3000 жылды карыткан кыргыз тарыхы

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Кытай жазылмаларында кыргыздар тууралуу маалымат 3000 жыл мурда жазылып калтырылганын азыркы кытай окумуштуулары далилдеп жатышат. “Кыргыздардын аскери күчтүү, асыл тукум күлүк аттарды абдан жакшы көрүп багышат жана байкерчиликте жашаган эл” , -деп, биздин эрага чейинки 10-кылымда кытай императору өзүнүн жазмаларында калтырып кетиптир. Бул баалуу маалыматты алгачкы жолу үстүбүздөгү жылдын апрель айындагы Президент С.Жээнбековдун КЭРге барган иш сапарынын алкагында, Пекинде кытай тарыхын изилдөөчүлөрдүн тобу менен жолугушуу учурунда Кытайдын коомдук илимдер академиясынын тарых изилдөө институтунун профессору Ли Цзиньсю билдирген болчу. Кандай болгон күндө да дүйнөдөгү эң байыркы жана фактыларга эбегейсиз бай болуп саналган Кытайдын архивдеринен кыргыздар тууралуу маалыматты иликтөөгө айкын жол ачылды. Кытайдын тарыхчылары менен биргелешип иш алып баруу боюнча мамлекет башчы Жээнбеков КРнын Президентине караштуу тарыхый жана маданий “Мурас” фондуна тапшырма берген. Бул тууралуу кабарчыбыздын аталган фонддун төрагасы Кыяс Молдокасымов менен маегин сунуштайбыз.

– Кыяс Сатарович, кыргыз тарыхына 2200 жыл толду деп, ал боюнча мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлгөн. Ал эми азыркы күндө Кытай окумуштуулары кыргыздар тууралуу 3000 жылдык маалыматтарды таап кубандырып жатышат. Бул окуялар кандайча болуп кетти?

– Кытайдын архивдеринде, музейлеринде, китепканаларында кыргыздардын тарыхы боюнча өтө бай материалдар бар. Биз, тарыхчылар, Кытай булактарынан кеңири маалымат алууга көптөн бери аракеттенип келгенбиз. А.Акаевдин президенттиги учурунда айрым гана маалыматтар алынып, бирок ал үзүл-кесил жазылмалардын жыйнагы болуп чыгып калган. Андан кийинки жылдары да тарыхчылардын аракети ишке ашпай келди. Өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан бери кытайлык кыргыз илимпоздор тарабынан азын-оолак болсо да изилденди. Бирок, комплекстүү, орчундуу иш баштала элек болчу. Буга бир нече жагдай себеп болду. Биринчиден, кошуна Казакстан жана Өзбекстандагыдай мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай, каражат бөлүнбөй келди. Экинчиден, эски кытай тилин билген адистерибиз өтө сейрек. Иероглифтерде абдан чоң айырма болгону үчүн эски кытай тилинен азыркы жаңы кытай тилине которуп чыгуу алардын окумуштууларынын өздөрү үчүн да оңой эмес.

2018-жылдын июнь айында Президент С.Жээнбеков Пекинге расмий иш сапары менен барганда КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге, алардын маданият жана туризм министрлигине кайрылып, Кытайдын байыркы жазма булактарындагы кыргыз тарыхына байланыштуу архивдик документтерди иликтеп жыйноого колдоо көрсөтүүнү өтүнгөн. Демилгени КЭРдин жетекчилиги колдоого алып, ага бардык мүмкүнчүлүктү түзүп беришерин билдирген болчу. Мамлекет башчысынын тапшырасы менен «Мурас» фонду бул ишти турмушка ашыруу аракетин баштаган. Ошондон бир ай өткөн соң, мен Пекинге барып, ал жердеги Кытайдын коомдук илимдер академиясынын алдындагы тарых изилдөө институнун кызматкерлери менен байланыштым. Ал жерде бир топ жылдардан бери иштеген, Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунан чыккан Жаркын Турсун деген кытайлык кыргыз кызына жолуктум. Жаркын кытайча мыкты билген окумуштуу. Андан тышкары, Кытайдын тарых изилдөө институтуна караштуу Евразия изилдөө борборунун жетекчилери менен архивдик документтерди таап, жыйноо иштерин жүргүзүүнү макулдаштык.

“Мурас” фондусу кытай окумуштуулары менен байланышты чыңдоо максатында өткөн жылдын август-сентябрь айларында Бишкекте, Ысык-Көлдө өткөн алтаистика конференциянын 61-жыйынына жана 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырганбыз. Аларды Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алган. Анда кытай окумуштуулары менен алардын архивдеринен кыргыздарга байланыштуу тарыхый документтерди жыйнап, байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кийин кыргыз тилине которуу маселелери талкууланган. Андан кийин меймандарга Бурана, Суяб, Ош шаарындагы, Өзгөндөгү тарыхый жайларды көрсөтүк. Ошентип бул жактан баргандан кийин кытай окумуштуулары кыргыздардын тарыхын иликтөөнүү конкреттүү түрдө башташкан болчу.

– Кыргыздар үчүн абдан олуттуу ишти Кытайда кайсы окумуштуулар жүргүзүп жатат?

– Кытай тарыхын изилдөө институтунда бүгүнкү замандын эң көрүнүктүү окумуштуусу болуп саналган Ю Тайшан деген тарыхчы бар. Мурда ал Кытайдагы Евразия изилдөө борборун жетектен. Ю Тайшан байыркы Кытай иероглифтерин кайра чечмелеп, биздин заманга чейинки Х кылымдагы “жанкун” деп аталган, кийин “генкун” жана “кагияс” деген эл кыргыз деген бир эле эл экенин кайра чечмелеп, далилдеп чыгып, өзүнүн макаласын жазып келди.

Мындай маанилүү окуяны башка мамлекеттерде абдан чоң майрам катары кабыл алышмак. Ал эми биздин коомчулуктун айрым өкүлдөрүнө, кээ бир окумуштууларга бул маалымат шектенүүчүлүктү пайда кылды. Ушундай кайчы пикирлерден кийин биз Ю Тайшандан кыргыздардын байыркы эл болгону тууралуу маалыматтарды бир нече жолу тактадык. Ал эми өткөн жылы мамлекет башчы С.Жээнбековдун Пекиндеги кытай тарыхчылары менен жолугушуусунан кийин алар КТРК жана ЭлТРга берген маектеринде кыргыздын байыркы эл экени тууралуу далилдүү айтып беришкен.

Андан тышкары, ушул жылдын январь айында КЭРдин коомдук илимдер академиясына караштуу тарых изилдөө институту менен “Мурас” фондунун ортосунда Пекин шаарында өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Ал эми Си Цзиньпиндин Бишкекте июль айында өткөн ШКУнун саммитине келип, С.Жээнбеков менен болгон жолугушуусуна карата алардын окумуштуулары кыргыздардын кытай архивдериндеги байыркы тарыхы боюнча маалыматтарды чогултуп, атайын китеп кылып чыгарып келишти. Ал китепке Ю Тайшан, Жаркын Турсун, Ценгели, Ли Цзиньсю жана корей, япон окумуштуулары ж.б. авторлордун макалалары кирди. Кытайдагы Евразия борборунун жыл сайын чыгаруучу жыйнагы бул жолу жалаң кыргыздардын байыркы тарыхына арналды. Ошол китепти С.Жээнбеков Си Цзиньпинге расмий түрдө берди.

– Ал китеп байыркы кытай тилинде чыктыбы?

– Ооба, негизинен байыркы кытай тилинде жана бир азыраагы англис тилинде жарыяланды. Эми эски кытай тилинен аларды жаңы кытай тилине которуу керек. Ошондон кийин гана кыргызчага которулат. Азыркы учурда биз ошол китепти которуу үчүн каражат издеп жатабыз. Эми бизде эски кытай тилин билген кыргыз адисттерин даярдоо маселеси келип чыкты. Бүгүнкү күндө байыркы кытай тилин үйрөнсөк деген жаштар аз эмес. Бирок, каражат жагы тартыш. Кылымдар бою кыргыз эли өзү тууралуу маалыматтарды санжыра түрүндө оозеки жеткирип, айрым окуялар таш бетинде гана жазылып калтырылган. Ал эми Кытай императорлору ар бир окуяны катчыларына жаздырып турушкан.

Совет бийлиги кулаган соң кошуна республикалар дароо чоң каражат бөлүп, Кытай архивдеринен маалыматтарды иликтөөгө өтүшкөн болчу. Биз да буга абдан олуттуу мамиле кылсак, 3000 жылдан берки элибиздин тарыхын чагылдырган маалыматтар өтө арбын чыгаарында шек жок. Тарыхыбыз толукталып, такталып, байып бизден кийинки урпактарга калтырылышы керек.