Легендарлуу директор Жапаркулов, атууга кеткен прокурор…

Темирдей бекем тартип өкүм сүрүп, мыйзам кыңк этпей иштеп келген советтик заманда деле жогорку кызмат адамдары тарабынан эл мүлкүнө кол салган былык иштер болуп келген. 1970-жылдардын аягында бүтүндөй СССР аймагына дүң болгон коррупциялык иш Токмок эт комбинатында катталган. 8 жылдай иликтенген бул иште айыпсыз бир катар адамдардын түйшөлгөн күндөрү, ак адамды каралагысы келген карөзгөйлөрдүн арамдыгы менен коштолуп, акыр аягы акыйкаттык жеңип, “кой терисин жамынган карышкырлар аныкталып, атууга кетишкен. Алгач бул окуя тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМинин архивиндеги маалыматты түп нускасында кыстара кетсек.

Каарманыбыз Ували Жапаркулов 32 жашында союздук масштабдагы Токмок эт комбинатынын директору болуп дайындалган. Кадрларды кылдаттык менен тандап, таптап анан кызматка койгон советтик тартип анын жашына эмес, басып өткөн жолуна, өз ишин так аткарган кесипкөйлүгүнө караган. Союздук деңгээлдеги эң ири эт комбинатын башкарганга чейин Ували Жапаркулов бир топ кызматтык тепкичтерди басып өткөн. Ошол кездеги эт, сүт өнөр жайында эмгектенгендердин арасынан биринчилерден болуп кандидаттык ишин жактап, экономика илимдеринин кандидаты деген илимий даражаны алган. Жаштыгы, курчтугу жана ак эмгеги, тунук билими менен укмуштуудай кызматтык карьера жасап келе жаткан жаш жигиттин тагдырына айрым алдымжуттум паракорлордун кесепети катуу тийди. Анда эмесе, сөз башынан болсун.

– Ували аксакал, алгач өзүңүздү тааныштырып, окуянын чоо-жайын эскерип берсеңиз?

– 1942-жылы Талас облусунун Таш-Арык деген айылында төрөлгөм. Азыркы Манас ордо турган жерде. Мектепти бүткөндөн кийин Фрунзедеги Политехникалык институтка өттүм. 1965-жылы окууну бүткөнүмдө жолдомо менен мени Жумгал районундагы Чаек эт комбинатына жөнөтүштү. Ал жакта 2 жыл иштегенден кийин Ош эт комбинатынын муздаткыч цехинин начальниги кылып которушту. Ошто 4 жыл иштеп, 1970-жылы Жалал-Абад эт комбинатына башкы инженер кылып жиберишти. Ал жакта 6 жыл иштеп, ошол эле убакта аспирантурага тапшырып, Ташкент шаарында кандидаттыгымды жактап, экономика илимдеринин кандидаты болуп калдым. Ошондон көп өтпөй эле Токмок шаарындагы эң ири эт комбинаты ишке берилип, башкы директору кылып дайындашты. Комбинат жаңы салынган.

Курулуш маалында бир катар техникалык мүчүлүштүктөр кеткен экен. Ошонун айынан муздаткыч цехинен эттин көлөмү, салмагы нормадан аз болуп, бир топ чыгашага алып келген. Бул боюнча Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, бул ишти республикалык прокуратуранын биринчи орун басары Койчуманов деген неме көзөмөлдөп калды. Мага жана муздаткыч цехтин начальниги Токтогулов дегенге иш козгошту. ЦКга сунуштама жазып, мени кызматтан алдыртышты. Тергөө иши аяктаганга чейин деп мени Фрунзедеги Долборлооконструкциялык бюронун улук инженери кылып дайындашты. Бирок тергөө иши 8 жылга созулуп кетти. Көрсө, комбинатта уурулук менен шугулданган чоң топ бар экен. Мени кызматтан кетирип, өз кишилерин алып келе башташты. Ири цехтердин башчыларын алмаштырышты.

Мен кеткенден кийин Мал кабыл алуучу цехтин начальниги болуп дайындалган Бостанов деген неме 2 жылга жетпей ири суммадагы акчаны жок кылуу фактысы менен кармалды. Ошондон кийин эт мафиясынын бети сыйрыла баштаган. Жиптин учугу уланып отуруп, мени кызматтан кетирип, менин ишимди көзөмөлдөп жаткан республикалык прокуратуранын биринчи орун басары Койчуманов дегенге барып такалган. Ошентип алардын кыңыр иши 2-3 жылдын ичинде толук ачыкталып, Койчуманов, Бостанов, анын орун басары эң жогорку жазага тартылып, атууга кетишти.

– Бостанов, Койчуманов мурда эле тааныш болушса керек?

– Балким. Бостанов ага чейин Фрунзе эт комбинатынын мал алуучу цехинин начальниги болгон. Койчумановдун сунуштамасы менен Токмок эт комбинатына барган. Ал өзү бул тармакта көп жыл иштеп, кайсы жерден кандай кылып акча чыгарышты абдан жакшы өздөштүргөн, терең түшүнгөн киши болчу. Фрунзе эт комбинаты шаардын ортосунда болуп, мал ташып барган, сойгон жагы машакат боло баштаганда, экологиялык жагы дагы ойлондуруп, жаңы Токмок эт комбинаты салынган. Фрунзеде муздаткыч жана колбаса-консервалык цехтер эле калтырылган.

– Архивдик материалдарды териштирип жатканда бул ишке ошол кездеги Кыргыз ССРинин башкы прокурору дагы аралашканы жазылып жүрөт?

– Ал окуя мындай болгон. Мен толук акталып чыккандан кийин республикалык прокуратурага бардым. Менин ишимди башынан аягына чейин тергеген Керимкулов деген тергөөчү эле. Тигилердин атылганы, канча акчаны кымырганы, тергөө иштери кандай жүргөнү боюнча соттун чечимдери менен таанышып отурсам, ошол Керимкулов келип калды. Тергөөчү болгону менен адамгерчилиги мыкты, жөнөкөй жигит эле. Келип менин бошонгонум менен куттуктап, колумду кысып “Эми бул Өкмөттүн иши экен. Жел башка жактан согуп турганын мен деле билип турдум” – деп өткөн – кеткенди сүйлөшүп туруп, “уксаң керек” – деди. “Эмнени?” – десем, Койчуманов кармалып, СИЗОго киргизилип, кылмыштары бетине коюлгандан кийин “Мен бул ишти жалгыз жасаган жокмун. Башкы прокурор дагы кабардар болчу. Баарын билчү” – дейт. “кантип далилдейсиң” – дешсе, “үйүнө алып баргыла, ошол жерден далилдеп берем” дептир. Тергөөчүлөргө дагы кызык болуп, ошол кездеги Кыргыз ССРинин башкы прокурору Демичевдин үйүнө барышат. Үйүнө кирип, столго чыгып, люстранын бир жериндеги бураманы чечип, ичинен кичинекей тоголок кагаз алып чыгат. Алып окушса эле, люстранын баасы, аны башкы прокурорго белекке берген күндүн датасы, анан Койчумановдун колу коюлган экен. Жөнөкөй эмес, баасы дагы өтө кымбат, ошол кезде жаңы чыгып жаткан чехиялык эң алдыңкы люстра экен. Демичев Москвадан жиберилген, куулук-шумдукту көп биле бербеген ак көңүл киши болчу дешет. Ошол эле күнү кечинде жүрөгү кармап, инфаркт болуп каза болуптур.

– Жаман окуя болуптур. Ал эми Сизге козголгон иш эмне болду?

– 8 жыл эзилип, соттон сот болуп отуруп тажаганда Москвага, СССРдин Башкы прокуратурасына кат жаздым. Биздин арыз боюнча 3 киши келип, бир ай териштиришти. Акыры менин жана муздаткыч цехтин начальниги Токтогуловдун ак экенибиз далилденип, кылмыш иши токтотулган. 1986-жылы 14-августта Кыргыз ССРинин башкы прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн начальниги В.Р. Эль кол койгон “коюлган айыптар аныкталбагандыгына байланыштуу У.Жапаркуловго козголгон кылмыш иши токтотулсун” деген токтому чыккан.

– Акталганыңыздан кийин кандай кызматка бардыңыз?

– Акталып чыккандан кийин министрликтен “Арыз жаз. Директорлук ордуңа кайтаралык” – деген сөз болду. Бирок мен 8 жыл аябай чарчап, эт комбинатына иштей турганга дарманым дагы, каалоом дагы калбай калды. Эт, сүт өнөр жай министри Суетов Иван Георгиевич деген абдан таза, мыкты киши эле. Чакырып алып куттуктап, менин документтерим менен таанышып көрүп, “комбинаттын легендарлуу директору болдуңуз” – деп тамашалады эле. Ошентип, министрликтин астындагы Долборлоо уюмунун директору кызматын беришти. 3 жылдан кийин министрибиз Суетов пенсияга кетти. Ал ортодо Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинен сунуш түшүп калды. Долматов деген министри бар, ошол өзү кабыл алып, “Москвадагы Эмгек боюнча илимий изилдөө институтунун биздеги жаңы филиалы ачылып жатат. Ошого директор болосуңбу?” дейт. Байкасам, шарттары, айлыгы дагы жакшы экен. Анын үстүнө мени абдан жакшы түшүнгөн министрим пенсияга кеткенден кийин, Долматовдун сунушуна макул болуп, Эт, сүт өнөр жай министрлигинен ушул министрликке которулуп кеттим. Ошентип пенсияга чыкканга чейин ошол системада иштедим.

– Уурулардын айынан ортодо карьераңыз аксап, бир топ залакасын тийгизген экен да?

– Эми тагдыр экен. Ошондой болду чынында. Иш десе ишке тойбой турган, курч кезимде жанагыдай жаман иштер болуп, 8 жыл жок жерден сүйрөлүп, ден соолугубуз, убактыбыз кетти да. Токмок эт комбинатына директор кылып дайындардын алдында ЦКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Аралбаев деген кабыл алып, “таза иште, так иште. 5-6 жылдан кийин министриңер пенсияга кетет. Ордуна өзүң барасың” деп дайындаган эле. Биз ал кезде биринчи Кудайдан коркчубуз, анан партиядан коркчубуз. Ал кезде партия абдан катуу кармачу. Өзгөчө жанагыдай ишканалардын жетекчилери сөзсүз түрдө коммунист болушу керек эле. Коммунист болгондон кийин бир кылтың ишке илиндиң дегиче жаза алчу. Жазасы – сөгүш, катуу сөгүш, анан партиядан чыгарчу. Партиядан чыктың дегениң – элдин ишенимин актабаган эң жаман, эң ууру киши дегенди түшүндүрчү. Эч бир кызматка алчу эмес. Көчөдө калчусуң. Ушунун баарына түкүрүп салып, кармалбай калам деген жанагыдай ууруларды акыры кармап, күнөөсүн мойнуна илип, атууга кетирчү. Ушундай заман болгон.

1984 г. 26 сентября. Из решения коллегии МВД республики “О записке КГБ, Прокуратуры, МВД и Верховного суда Киргизской ССР “О разоблачении организованной группы расхитителей соцсобственности в особо крупных размерах, действующей на Токмакском мясокомбинате, причинах и условиях, способствоващих совершению преступления.

На Токмакском мясокомбинате в течение 3,5 лет (с августа 1978 года по февраль 1982 года) действовала большая группа расхитителей в количестве 20 человек во главе с заведующим предубойной базой Бостановым. В преступную деятельность были вовлечены работники 25 хозяйств и предприятий Кыргызстана и Казакстана, всего 600 чел. Преступниками похищено товарно-материальных ценностей на сумму более 1 миллион 200 тыс. рублей. К различным мерам наказания осуждены 124 преступника, в том числе Бостанов, Ногойбаев и Койчуманов – к высшей мере наказания. В настоящее время возмещено 978 755 руб. или 80 % похищенному. В числе осужденных оказались бывшый начальник ОБХСС Токмакского ГОВД Маямиров и инспектор ГАИ Кантского района Каракашев, которые пособничали расхитителям. За допущенную безответсвенность к работе и неразборчивую связь уволен из органов зам. начальника Токмакского ГОВД Орлов. Также по фактам хищений возбуждены уголовные дела на работников Пржевальского, Нарынского, Рыбачинского, Майлы – Сайского и других мясокомбинатов.

Архив МВД КР. Д.87.Л. 246. 247. Извлечение.

– Пенсияда деле жөн жатпасаңыз керек?

– Пенсияга чыккандан кийин Эмгек ардагерлеринин фонду дегенди түзгөнбүз. Расмий каттоодон өткөрүп, жетекчиси болуп жүрдүм. 2010-жылдары орун басарыма өткөрүп берип, азыр үйдө эле кирип-чыгып жүрөбүз.

– Маегибиздин акырында бала-бакыра, неберлериңиз тууралуу дагы кеп кыла кетсеңиз?

– 2 кыз бир уулум бар. Эки кызым түрк жарандарына турмушка чыгып, ошол жакта. Уулум Аскар өз алдынча жеңил өнөр жай тармагында ишкерлик менен алек болуп жүрөт. 3 баласы бар. Улуу неберем Чыңгыз дагы атасына кол кабыш кылып жүрөт. Кудайга шүгүр. Балдарым, кыздарым, неберелерим атакелеп көзүмдү карап турушат. Ичимди куйкалап, өкүнгөн бир арманым бар. Кемпирим мындан 10 жыл мурун өтүп кеткен. Бадарым бутуна туруп калган күндөрүн, алардын сыйын жакшы көрө албай калды. Аты-жөнү Байбуринова Турсун. Институтта чогуу окудук эле. Абдан жоош, көп сүйлөбөгөн, бирок башы аябай кыйын иштеген адам эле. Кээде отуруп сагынып, куса болосуң. Бирок тагдыр экен. Балдарымдын амандыгын тилеп коюп жүрөбүз.

Маектешкен Тиленбек АЗЫК