Өкмөт башчы өз тилин мыкты билет

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик тил боюнча тест тапшырып, эң жогорку баллга ээ болду.

Андан соң Премьер-министр «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын негиздери менен таанышты. Ошондой эле ал, мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн мамлекет мындан ары да күч-аракетин жумшай берерин белгиледи.

«Биз окутуу системасын жакшыртуу жана заманбап инновациялык технологияларды, жаңы усулдарды киргизүү боюнча олуттуу иштерди жасашыбыз керек. Кимдир бирөөнүн тилди үйрөнүүсүн мажбурлоого болбойт, андай болбош дагы керек. Аны өздөштүрүү үчүн жарандарга түрткү берип, оңтойлуу шарт түзүү керек. Биз өнүккөн өлкөлөрдө тигил же бул тилди сактоо маселеси чыгып жатканын көрүп жүрөбүз. Тилди колдоо жана сактоонун маанилүүлүгү тууралуу акын Расул Гамзатов: «Эгер эртең менин тилим жоголуп кетсе, анда мен өлүүгө даярмын деген», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, учурда Өкмөт билим берүүгө көп тилдүүлүк принцибин киргизүү аракетин көрүүдө, бул мектеп бүтүрүүчүлөрү үч тилде эркин сүйлөөсүн, ошол эле учурда өзүнүн улуттук маданиятына таандык көрүнүштөрдү так билүүсүн шарттайт.

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүү абзел, болгондо да аны кемчиликсиз билүү керектигин айтты. Буга байланыштуу Премьер-министр мамлекеттик тилди билүү деңгээлин калыс аныктаган «Кыргызтест» системасынын маанилүүлүгүн айтты.

Өкмөт башчы мамлекеттик тил — Кыргызстандагы элдин биригүүсүнүн негизги фактору экенин өзгөчө белгиледи.