Талас: Сот Дамир Курманалиевдин пайдасына чечти

Жакында Талас шаардык соту 1-вице мэр Дамир Курманалиевдин пайдасына чечим чыгарды.

Расмий маалыматтар боюнча Д.Курманалиев эмгек өргүүгө чыгып, андан ары кызматтан өз каалоосу менен бошонуу тууралуу арызын 2019-жылдын 5-июлунда жазып берген. Бирок 3-июлда ал оюнан баш тарткан катын мэрияга тапшырган. Аны иштен бошотуу маселесинде шаардык кеңеш өз макулдугун берүүсү кажет эле.

Ал Талас шаарынын мэри А.Жусупбековго жолдогон арызында 2019-жылдын 5-июлунда ооруп калгандыгына байланыштуу Бишкекте ооруканада дарыланып жаткандыгын, ал тууралуу стационардык бейтаптын медициналык картасын жөнөткөнүн маалымдаган. Бирок ага карабастан мэриянын 08.07. 2019-жылы №10 буйругу менен аны кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулсун деген буйрук чыгарылган.