Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Улуттук масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу — келечектеги милдетибиз»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


18-октябрда Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына карата салтанаттуу иш-чара болду. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, коноктор китебинде жазуусун калтырды. Өлкөнүн энергетиктерин тармактын 85 жылдыгы менен куттуктап, мыктыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчынын ишчарада сүйлөгөн сөзүнүн урунтуу жерлерине токтоло кетсек.

Энергиянын 60 пайызы калк тарабынан керектелет

Учурда энергетиканын өлкө турмушунун бардык чөйрөлөрүнө көрсөткөн таасири өсүп жатканын белгилеген Мамлекет башчы: “Энергетика тармагы мамлекеттин ички дүң продуктусунун 7 пайызын камсыз кылат. Электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 20 пайызга көбөйсө — жалпы экономиканын өсүшү 1,5 пайызга жогорулайт. Ошондуктан энергетика тармагы — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ал эми энергетикалык коопсуздук — улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү багыты. Учурда республиканын жылдык керектөөсү 12,5 млрд. килоВатт саатты түзөт, бул муктаждык жыл сайын өсүп жатат. Энергиянын 60 пайызы калк тарабынан, калган 40 пайызы бюджеттик мекемелер жана бизнес тарабынан керектелет” – деп билдирди.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, калктын электр энергиясына болгон муктаждыгын жана экономиканын керектөөлөрүн толук канааттандырууга жетиштүү көлөмдөгү энергияны туруктуу чыгаруу үчүн, биринчи кезекте, электр менен камсыздоонун булактарын жана инфраструктурасын жетиштүү деңгээлде өнүктүрүү керек.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү электр энергиянын 90 пайызы, ГЭСтер тарабынан өндүрүлөт. Анын ичинде Токтогул ГЭСи — эң ири электр станциясы болуп, өлкөдөгү бардык электр станциялары чыгарган энергиянын 40 пайызы ушул жерден иштелип чыгат. Анын кубаттуулугу 1 200 МВатты түзөт. Бир жылда 6 млрд. килоВатт саатка жакын энергия чыгарат.

Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат

1975-жылы ишке киргизилгенден тартып иштеп, станциянын негизги жабдуусунун техникалык ресурсу иштелип бүткөн. Аны реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес, ушул себептен ГЭСтин жабдуулары моралдык жактан эскирип, толугу менен алмаштырууну талап кылган. Эске салсак, 2017-жылдын май айында Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр кезинде Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасын ишке ашыруу боюнча жумуштардын башталышына расмий старт берген. Ошол мезгилден тартып, Токтогул ГЭСинин бардык төрт энергоблогунда негизги электромеханикалык жабдыктары этабы менен алмаштырылды, атап айтканда: күч трансформаторлору, 500 киловольт кабелдик линиялары жана башка кошумча энергожабдыктар. Дал ушул жабдыктар биринчи кезекте алмаштырууга муктаж экенин айткан Сооронбай Жээнбеков мурдагыга караганда коопсуздуктун дүйнөлүк стандарттарына жооп берген, заманбап материалдардан жасалган жаңы жабдуулар орнотулганын билдирди.

— Белгилей кетчү нерсе, долбоордун аткаруучуларын тандоо ачык-айкын болгонунун натыйжасында, каражаттардын бир бөлүгүн үнөмдөөгө жетиштик. Анын эсебинен ГЭСтин бөлүштүрүү түзүмүн дагы кошумча реконструкциялоого мүмкүн болду, — деди Өлкө башчы.

Токтогул ГЭСин жаңылоо үч фазадан турат. Долбоордун биринчи фазасына Азия өнүктүрүү банкы 55 млн. доллар суммасында насыя бөлгөн. Долбоордун экинчи жана үчүнчү фазаларында станциянын төрт гидроагрегаты тең кезеги менен алмаштырылат. Азыркы учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат жана жабдууну жасоо иши башталды. Бул иштерге жалпысынан 320 млн. долларды түзүп, каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын каражаттары жумшалат. Гидроагрегаттарды алмаштыруу 2023-жылга чейин аяктайт.

Президент мындай татаал жана масш табдуу долбоорду ишке ашыруу — Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздай турганын белгилеп: “Үч фазаны тең бүткөрүүнүн натыйжасында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВатка өсөт. Бул долбоор — Камбарата 2 ГЭСине тете дагы бир жаңы ГЭСти куруу менен барабар десек болот. Кудай буйруса, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат”, — деп билдирди.

100 млн. доллардан ашуун каражаттар үнөмдөлдү

Белгилей кетчү нерсе тендерлердин ачыкайкын болушуна байланыштуу Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруунда 100 млн. доллардан ашуун каражат үнөмдөлгөн. Мамлекет башчынын айтымында үнөмдөлгөн каражаттардын сметалык баасы 160 млн. долларды түзүп, аны Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого жумшоо чечими кабыл алынган.

— Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн каралган суммага эки ГЭС — Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери толук жаңыртылат. Натыйжада, республика боюнча жалпы кубаттуулуктун 40 пайызга жакыны жаңыланган ушул эки ГЭСтен чыгат. Бул энергетика тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылат”, — деп билдирди Президент.

Президент белгилегендей, өлкөдөгү башка ГЭСтерде да реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Алардын катарында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери жигердүү жүрүп жатат. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо үчүн каржылоо булактары аныкталып, подряддык уюмдарды тандоо башталды. Жалпы гидроэнергетика тармагын алганда 2023-жылдын аягына чейин иштеп чыгарылган кубаттуулук 400 МегаВаттка жогорулашы күтүлүүдө.

«Улуттук масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу — келечектеги милдетибиз. Алардын ичине Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтеринин каскады кирет. Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке киргизип, анын долбоордук кубаттуу­лугуна (1900 МВт) жетүү үчүн 11 жыл керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмы берилет

Кыргызстандын энергетика тармагына быйыл 85 жыл болду. Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков Энергетика тармагында эмгеги сиңген инсандардын ишмердигин, алардын бул тармакка сиңирген эмгегин баса белгиледи.

— Биздин өлкөнүн бардык ГЭСтерин курууга катышкан Кыргыз Республикасынын Баатырлары Акбаралы Кабаевге, Курманбек Арыковго өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда дагы бир ардактуу ардагерибиз — Турдакун Усубалиевичти эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды, — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.