«Сынчынын сыңар өтүгү майрык»

“Ала Too” журналына (№7, июль, 2019-ж.) жарыяланган Таштаналиев Болотбектин “Антистандарттагы” алты “кумалак”: поэзия – порнография эмес” деген темадагы адабий сынына анти пикир айтууга туура келди.

Айланайын автор! Мен сексендин сересине чыгып калган адаммын. Аздыр-көптүр адабият, маданияттан кабарым бар. Бирок, сен сыяктуу ыр жыйнактардын автору эмесмин. Темаңа ылайык пикириңди жаза бербей, эмнеге “хоббиден” баштап, ардактуу ардагерлердин короосуна таш ыргытасың. Өз атаң, пенсияга чыга элек го чамасы. Же адабият, маданияттан алысыраак болушу мүмкүн.

Экинчиден, башкарма, партком, молдо, парторг, партсекретарь сен айткандай кесип эмес. Мекеме, колхоз, уюм, ж.б. аталыштардын бириккен сөздөрү: М: Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы ААК башкармалыгы. Башкарма, партком, партбюродо бир нечеленген, көптөгөн адамдардан түзүлөт. Сен айткандай ушул адамдар жапырт ыр жазууну “хобби” кылып алууга мүмкүн эмес.

Болотбек, ойдон, тоодон дөөдүрөбөй темаңа байланыштуу С.Раевдин “Антистандарт” аттуу китеби жөнүндө өз ойпикириңди, сыныңды айтсаң болмок. Оюң-боюң жетпеген К.Жусубалиевге, С.Жетимишевге, өзүң айткандай “кыргыздын төбөсү көрүнгөн” жазуучуларына, “хобби” деп эле “жалкоолукту” аларга жабыштыра бергениң олдоксондук. “Ыр жазгандын эч уяты жок. Ыр жазуу күнөө да, кылмыш да эмес” деп мурдагы пикирлериңе өзүң жооп берипсиң.

Ата мекен, Ата-журт, Мекен жөнүндө көп жазылды. Бири-бирине үндөш кайталоо. Мен мекенимди сүйөмүн, жанымды, канымды аябаймын деген тавтологиялык маанидеги ырларды көп окудук; көңүл калганы канча. Трибунадан менин мекеним, элим деп, өзүнө элди энчилеп алган саясатчыларды сен сыяктуу адабиятчыларды көп эле көрдүк. Тажатма, супсак сөздөр. Ошол эле учурда ошол адамдар мекендин кен байлыгын, карапайым калктын ырыс-кешигин уурдап, байлык топтогон, керсейип чиренген, мекенин, элин саткандарга күбө болуп турабыз.

С.Раев “Антистандарт” деген китебинде:
… Мекенчил экенсиң Көкүрөк урбачы,
Көөдөн бош Аячы,
Мекениңди,
Жан сабаган адамдардан,
Жаман сөз. Айбар көздөн,
Тамырыңа тамчылат,
Бир ууртам суу,
Жол боюнда бир дарак куурап барат
Ошо дарак,
Мекениңдин дарагы
Мекен дагы ушул дарактан башталат, – дейт. Мурдагы мекен жөнүндөгү ырлардан өзгөчөлөнүп, айтайын деген ою окурманга жеткиликтүү болгонун айтмакмын.

С.Раевдин “Шаар” деген ыры эки барактан турат экен. 1-2-беттеринин беш жеринен ыр айкалыштарын үзүп алып, талдаптыр. “Мындан эмнени түшүнсө болот” дейт. Мен карапайым окурман болсом да, акын шаар турмушун репортаж иретинде сүрөттөптүр. “С.Раев согуштун ветерандарында ала элек өчү барбы, болбосо мынчалык эмнеге кордойт” дейт сынчы. Өзү ырдын мазмунун, маңызына түшүнбөй “чайналып” туруп, китептин авторунун абийирине доо кетиргенине жол болсун.

Б.Таштаналиев “Асимметрия”, “Абстракция”, “Маструбация”, “Люстрация” сыяктуу терминдерди өгөйлөп, чок кармагандай чочулаганы байкалат. Андай десем анын аталган сын макаласында хобби, реклама, интим, психика, парадокс, фирма, бизнесмен, логика, концепция сыяктуу терминдерди байма-бай колдонуптур. Андай кыйын болсо ушул терминдерди колдонбой эле койбойбу? Же маанимаңызын кыргыз тилинде ачып бербейби?

Жакында Баткен облустук китепканада жазуучу акын С.Раев менен китеп окурмандарынын жолугушуусу болду. Анын турган-турпаты, көз карашы, жөнөкөйлүгү, ички дүйнөсүнүн акактай таза экендигине төп келип тургандыгы, дүйнөлүк деңгээлдеги ой-чабыты окурмандарга өтө жакты. Сынчы Б.Таштаналиевдин: “Биз поэзия ышкыбоздоруна С.Раевдин “Антистандартын” окуганда аяр, астейдил мамиле кылгыла” деп эскерткени суу кечпей калды.

Жолугушууга катышкан окурмандардын атынан КР УИАнын изденүүчүсү Б.Таштаналиевге кайрыламын. Кыргызда макал бар: “Айдаганың төрт эчки, ышкырыгың таш жарат”. Өз алыңа жараша издене бербейсиңби, иним. Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, КМШ мамлекеттик жана Евразия сыйлыгынын лауреаты, бир нече эл аралык адабий сыйлыктарга арзыган жазуучу, драматург, акын С.Раевдин аброюна, инсандык абийрине шек келтирип, “кумалактарды” ары бери кулата бербе. Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген кыргыздын макалын эсиңе саламын. “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” болуп жүрбө, балам!

Пайзилла КАЛИЛОВ, ардагер, Баткен шаары

Менин “Кыргыз Туусунун” баяндамачысы экенимди эске алганбы, ардагер Пайзилла Калилов «Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия – порнография эмес” сын макалама жазылган “анти пикирин” “Ала Тоо” журналына эмес, бизге жибериптир. Биз өз кезегинде ардагердин катын – анти пикирин үтүр, чекитине тийбей, жарыялоону туура көрдүк.

«Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия – порнография эмес” аттуу сын макалам быйылкы жылдын жаз айларында “Кыргыз Туусуна” жана бир нече интернет сайттарга жарыяланган. Адабий коомчулукта кызуу талкууларды жараткан. Ардагер Пайзилла Калилов “адабият, маданияттан кабарым бар” дейт, ал талкууларда кандай пикирлер айтылганы тууралуу кабары бар чыгар. Андыктан, ал пикирлерге токтолгум келбейт. Окурман өзүнүн катында “Өз атаң, пенсияга чыга элек го чамасы. Же адабият, маданияттан алысыраак болушу мүмкүн” деп, менин атама тийиштик кылыптыр. Атам Бейшебай Таштаналиев өмүр бою айылдык мектепте кыргыз тили жана адабияттан сабак берген мугалим болгон. Айылдык мектептин катардагы мугалими болсо да, акындар поэзиясын иликтеп, Эсенаман, Үмөталы, Ырыскүл сыяктуу акындар поэзиясынын алптарынын ырларын мыскалдап чогултуп, адабий иликтөөлөрдү жазган, бүтүндөй бир илимий институт аткара турган жумушту жасаган адам. Ал киши мыскалдап чогулткан кол жазмалардын негизинде, Эсенаман, Үмөталынын китептери жарык көргөн. Ырыскүлдүн китеби басмага даярдалып бүттү. Атам Бейшебай Таштаналиевдин жазып кеткен ырлары, эскерүүлөрү, адабий иликтөөлөрү эки том китеп болуп, жарык көрүү алдында турат.

Эми өзүмө келсем, мен сиздин сексендин кырына чыгып калган жашыңызды сыйлап, баарын түшүнүү менен кабыл алам. «Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия — порнография эмес” аттуу сын макаланын аты атап тургандай, ал макалада С.Раевдин “Антистандартын” төмөн тартып, иритип турган алты “кумалак”: «…Менструация…», «…кастрация…», «…мастурбация…» сыяктуу түшүнүктөр жөнүндө сөз болуп, бул поэзияга жат медицина, ветеринарияга тиешелүү түшүнүктөр жазуучунун ырларына адашып кирип кеткени, ал сөздөрдүн ордуна башка деле көркөм салыштырууларды, көркөм эпитеттерди колдонсо болору тууралуу айтылат.

Ардагер Пайзилла Калилов С.Раевдин “Шаар” аттуу ыры шаар турмушунан репортаж экенин туура баамдаган экен. Арийне, анын сын макаланын автору “ырдын мазмунун, маңызына түшүнбөй “чайналып” туруп, китептин авторунун абийирине доо кетиргенине жол болсун” дегенине кошула албайм. Келгиле, ырдан үзүндүнү дагы да чогуу-чаран окуп көрөлү:
«Таңыркап карап турат,
Согуштун ветераны
Балкондо баш кылайтып.
…………………………………….
Балкондун алдындагы,
Жаштардын шыбышына,
Кулак түрүп,
Кулагы контужиндей,
Миномет үнү келет,
Ми…тен жаны жыргап,
Боз улан балкып турат” (С.Раев. “Антистандарт”, 2016-ж.«Шаар», 111-114-беттер).

Мейли, башкасы башка дейли, С.Раевдин “ми…тен” дегени эмне? Же “минет” кыргыз үчүн поэтикалык табылга болуп калганбы? Жазуучунун согуштун ветерандарында ала элек “өчү” барбы десем, ушундан улам айттым.

Жазуучу С.Раев катардагы көп жазмакердин бири эмес, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты. Бул мамлекеттик наам, сыйлыктар оор жүк. Жеке эле С.Раев эмес, мамлекеттик наам, сыйлыктарды кандай гана жазуучу же акын болбосун, ал этек кирдин – менструациянын деңгээлинен бийик көркөм ойлорду айтып, бийик ойлорду жазып, бийик чабыттап жашашы керек.

Урматтоо менен, Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”