“Кыргыз Туусуна” – 95 жыл

Даярдаган Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


«Алиппеден» мурда чыккан тун гезит

Элдик академик, улуу лингвист, кыргыз элинин тун гезитин чыгарууга катышкан Кусеин Карасаевдин эскерүүсүнөн:

“Бул 1924-жылдын ичи эле. Мына ошондо кыргыз өзүнчө автономиялуу область болду. Өзүнчө жазууга ээ болду, өзүнчө окуу куралдарын түздү, өз тилинде гезит чыгаруу маселеси туулду. Ошондо араб тамгасынан 24 тамганы жана “кыбачы” деген белгини алып өзүбүзчө тамгага ээ болдук. Бул окуя 1924-жылы Өзбекстандын азыркы борбору Ташкент шаарында болгон. Күн чыгыш чөлкөмүндөгү майда-чоң улуттарга байыркы Рим сыяктуу жакшылык жарыгын арбын тийгизген ушул куттуу шаарда 7-ноябрда кыргыз элинин тун гезити “Эркин Тоонун” алгачкы саны араб тамгасы менен басылып чыкты.

Кыргыздын алиппеси менен энциклопедиясын, маданияты менен илим-билимин, адабияты менен журналистикасын, улуттук биримдиги менен мамлекеттик түзүлүшүнүн маселелерин алданемедей аталышына сиңирген алгачкы гезиттин ошондогу нускасы 1000 болду. Ташкентте иштеген жана окуган Ала-Тоо азаматтары жаңы жарыкка чыккан гезитти таң эртең менен Октябрь революциясынын жети жылдыгына арналган демонстрацияда баратып алып жатышты…”

Буга чейин тарыхта улуттун тун гезити ариптамга тааныткан “Алиппесинен” мурда чыккан тажрыйба кайсы элде болду эле? Ошол эле 1924-жылдын 7-ноябрында – Кара-Кыргыз автономиялуу областы түзүлгөн тарых унуткус 14-октябрдан туура 24 күн өткөндөн кийин кыргыз тилегин жаркын келечек жолуна канат тагып учурган “Эркин Тоонун” биринчи саны чыкты.”

Эмне себептен латын тилинде чыккан?

“Эркин Тоо” гезитинин алгачкы санында катчы болуп иштеген Сыдык Карачевдин эскерүүсү:

“Биринчи санды чыгаруунун үстүндө иштегендер Кыргыз обкомунун бюросу бекиткен гезит жөнүндөгү жобонун талаптарын алдыңкы планга жарыялаган баш макала, ар түркүн кабар, ар түркүн куттуктоо материалдарда эле примитивдүү болсо да мүмкүн болушунча так сактоого аракет жасашканын адилеттүүлүк үчүн белгилеп коюу керек”.

Зарыл тактоо

“Эркин Тоо” гезитинин 1926-жылдын 8-апрелиндеги №15 санына Касым Тыныстановдун “Баку калаасында боло турган түркология съезди жана анын кадыры” аттуу көлөмдүү макаласы жарыяланган экен. Ушул эле жылдын акырында Кыргызстанда жаңы алфавит комитети түзүлүп, анын төрагалыгына Кыргызстан Борбордук Аткаруу Комитетин жетектеген Абдыкадыр Орозбеков, орун басары болуп Касым Тыныстанов дайындалат. Ошол мезгилде латын алфавитине тез өтүүнүн зарылдыгы эмнеден улам келип чыкты десе, көрсө, анын жүйөөлүү себеби, араб алфавити менен байланышкан ислам дининин реакциячыл таасиринен качуу аракетинде деген саясий шылтоодон келип чыккандыгы айтылат.

Басма сөздүн баркын түшүнгөндөр

“Эркин Тоонун” 1926-жылдын 7-апрелиндеги санына “Басма сөзүбүздү илгерилетели” деген макала жарыяланган. Авторлору Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Акмат Байышев жана Турусбеков деген мугалим. 1926-жылы кыргыз элинде эч кандай адабий жана саясий журнал жок болчу. Эч кандай музей да болгон эмес. Ошондо кыргыз мектептеринде бала окутуп, калктын сабатсыздыгын жойгон мугалимдер педагогикалык журналга, ал эми акынжазуучулар адабий-көркөм журналга аябай муктаж эле.

Мезгилдин талабын илгерилетпей түшүнгөн жогоруда аты аталгандар өкмөттүн жардамы качан тиет деп күтүп отурбай, “Эркин Тоо” аркылуу кыргыз интеллигенттерине кайрылып, өздөрү да чөнтөктөрүнөн он сомдон акча кошушуп (ал кезде он сом азыркы үч койдун наркына барабар болгон) силер да бизге окшоп 10 сомдон акча бергиле деп, 110 кишиге чакырык салышкан экен.

Демилге жерде калбаптыр. Алардын чакырыгын ошол кездеги “Кошчу” союзунун төрагасы Нуркул Кулназаров биринчи кабыл алып он сомдон кошуп, андан тышкары, төл гезитибиздин 12-апрелиндеги санында өз жолдошторунан дагы 29 кишиге үгүттөө жасаптыр. Ал эми 14- апрелдеги санда Карчач уулу, Майрык уулу, Түлөкабыл уулу жана Калпак уулу аталган патриоттук чакырыкты кабыл алышып, алар дагы өз жолдошторунан 30 кишини чакырышкан.

“Эркин Тоонун” жолу үзүрдүү болуп, эки жылдын ичинде элден көп акча жыйналып, 1928-жылдын май айында “Жаңы маданият жолунда” аттуу журналдын биринчи саны жарык көргөн.

P/S: Макала “Кыргыз Туусу” гезитинин 1924-2004-жылдар аралыгындагы тарыхый таржымалынын урунттуу учурлары, таланттуу журналисттердин чыгармачылык жолу жана ошондой эле гезит бетинен орун алган өлкө турмушунун этаптары камтылган “Кыргыз Туусу – ХХI кылым гезити” китебинин негизинде даярдалды.