Францияны суктандырган кыргыз бүркүтчүсү

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Франциянын Ментона шаарынын (Жер ортолук деңизинин Францияга таандык жээгиндеги курорттук шаар) гүл багын көрккө бөлөп турган “Бүркүтчү кыргыз” аталган бул уникалдуу скульптура XIX кылымда коюлганын көпчүлүгүбүз биле бербейбиз.

Скульптураны теги француз (1812-жылдагы согуштан кийин Россияда калып кеткен француз майору Пауля Лансеренин небереси) Евгений Александрович Лансере жасаган. Таланты таш жарып турган 34 жашында ойрон болгон бул жигит, чыгармачылыгына тема издеп Орто Азия, Кавказ, Башкирия, Украина, Түндүк Африканы аралап чыгыптыр. Анын негизги темасы ат жана ат минген чабандестер болгон. Сыягы, Кыргызстандын чет жакаларына да келип кетсе керек.

Улуу скульптор бала чагында жан-жаныбарлардын сүрөтүн тартканды жакшы көрчү экен. Бир жолу ал темир устага келип өзүнүн тарткан сүрөтүн темирден жасап берүүсүн өтүнөт. Уста, албетте баш тартат. Капа болгон уулун көргөн атасы аны момдон (воск) өзү эле жасап алууну сунуш кылат. Ошондон тарта ал момдон ар кандай скульптураларды жасаганга өтүп кийин гениалдуу чыгармаларды жараткан. Анын “Жапайы аттарды кармоо” деген скульптурасы бүт дүйнөгө белгилүү.

Бул скульптурада ак калпакчан бүркүтчүнүн атка камчы басып бараткан учуру чагылдырылган. Тимеле алдынан чыксаң тебелетип кетчүдөй. Карап отуруп кенедей кемтик таппайсың. Сүрөтчү болобу, скульптор болобу чыгармасын натурадан, жандуу көрүнүштөн жаратарын эске алсак, XIX кылымдагы бабаларыбыздын биринин элеси, ушул скульптурада сакталып калганы, биз үчүн чоң маданий сыймык. Керек болсо көчүрмөсүн сурап келип, Кыргызстандын кайсы гана булуң бурчуна койсо, ушунчалык жарашаар эле. Эң кызыгы бул скульптураны орус падышасы Александр III Францияга тартууга бериптир. Мунун кичирейтилген көчүрмөсү Калуж көркөм сүрөт музейинде сакталып турат.