Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин башчысы кызматтан алынды

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин башчысы Бакытбек Мамытканов кызматтан алынды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.