«Аба мейкиндигиндеги бешинчи эркиндик» Кыргызстанга кандай пайда алып келет?

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстанда жеке менчик аваиа компаниялар чет өлкөлөр менен өнөктөштүктө иш алып барып, тышкы каттамдарды камсыздап келатканы менен ички каттамдардын абалы талапка жооп бербегенин «Эйр Манас» авиакомпаниясынын “Боинг” учагынын бузулушунан улам 11-октябрда Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча белгиленген үч каттамдын токтотулганынан жана буга чейин “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын бир учагы да бузулгандыгына байланыштуу таптакыр учпай калгандыгы айгинелейт.

Деги эле КРнын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Кыргыз жарандык авиация башкармалыгынын тейлөө кызматын көрсөтүүдөгү алып барып жаткан иши канааттандырарлык эместигинен улам, буга чейин Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы боюнча маселени карап, 300 миллион сомдой карызы бар бул авиакомпанияны сактап калуу керектиги, аэронавигация тармагы боюнча эл аралык “Манас” аэропортунда жаңы вип зал, терминал куруу, жаңы учактарды сатып алуу, ошондой эле Ош аэропортуна учуп-конуу тилкесин 400 метрге узартуу жаатында иштердин жүрүп жаткандыгы айтылган эле. Эл өкүлдөрү тарабынан Кыргызстандын авиа тармагы боюнча көйгөйлүү маселелер талкууланганы менен андан эч кандай жыйынтык болбогону, бүгүнкү күндө кайрадан ички каттамдардын токтотулгандыгынан ачыкталып отурат.

Бул маселеге байланыштуу КРнын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Жунушалиевге кайрылганыбызда ал: “Бишкек – Ош” каттамындагы учактын бузулгандыгына байланыштуу каттам убактылуу токтотулгандыгын жана бузулган учактын тетиктери Америкадан алынып келингендигин айтты. Ошондой эле “Ачык асман” долбоору бизде колдонулганына бир жылдай убакыт болгонуна карабай келечекте натыйжасын берерине, аталган долбоорго Россия макулдугун бергенин, ал эми Түштүк Корея макул эместигин айтуу менен бирге бул долбоорду ишке киргизүү менен жарандарга түз учуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн кошумчалады.

Авиацияда аба мейкиндигинде 9 эркиндик бар. Кыргызстан “Ачык асман” долбоорун кабыл алуу менен аба мейкиндигиндеги бешинчи эркиндикке өттү. Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик баары “Ачык асман” долбоорун колдонушат. Бул долбоорго токтоло турган болсок, авиаиндустрия үчүн эркин рынокту түзүүгө багытталган эл аралык авиацияны жөнгө салуу жана либералдаштыруу эрежеси болуп эсептелип, авиакомпаниялардын каттамдарды аныктоосуна, бара турган жерине, билеттердин баасына жана жүктүн көлөмүнө мамлекет кийлигишпейт. Ошондой эле бул долбоордо бир тараптуу тартипте авиакомпаниялардын учуп конуусу үчүн чектөөлөр алынып салынат. Башкача айтканда, “абадагы бешинчи эркиндик” киргизилет. Буга чейин Кыргызстанда аба мейкиндигиндеги төрт эркиндик болгон. Биринчиси – чет мамлекетке конбостон аба мейкиндигин кесип өтүү укугу, экинчиси – чет өлкөдө башка мамлекетке учуп баратып май куюуга жана тейлөөгө, үчүнчүсү – өзүнүн өлкөсүнөн башка өлкөгө учууга, төртүнчүсү – башка өлкөдөн өз өлкөсүнө укугу.