Электромобилдер – эң жакшы мүмкүнчүлүктөр

КРнын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонууну өбөлгөлөө жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында кубаттоо инфраструктурасын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы дүйнөлүк тенденцияда электромобилдик транспорт күн санап кеңири колдонулууда, буга байланыштуу биздин өлкөдө бул багыт жашыл экономиканын бирден-бир артыкчылыктуу багыты катары каралышы керектигин белгиледи.

«Статистикалык маалыматтар боюнча, кадимки күйүүчү май менен жүргөн транспорт электромобилге салыштырмалуу орто эсеп менен 13 эсе көп углерод жана башка газдарды чыгарат, – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Көмүр суутектүү заттын жана газдын олуттуу корунун жоктугун эске алуу менен, экологиялык транспортко багытталган жана электромобилдерди бардык жерде колдонууга өтүүгө умтулуу стратегиялык максат болуп саналат. Бул экологияны сактоо жагынан алып караганда, өлкөнүн энергетикалык көз карандылыгын тең салмактайт жана төмөндөтөт. Ошол эле учурда бизде электр энергиясынын тарифи эң эле төмөн, бул электромобилдерди колдонууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр мамлекеттик органдар жарандарга үлгү көрсөтүшү керектигин баса белгилеп, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлбөй мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү демилгелөөнү жана электромобилдер үчүн КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды. Мындан тышкары транспорттун бул түрү унаа салыгынан жана комплекттик бөлүктөр жана кубаттоо инфраструктурасы үчүн кошумча нарк салыгынан бошотулмакчы.

«Лизингдик программаларды ишке ашырып баштоо үчүн электромобилдерди өндүрүүчүлөргө инвестициялык сунуштарды даярдоо керек. Ошондо жыл сайын мамлекеттик органдардын автопарктарын камсыздоого сарпталган каражаттарды мамлекеттик бюджетке кошумча жүк келтирбестен, лизингдик программаларды ишке ашырууга жумшоого болот», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.