Сооронбай Жээнбеков Жапониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков 22-октябрда Токиодо Жапониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты.

Такка отургузуу аземи  Император сарайында болуп, анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду. Ошондой эле императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.

Иш чарага мамлекет башчылары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.