Аймактарды өнүктүрүү жылында: Абалың кандай, Камышановка?

Ордо калаабыздын теребиндеги Сокулук районунун эң четки Камышановка айылы коңшулаш Казакстан менен чектешкен Бишкектен 60 чакырымдай ыраакта жайгашкан. Батыш унаа бекетинен №327 каттамга отуруп бир жарым саатта чалкыган талаадагы, чын эле камыш баскан айылга кирип бардык. Жолдордун абалы өтө начар экен. Бул жакка жергиликтүү жана жогорку бийликтин колу жете элек көрүнөт.

Илгери Союздун доорунда мында “Камышановка” совхозу болуп, дүркүрөп өсүп туруптур. Чоң кыштактын башкы көчөсү, андан кичи көчөлөргө бурулган жолдор асфальтталып, түнкү чырактар орнотулганын баамдадык. Бул баягы Союздан калган эстелик окшойт. Эки айыл өкмөттүн чек арасындагы жолдор бузулуп, талкаланып автоунаалар жүрүүгө ыңгайсыз экен. Айдоочулар кур дегенде грейдер бир келип тегиздеп койсо болор эле деп безилдешти. Айыл өкмөтү 60 пайыз дотацияда. Бир гана айылдан турган аймакта коомдук мончо, балдар бакчасы жок. Саламаттыктын сакчылыгында бир бөлмөдө фельдшердик-акушердик пункт жайгашыптыр. Толгоосу келген аялдар Жаңы-Жерге же Бишкекке барып төрөп келишет. Араб боордоштордун жардамы менен курулган таза суу колонкалары да иштебей жатканын көрдүк. Таза суусуз кантип жашоого болот? Кыштакты аралап жөө жүрүп өңү-түсү, кийген кийимдери, атүгүл кыял-жоруктары тажиктерге түспөлдөшүп кеткен, бирок кыргызча сүйлөшкөн көптөгөн мигранттарды көрдүм. Айыл өкмөтүнүн көп жылдардан бери иштеп келаткан катчысы Лидия Лаврентьева калктын саны акыркы жылдарда өсүп отуруп 2840ка жеткенин, анын үчтөн эки бөлүгүн тажикстандык кыргыздар түзөрүн айтты. Мурда негизинен орустар менен казактар болсо, эми Тоолуу-Бадахшан жана Согди облустарынан көчүп келгендер ээлеп калышыптыр. Маселен, айылдык кеңештин бардык депутаттары Тажикстандан көчүп келишкендер экен. Иштемчил туугандар сугат суунун көйгөйүнө карабастан талааларга калемпир, жүгөрү, капуста жана нас тамекини өстүрүшүп, кыйла оңолуп калышканын билдик.

Эртеси күнү таң заарынан эки кабаттуу, Союздун соңку жылдарында курулуп калган стандарттуу мектептен кабар алдым. Аянты аябай чоң жерде заманбап имарат заңгырап туру. Айыл өкмөтүнүн башчысы Осмоналы Доороновдун демилгеси жана түздөн түз көмөгү менен мектептин айланасы тосулуптур. Бул абдан жакшы көрүнүш. Жалпысынан 900 метр жер тосмолонуп, 1,1 млн. сом чыгымдаган. Кореянын “Гуд Нейборс Интернешнл” уюмунун жардамы менен мектептин ашканасы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жаңы китептер, эмерек, спорт жабдуулары, музыкалык аспаптар менен фортепиано алынды. Эми кейпи кеткен даараткана жаңыдан салынып жатат. Жалпысынан корей достор бир миллион сомго жакын даректүү көмөк көрсөтүштү. Алардын ушундай тээ четки мектепти тандап алганы колдоого арзыйт.

Мектептин директору, бул педагогикалык жамаатта көп жылдардан бери үзүрлүү иштеп келаткан Жанаркүл Жамбоева менен мектепти кыдырып чыктык. Анын айтуусу боюнча башталгыч класстардагы 276 окуучуга бир аптада үч күн ысык оокат, калган эки күндө пирожки, булочка, чай, компот менен берилет экен. Андагы тазалыкты, иреттүүлүктү көрүп ыраазы болдук. Эми Бириккен Улуттар Уюмунун көмөгү менен унутта калып кеткен наабайкана оңдолуп иштей баштаса, андан түшкөн кирешеге бир күн, ата-энелердин колдоосу менен дагы бир күн кошумчаланса, ысык оокат же шашке тамагы жуманын ичинде толук бойдон бериле баштайт. Балдардын, мугалимдердин аракетине, демилгечилдигине ыраазы болдук. Азыр мында 626 окуучуга 27 мугалим билим берип жатыптыр. Имарат 320 орундуу болгондуктан окуу эки нөөмөттө жүргүзүлөт. Класстык кабинеттер жетишпейт. Окуучулардын сабактарга жетишүүсү 42 пайызды түзөт. Быйыл 11-классты бүтүрүшкөн 16 улан-кыздын 12си жогорку жана атайын орто окуу жайларына өтүптүр.

Кыргыз-орус класстарындагы окуучулардын саны жыл сайын өсүүдө. Анткени Тажикстандан көчүп келишкен туугандардын бүлөлөрү негизинен көп балалуу. Алар акырындап илим алууга, орус тилин тереңдеп үйрөнүүгө бөтөнчө маани берип жатышканы байкалат. Мектепте физика-математика сабагынан мугалим Лидия Гладких эжекенин кызы Елена Чалый, небереси Виктория Заремская баштаган педагогдордун династиясы, Исабай Абдыракманов, Майрам Алжамбаева, Майрам Касымбекова баштаган чыдамкай, маданияттуу жаш муундарга билим үрөнүн себишкен, айкын келечекти ойлошкон агай-эжейлер бар. Маянанын аздыгына карабай астейдил эмгектенип жатышкан мындай мугалимдерге ийилип таазим эткиң келет.

Албетте, мектепте баары бир кылка ойдогудай деген пикирден алыспыз. Китепкана оңдолуп калса да кыргыз класстардын окуу китептери менен камсыздалышы 50 гана пайызды, орус класстардыкы 70 пайызды түзөт. Компьютердик кабинетте 25 компьютер бар экен. Бул жакшы. Бирок агайдын маалыматы боюнча алардын бири да иштебей бузулган бойдон турат. Себеби бат-бат бузулуп, Сокулукка барып оңдотууга шарт жок. Ошондуктан бул маселе боюнча да корей досторго кайрылышып, ар бир компьютерге өзүнчө жабдыктар алынмакчы. Мамлекетибиз жасай албаса башкаларга кайрылат экенсиң да.

— Айылдагы балдар бакчасынын имараты таланып-тонолуп кеткендиктен арга жок мектептин эки кабинети бакчага ыңгайлаштырылып, азыр эки тайпада эки нөөмөт менен 101 наристе тарбияланып жатат. Ал эми нөлөвой класстарда 62 бала мектепке кирүүгө даярданышууда. Мунун өзү ансыз да кабинеттер жетишпей жаткан чакта бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты. Ошондуктан эски бакчанын имаратын кайрадан реконструкциялап, кур дегенде биринчи кабатын бакчага айландыруу керек же жаңыдан куруп алсак дурус болмок — дейт мектептин директору.

Албетте, бул көйгөй “казанда болсо, чөмүчкө чыгат” дегендей каржы маселесинин чечилишине байланыштуу эмеспи. Буюрса, жакынкы жылдарда Камышановкага кыргыз өкмөтүнүн көзү түшүп, жаңы заманбап бакчанын, башка өтө зарыл объектилердин имараттары кас көтөрүп калар. Азырынча сабыр кылып чыдай туралы.

Адылжан ЖАЖАНОВ, Бишкек – Камышановка – Бишкек