Шапа акенин жоруктары: Байпак

Шекербек КАЛЫКОВ, «Кыргыз Туусу»


Шапа акам чайкананын көркү. Тилинде мээр чөбү барбы, айтор, ал сүйлөп отурган жерде башкаларга сөз тийбейт. Тегереги кыраан-каткырык, күлкү.

— Бу, Орто Азияда бир эле апанди айтылып келсе, эми экөө болду, — деди мойлосун жанып.

— Бири ким? – деймин кызыга.

— Неберем… Жанагы Дөндүнүн баласы… – деди мыйыгынан күлө. Биз анын тамашасынын төркүнү кызык экенине батына албай, тез эле угууга ашыгабыз.

— “Чолпонбай Түлөбердиевге согуштагы эрдиги үчүн бөлкө нан берген”, десем, “агай “2” койду”, деп ыйлап келиптир неберем. — деди Шапа акам. Ал колундагы пиаладагы чайды шор-шор ууртап сөзүн улады. — Жетип бардым мектепке. “Бөлкө эмей, талкан бермек беле!..” дедим. Как раз Заки чолоктун баласы бар экен. Боорун тырмап эле күлө-өт, күлө-өт… “Ажыкыз болуп калган го…” деп коём ичимен. “Өчүр!..” дедим. “Биздин урук экиден эмес, төрт-бештен алат!..” деп атам. Атамын чоң атасы рамалик төрт катын алганын кыйытып өттүм. Ха дегичең, деректир кирип келди. О дагы “Өчүр!..”деди. Бир ыраңы суук күлөт экен, жанагы чолоктун баласы. “Үка, шу согушта мине бергенин билбесең, кам экенсиң… Бошот орунду!..” десем, ого бетер боорун тырмайт, кысталак. “Нашакор, баңги болуп калганбы” дейм. Деректирдин дагы чыдамы кеттиби, “Апке, журналды, өзүм өчүрөм… Аксакалга уят кылдың, даңгаза…” деп ордунан обдулуп тура калды эле, “Азыр агай, азыр агай…” деп жанагы бала журналды бергиси келбейт, тооба. Анан түшүндүрүп кирди. “Мен небереңизге, “Чолпонбай Түлөбердиевге согушта жасаган эрдиги үчүн кандай наам берген?” деп сурасам, аныңыз “Бөлкө нан берген…” деп атпайбы, дегенде, жанымдагы деректир дагы “тарс” жарылса боло. Шонтип, осол кылбадыбы, чунак бала, — деп Шапа акам бизге карады.

— Эми азыркы балдар наам-паам менен иши жок да… Билбей калышты да, Шапа ака, — деп аны жубаткандай болдук. Ал:

— Ондой болсо, окутпай эле койбойбу…  – деди.

Ошентип экөөбүз ээрчишип жолго чыктык. “Такси карма…” деди… Базарга жөнөдүк. Таксиде баратканда шаңдуу музыка жаңырып, Бек Борбиев менен Динара Акулова коштогон ырга эргий түштүк. Шапа акам дагы муюп угуп баратты. Бир аздан кийин:

— “Акайып, Акайып” деп жакшы ыр чыгарыптыр, — деди.

— Шапа ака, бу карылык кулактан алган го… – дедим анын сөзүн бөлүп.

— Албай-этпей эле… – деп музыкага бериле тыңшайт.

— “Акайып…” дебей эле, “Ак кайык, ак кайык…” деп ырдап атпайбы. – дейм түшүндүргөнгө аракет кыла.

— Та-аң… – деди камырабай. Анан: — Негизи Динара ыманы ысык, жакшы ырдайт, — деп койду. Мен анын ошол ырды Динара ырдап жатканын аңдаган музыка жандуу экенин биринчи жолу көрүшүм. Айтор, кызык киши Шапа акам.

Базарга киргенде, “Кытайдын байпагын саткан жерге апар” деди. Мен деле бул базарга мурда-кийин кирип көргөн эмес элем. Эрчишип, акыры байпак саткан базарды таптык. Шапа акам бир боого оролгон байпакты кармалап, “Болушун айт, үка” деди базарчыга. “Мынчаны мине кыласыз, пусурманым?” дейм. “Чычканга керек” деп коёт. Түшүнбөдүм. Кайра жолго түштүк.

— Чалдын баласы, билбедиң, — деди жолдо келатканда. Мага ыктай бурулуп: — Бу байпакты Дөндү акаң бир күн кийгенден кийин, чычкан келчү жолго таштап койгун эле, анын жытына “сен көр, мен көр” тыртайып жатып калышат. Ууланат… — деп олуттуу карады.

— Коюңчу, Шапа ака, — дейм таңдана.

— Койбой-этпей эле…

Жолдо келатып, байпактын боосун чечип карасам, беш-алтоонун чычкан жегендей тешиктери бар экен. Бирисин колума алып:

— Чычкан өлбөй эле жыргап жеген го, муну, — деп тешигин көргөзсөм:

— Өй, калла, аны өлтүрүш үчүн биринчи Дөндү акаң кийиш керек да, — деди.

— Ии, ии… – дедим анын сөзүнө ишенгендей.

Автобекетке келгенде, “Бир чер жазышып сүйлөшө албадык, чалдын баласы. Келип калаарсың… Кайыр эми!..” деп бооруна бекем кыса кучактап, анан тыпылдап жөнөдү. Ичим ачыша түштү. Аны ээрчип жүрө бергим келди…

Деги, Шапа акам кызык киши.