“Кыргыз Туусу” 95ке толуптур, Гезиттердин аксакалы болуптур

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


“Кыргыз Туусунун” 95 жылдык мааракеси аны күтүп окуган окурмандарыбызды, айрыкча узак жылдардан бери кызматташып келаткан жер-жерлердеги улуу-кичүү кабарчыларыбызды да толкундатып турат. Бул катты редакция менен узак жылдардан бери кызматташып келе жаткан карыя кабарчыбыз Мухтазар Акматов жазыптыр.

“Урматтуу “Кыргыз Туусу” гезитинин кызматкерлери, 95 жылдык тоюңар менен чын жүрөктөн куттуктайм. “Кыргыз Туусу” гезитин 1954-жылдан бери окуп келем. Менин эң сүйүктүү гезитим деп эсептейм. Өзгөн райондук “Октябрь туусу” (азыркы “Өзгөн нуру”) гезитинде 25 жыл иштедим. Ушул мезгилде “Кыргыз Туусунун” активдүү кабарчысы катары ар түрдүү темада кабар жазып турчумун. 1995-жылдан пенсиядамын. Мен 85ке чыктым, бирок өзүмдүн сүйүктүү гезитимди үзбөй окуп келе жатам. Китепканага бир жумада эки жолу барып окуп турам”:
“Кыргыз Туусу” дайым жанымда,
Кубанамын ар бир окуганымда.
“Кыргыз Туусу” 95ке толуптур,
Гезиттердин ак сакалы болуптур.
Мындан ары 100гө кадам таштасын,
Кыргызымды жакшы жолго баштасын. Мухтазар АКМАТОВ, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү

Редакциядан: Карыя кабарчыбыздын сөзүнүн аягында минтип чын жүрөктөн жазып жатканы бизди да толкундатпай койгон жок. “Урматтуу кесиптештер, кечирип койгула, карылык жеңип жатат. Кол жазмам бузулуп жакшы-накыл жаза албай калдым. Саламым менен”, — дейт. Ушул сөздөн эле чоң жоопкерчиликти, адамдык пакизалыкты сезип турабыз. Билгендерге бул улуу тарбия! Бар болуңуз кадырлуу Мухтазар Акматов аксакалыбыз! Карылыкка моюн сунбай, минтип калем кармап бизге салам жолдоп кабарлашканыңызга “Кыргыз Туусу” гезити ыраазычылык билдирет. Ал эми кол жазмаңызга келсек, азыр жалаң компьютер менен иштеп калган айрымдарыбызга караганда абдан эле даана жана сулуу жазылган деп эсептейбиз. Дагы бир айтып коюучу нерсе “Кыргыз Туусу” гезитинин туруктуу окурманы жана ардактуу кабарчысы катары бул катыңыз, сүрөтүңүз “Кыргыз Туусу” гезитинин музейине алынды. Сизге чың денсоолук, чыгармачылык ийгилик, карыялык бакдөөлөт каалайбыз!