Талас: «Альянс Алтындан” – “кара алтын”

Жакында «Альянс Алтын» компаниясы Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагындагы аялуу 100 үй-бүлөгө 500 килограммдан көмүр таратып берди.

Аялуу катмардагы адамдарга көмөк көрсөтүү боюнча Бекмолдо айыл аймагынын башчысы Кубаныч Каныбеков компанияга кайрылган. Ал эми тизмени айыл башчылары, социалдык кызматкер менен бирге түзгөн. Тизмеге Сасык-Булак айылынан – 33, Кара-Ой айылынан – 33, Хан Бүргө айылынан – 12, Кеңеш айылынан – 12, ошондой эле аз камсыз болгон он мугалим кирип, комиссиянын тыкыр көзөмөлүндө таркатылып берилди.

– 50 тонна көмүрдү Нарын облусундагы Беш-Сары көмүр базасынан алдырдык, себеби таптуулугу жакшы экен, тоннасы 5000 сомго турду. Мунун ичинде айдоочулардын эмгек акылары, көмүрдү түшүрүп, каптап, үй-үйгө тараткан жумушчулардын да эмгек акылары камтылган, – деди компаниянын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Данияр Жаныкулов.

Ал эми компаниянын башкы директорунун орун басары Ойталбек Осмонов мындай көмөк мугалимдерге да көрсөтүлөөрүн билдирди.