Исаков тарабынан эстелик-бюсту даяр болуп, орнотулганы турат. Т. Усубалиев атабыздын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча жарлык чыгарып, уюштуруу иштерин Президентибиз Сооронбай Шарипович өзү көзөмөлгө алып жаткандыгы үчүн жердештеринин жана жеке өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирмекчимин. Эми Усубалиев атабыз боюнча мааракелик иштер 6-ноябрь менен эле бүтүп калбайт. Алдыда да бул улуу инсан тууралуу эскерүүлөр улана бермекчи. Мындан тышкары кочкорлук жердештери тарабынан Турдакун атабыздын музейин, эстелигин орнотуу боюнча ишчаралар жасалууда.

– Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов өткөн бийликтин куру жалаасынын айынан мекенинен алыс жүрөт. Ал кишиге байланышкан иштердин айланасында оюңуз кандай?

– Мен биринчиден, Мелис Мырзакматовду жакындан тааныган, аны менен иштешкен адам катары, экинчиден кесиби куруучу, өлкөбүздүн Эмгек сиңирген куруучу наамына ээ, Госстройду 4 жыл жетектеген инсан катары айтайын. Оштогу эстакадалык көпүрө Мелис Мырзакматовдун өз оюнан чыгарган, же анын жеке каалоосуна байланыштуу келип чыккан маселе эмес болучу. Көпүрө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими, Госстройдун алдындагы Сейсмика институтунун чыгарган корутундусунун негизинде сөзсүз жаңыланышы керек болгон. Анткени, ал көпүрөнүн металлдарынын 75%ы чирип, “өтө коркунучтуу абалга келген” деген жыйынтык бар болучу. Ошондуктан, Ош шаардык кеңеши бир добуштан мэрияга көпүрөнү салуу же оңдоо боюнча тапшырма берген. Ал тапшырма мэрдин жетекчилиги менен жүзөгө сөзсүз ашырылышы керек эле. Мэрия өз учурунда тиешелүү инстанцияларга тапшырмаларды берип, долбоорлорду жасатып, ишти ыкчам колго алган. Мэриянын антпей коюуга аргасы да жок болчу. Долбоор даярдалып, Госстройдун экспертизасынан да өткөн. Ал көпүрө бүгүнкү турган көпүрөдөн 100 метрге узун, бийиктиги 15 метр болмок. Учурдагы көпүрө, менин билишимче, 100 метрге кыска, бийиктиги 5 метрге жапыз болуп курулду. М. Мырзакматов жана анын командасы даярдаган көпүрө долбоору ишке ашырылган болсо, экинчи ордо калаабыз Ош шаарында Орто Азияда теңдеши жок көпүрө курулуп калмак. Оштун көркүнө көрк кошо турган бул долбоорду колдоонун ордуна М. Мырзакматовго жалган жалаа жабылып, аны менен кошо 18 адам суракка тартылган. Баса, суракка тартылгандардын 18и тең Жогорку Сот тарабынан кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу толук акталып чыгышкан, азыр ар кыл мамлекеттик кызматтарда иштеп жатышат. Жалгыз гана Мелис Мырзакматов тууралуу шашылыш чыгарылган, жасалма сот чечими алиге чейин жокко чыгарылбай калып келет. Ток этээр жерин айтсам, ушунун баары Атамбаевдик режимдин М.Мырзакматовду өгөйлөө, буттан чалуу ниетинен келип чыккан. Эгерде сот адилеттиги орногон болсо, М.Мырзакматов өлкөгө бүгүн эмес, кечээ кайтып келиши керек болучу. Анын 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин талкаланып, күлү көккө сапырылган Ош шаарын кыска убакыттын ичинде кандай деңгээлге жеткиргенин унутуп калууга болбойт го дейм. Муну жалпы журт, өлкөбүздүн түштүгү гана эмес, түндүгү да жакшы билет. Өлкөбүздүн Президенти Сооронбай Шарипович адилеттүүлүктүн гаранты катары мурдагы үзөңгүлөшү Мырзакматовдун ишине жеке өзү көңүл буруп, көзөмөлүнө алат деп ишенем.

Маектешкен Тиленбек АЗЫК