Шапа акенин жоруктары: Ит

Шекербек КАЛЫКОВ, «Кыргыз Туусу»


Самолетко түшсөм эле Шапа акамдин жоругу эске келет. Андан калса, “Өзүм тосуп аламын, чалдын баласы…” деп салам-дубайын жөнөтүп жатпайбы. Буга чейин деле далай ирет учуп барбадымбы. “Чу” дегенде эле, “Биздин үйдү самолеттон көрдүңбү?” дей берет. Мурда, “Көргөн жокмун” дечү элем. Эми, “Ии, көрдүм…” десем, шанаңдап сүйүнүп калат. Жалал-Абадга учкан самолет биздин айылдын үстүнөн өтчү. Чын эле ага маани берчү эмес экенмин. Анын “көрдүм” деген сөздү угушу өзүнчө зор мартаба эле. Анан, “Айтпадым беле…” деп аңгемесин башынан баштайт. Кээде кейип калганда, “Мени самолетто өзүнчө бөлүп сыйлашкан, силерге сөзүмдүн баркы жок…” дей берет.

… Кайсы бир жылдары борборго келип, самолет менен учуп кеткен экен. Эми азыр кечээ эле учуп келгендей, айткандан жадабайт.

— Мындай карасам эле, “Суу ичиң…” деп маңдайымда бир чирайлик кыз турат. Атайы алдыма келиптир. Карыны сыйлаганына ыраазы болуп кеттим. Башка менден улуусу жок окшойт. А суусун ичкен да арманда, ичпеген да арманда. Замзам суу жөн эле. Анан жерди карап келатам. Шу алаканга салгандай эле көрүнөт баари. Жазбай тааныдым. Биздин үй турат. – дейт. Анда байбичеси:

— Өй, чал, болду эми… Кичине окшотуп айтыңчы… – деп калат. Ага болбой талашат, Шапа акам.

“Бечелдин дөңүндө” божурап сөз козголгондо эле, “Бу, жер алаканга салгандай,  кысталак… Карасам эле биздин үй турат…” дегенде, курдашы Шамы ака анын айтканына ынанып, “Ии, Шапа анда биздин үй да көрүнөт турбайбы…” десе, “Ой, сенин үйүң кайдан көрүнмөк эле, коктуда турса…” дейт далилдүү ой айткансып. Буга чычалай түшкөн Шамы ака, “Өзүң “алаканга салгандай көрүнөт” деп атпайсыңбы. Анан минеге менин үйүм көрүнбөйт?!” деп ал дагы сөзүн бербейт. “Эй, сен самолетко түшпөгөндөн кийин, минени билесиң…” деп анын оозун жап кылар эле. Шамы ака самолетто учпаганын моюнга алып, тим отуруп калчу. А башкалары талашкандан көрө, Шапа акамдин сөзүнө куштар болуп отура беришет. Айтор, самолет биздин айылдын үстүнөн учуп өткөндө, Шапа акам кайда жүрбөсүн ушул “аңгеме” козголору турган иш эле. Ушуларды эстеп отуруп, Жалал-Абадка келип калганымды да аңдабай калдым…

Шапа акам тыпылдап чуркап келатат. Чапанын жел сапырган анын карааны мен үчүн бакыттын кушундай туюлду. Ушул жүз кадамдай болгон жакын аралык, миң жылдык кусалыктан арылтчудай сезилди мага. Ортодогу сагынычтын илеби күндү куйкалар күчкө тете болду го… Шапа акам бооруна бекем кысып, “Тыртайган дадагаң кетейин… Жакшы келдиңби?.. Тунике менен башкалап жаптык, биздин тамды көрдүңбү?..” деди кучагынан коё бербей. “Көрдүм, Шапа ака…” деп, атам жыттанган акамдин мээримине эреркей түштүм. “Жүр, эми эртереек кетели. Кан чыгарып, ата-бубага куран окутуп аттым эле. Сени эле күтүп атышат. Ананайын… ананайын…” деп чачыман-бетимен өпкүлөп коёт.

Жеңил машиналар токтогон жайга бардык.

— Тез жеткиресиңби? – деди шыпылдаган толмоч шоопурду тиктей.

— Зымылдайсыз, аба… Самолеттогудай… – деп жигит көктү карады.

— Самолетту сенден жакшы билем, үка… Үйлөгөн чаначтай болбой, жөн сүйлөбөйсүңбү… – деди дагы Шапа акам ары басарда, шоопур алдынан тороп:

— Ава, сиз маңа жактыңыз… Мемирейсиз… Кампир шабдоолу жегичең жеткирип коём… – деди. Мен бул жигиттин баскан-турганын, сүйлөгөн сөзүн карап отуруп, анын башка кесипте иштегенин элестете албадым. Турган турпаты шоопур. Туулганда эле шоопур болуп түшкөндөй сезилди. Шапа акам анын көңүлүн кыйгысы келбеди окшойт, машинага отуруп:

— 12ге жетишим керек, — деди.

— 12ге он беш мүнөт калганда жеткирип коём. Кадырыңыз жан болсун, ава… – деп моторун от алдыра баштады. Шапа акам эки-жагын каранып:

— Өпкөң жок окшойт… Машийнаң каяктыкы?.. – деп, мага карап: — Дөндүнүкү мындан жаңы, —  деп койду. Ошентип жолго чыктык. Бир аз жол жүргөндөн кийин эле, күчүктүн кыңшылаган үнү чыга баштады. Шапа акам, “Оббо, бечара…”деп сумкасын ачты эле, карасам – көзүн жаңы ачкан күчүк экен.

— Сатып алдым, чалдын баласы. Чоң дөбөт болчудай. Карасаң… – деди.

— Иттен көңүлүңүз калбады беле, — дейм.

— Жо, азыр ит керек. Бовосо адамдар талап кете турган заман болуп турат, — деди күчүгүн колуна алып.

— Баягы биз жаш кездеги итиңизди айтып атам, Шапа ака… Айылга атагы чыкты эле го… – деп бир учурдагы окуяны эсине салгым келди.

— Ээ, ону бир айтасыңбы, эки айтасыңбы. Шондо ит бакпай эле, бир балээ бактым деп жүрүпмүн. Таң атпай күл дөбөдө топураган эле кошуналар. Бириси патинкесин тапса, бириси көйнөгүн, дагы бири шейшебинин күлүн кагып аткан болот. Шул ит үчүн кампирим экөөбүз жүда-аа жаман болуп жүрдүк. “Эми, бу ит да, Шапа…” дешет. “Шонтсе да…” деп, уурулугубуз кармалгандай, айлабыз куруйт. Бир күнү шол ит липчикти тиштеп келиптир, күл дөбөгө. Эки-үч күндөй жатты. Эч ким алып кетпеди. “Кимдики болду экен?” дейт кампирим. “Чоронун келиники окшойт…” десем, “Сен көрүп койдуң беле!” деп кампирим таз-за эзбедиби” дегенде, шоопур жигит татырата каткыра күлүп, жыргап эле калды. Ал Шапа акамдин сөзүнө берилип, убада кылган музыкасын коюп бергенди дагы унутту. Акам анын күлкүсүнө таңдангандай тиктеп, сөзүн улайт:

— Жо, шондон башкасынын баары күл дөбөгө келип кетти эле да. Кампирим жууп-тазалап апкетти анан…  Ээ, чалдын баласы, ал го ит экен. Шого уялып жүрүппүз. Эмичи?.. Эми адамдан чыккан иттер бар. Ии, шундай. Билсең, чалдын баласы, пахта ууру көбөйдү. Жайды жайлата бекер жүргөн бир накустанын үйүн аңтарсаң, бир тонна пахта чыгат. Туурубу, шоопур, бала? – деди эле, оозундагы сагызын жалжаңдата чайнап, башын ийкеп койду. Шапа акам анын далысынан бери тарта:

— Бу, үкам болот… Жазуучу… Бишкекте турат. Шаарга барбайсыңбы, буякта эле татырап жүрө бербей… Машийнаңа ишенбесең,  Дөндүгө карат… – деп үнүн катуу чыгарып маалымат берип баратты. Анан мага бурулуп:

— Өткөндө Кекин жолугуп айтат: ”Түндө талаага барсам, пахтамы терип аткан кишини таанып, үндөбөй баса бердим…”дейт. “Ким?! десем, айтпайт. “Уялдым, Шапа ака” дейт. Мына шунда-ай… Шон үчүн ит багыш керек, чалдын баласы, — деди күчүгүнүн башынан сылап.

Аңгычаң айткандай зуулдап үйгө тез эле жетип келдик. Шапа акамдин сөзүн арбалгандай шоопур жигит, “Сиз маңа жактыңыз, ава…” деп узата карап кала берди.