Көз караш: Кытайдын үч доору — үч кеменгери

Кытайдын коммунисттик партиясынын ХIХ съездинде азыркы учурдагы Кытайды Кытай кылган журт атасы катары үч лидер аталды. Алар: Мао Цзэдун — өлкөнү баскынчылардан бошотуп, чөгөлөп турган элди бутуна тургузган, Дэн Сяопин – жакыр өлкөнү байытып,элди бакубат турмушка жеткирген жана Си Цзиньпин — элди, өлкөнү күчтүү кылып бүткүл дүйнөнү эсептештирген. Кытайдын жаңы тарыхындагы үч доор ушул үч саясий лидердин ысымдары менен тыгыз байланыштуу.

Цин империясын апийим согушу алсыратып, элди оор абалга алып келген. Синьхай төңкөрүшү монархиялык бийликти кулатканы менен өлкөнү түбөлүгү түз туура өнүгүү жолуна сала алган эмес. Кытай индустриялашкан, аскердик жагынан кубаттуу Батыш өлкөлөрүнүн баскынчылыгына туруштук бере алган жок. Бийликтеги Гоминдан партиясы алсыз болуп, улуттун башын бириктире албай, Европа өлкөлөлөрүнө көз каранды болуп калган. Ушундай кыйын учурда бир жагынан Япония басып кирген.

Өлкөнүн башына күн түшкөн ушундай учурда коммунисттик партиянын лидери Мао Цзэдун Гоминдандын башчысы Чан Кайшиге мекенди коргоо үчүн ички кармаштарды токтотуп, андан көрө биригип, япондорго каршы күрөшүүнү сунуш кылган. Мао Цзэдундун көрөгөчтүк бул демилгеси менен өлкө япондук баскынчылардан тазаланып, ички күрөш кайра башталып, эл коммунисттерди колдоп, алар гоминдандарды жеңип, 1949-жылы Кытай Эл Республикасы түзүлгөн. Мао Цзэдунга оор мурас калган, согуштан кийин алсырап, кансырап турган өлкөнү бутуна тургузуу кечиктирилгис маселелерден болгон. Саясий-экономикалык түзүлүштү кайра калыбына келтирүү үчүн Мао Цзэдун Кытайдын миң жылдарды камтыган тарыхынын өзөгүн түзгөн ынтымак идеясын көтөрүп чыккан, ушул уңгулуу идея өнүгүүнүн пайдубалын түптөгөн. Жаңы, жаш мамлекеттин алдында чоң милдеттер турган. Жер реформасы жөнүндө мыйзам, нике жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле айыл чарба кооперативдери, элдик коммуналар түзүлүп, 156 ири долбоорду жүзөгө ашыруу башталып, өлкөнү индустриялаштыруу күч алган. 1964-жылы Өкмөт башчысы Чжоу Эньлай төрт тармакты модернизациялоо саясатын сунуш кылган алар: айыл чарбасы, өнөр жай, коргонуу, илим жана техника. Тилекке каршы, ошол мезгилде “маданий революция” да жүрүп, бийлик негизги күчүн ошого жумшаган.

1978-жылы Дэн Сяопин бийликке келгенден кийин ал аягына чыкпай калган бул маанилүү долбоорлорду колго алып, кайрадан жандандырган. Реформа жана ачыктык саясаты башталгандан кийин айыл чарбасы жана өнөр жай өнүгө баштаган.

Инвестицияларды тартып келүү, эркин экономикалык аймактарды ачуу, экспортту көбөйтүү – өкмөттүн негизги максаттарынын бирине айланган. Дэн Сяопин пландуу экономика менен рынок экономикасын ыктуу кыйыштырып, социалисттик жана капиталисттик чарба жүргүзүүнүн формаларын айкалыштырып, өнүктүргөн. Бул Кытайдын мамлекеттик саясатын жана экономикасын чоң өзгөрүүлөргө алып келген. Дэн Сяопин өлкө башчысы катары башкаруу концепциясына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизген. Ал Кытайдын өнүгүүсүн пландаштыруу менен бирге он беш жыл бою реформалардын жүрүшүн катуу көзөмөлдөп, жүзөгө ашырган. 1979-жылы Дэн Сяопин “Орто оокаттуу коом” концепциясын сунуштаган. Ошол изги максат улантылып, 2002-жылы ККП БКнын 16-съездинде “Орто оокаттуу коомду куруу” концепциясы конкреттүү пландаштырылып, ал план боюнча 2020-жылга чейин калктын жашоо деңгээлин жана киши башына кирешени европалык деңгээлге жеткирүү пландаштырылган. 2012-жылы Кытайдын киши башына орто кирешеси 5000 АКШ долларын түзүп, Кытай орто деңгээлдеги кирешелүү өлкөлөрдүн катарына кирген. 2014-жылы киши башына орто киреше 7575 АКШ долларын түзсө, 2018-жылы киши башына орто киреше 10 миң АКШ долларына жеткен. Бүткүл дүйнөлүк банк аныктаган киши башына улуттук киреше өнүккөн өлкөлөргө коюлган стандарт боюнча киши башына 12 736 АКШ долларын түзөт. 2020-жылга Кытай ушул стандартка жетүү максатын көздөп жатат.

Дэн Сяопин реформаны айыл чарбасынан баштаган деген пикирдин негизи бар, бирок ал ишти биринчи кадр тандоодон баштаган, непотизм менен катуу күрөшкөн. Кадрлардын кесиптик даярдыгына, саясий көз карашы на, адамкерчилигине карап баалаган. Дэн Сяопин “маданий революция” убагында куугунтукталган мамлекеттик кызматкерлерди актаган. Цзян Цземинь да, Ху Цзиньтао да, Си Цзиньпин да убагында сүргүнгө айдалган. Дэн Сяопин бийликке келгенден кийин алардын багы ачылган.

Экинчи муундагы Кытай коммунисттик партиясынын жетекчилери негизинен Дэн Сяопиндин тарбиясын алган жетекчилер десек болот. Цзян Цземинь үчүнчү муундагы партия жетекчилеринин башында туруп, Дэн Сяопин түзгөн саясий-экономикалык программаны жүзөгө ашыруунун үстүндө иш алып барды. Кадр тандоо – мамлекетти башкаруунун эң негизги маселеси деген Ден Сяопиндин осуятын жетекчиликке алып, Ху Цзиньтао башында турган төртүнчү муундагы партия башчылары татаал турмуш мектебинен өткөн, мамлекетке ак кызмат кылган, таза, темирдей бекем тартипти сактаган саясий лидер Си Цзиньпинди бешинчи муундагы партия жетекчилигине алып келди. Ал бийликке келгенден кийин чечкиндүү кадамдарды жасоо менен бирге “Коммунисттер элди өз эне-атасындай сүйүшү керек. Алардын негизги милдети – элди бакубат жашоого жеткирүү” деп элдин таламын талашып, каруусун казык, канын азык кылып, элге ак кызмат кыла турганын билдирген.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” деп аталган китеби 2014-жылы жарык көрүп, жыйырмадан ашык тилдерге которулуп, жогору бааланууда. Китеп кыргыз тилине которулуп, “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду бет ачарын өткөрүп, конференция уюштурган. Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков: “Бул эмгек – дүйнөдөгү окурмандар үчүн Кытайдын мамлекеттик саясатын тереңирээк түшүнүүгө болгон көпүрө. Кытайдын өнүгүү логикасын баамдоо, кытай коомунун терең философиясына негизделген мамлекеттик башкаруу ыкмасын түшүнүү үчүн бул китепти сөзсүз окуп чыгуу абзел. Дүйнөлүк саясий аренада зор кызыгууну жараткан бул китепти окурмандар жаңы кылымдын жаңы көз карашы катары кабыл алып, баалап жатышат. Китептин негизги мазмунун — учурда болуп көрбөгөндөй темп менен өнүгүп жаткан Кытайдын тарыхына таянып, анын келечеги жөнүндө автордун ой толгоосу түзөт. Кытай мамлекетинин өнүгүү жолун көрсөткөн концептуалдык идеялар жазылган… Си Цзиньпин мырзанын эмгеги кытай элинин ийгиликтеринин сырын, дүйнөлүк аренадагы кытай феноменин, өлкөнүн концептуалдык философиясын, өнүгүү формуласын терең өздөштүрүүгө жол ачат” деп бул китепти жогору баалоо менен философиясын терең ачып берген.

Си Цзиньпин Кытай коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракесине карата орто оокаттуу коомду ар тараптуу куруу, кытай элин бакубат, бактылуу жашоого жеткирүү, ал эми Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкөсүн бай, кубаттуу, демократиялашкан, цивилизациялуу, модернизацияланган социалисттик мамлекетке айлантуу, эң негизгиси кытай улутунун улуу кайра жаралуусун жүзөгө ашыруу – күрөштүн негизги багыты болорун белгилеген.

2013-жылы Төрага Си Цзиньпин дүйнөгө кеңири белгилүү болуп жайылган “Бир алкак – бир жол” демилгесин көтөрүп чыкты. Ал дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн камтыган, кургактагы жана деңиздеги Жибек жолун кайра жаратууну көздөйт. “Бир алкак – бир жол” демилгеси транспорттук инфраструктураны колдогон инвестицияларга артыкчылык берет. Өлкөлөрдүн ортосундагы соода, финансы тармактары боюнча кызматташтыкты күчөтүп, маданият, билим берүү, илим тармагындагы байланыштарды колдоого алат. Бүткүл дүйнөнү камтыган бул кылым долбоору Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш, Россия, Европаны эле эмес, деңиз жолу аркылуу Азия, Африканы да бириктирүү максатын көздөйт. Бул гиганттык долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Инфраструктуралардын Азия өнүктүрүү банкы, БРИКС улуттук банкы, “Жаңы жибек жолу” фонду, Кытай инвестициялык корпорациясынын филиалы, Кытай мамлекеттик өнүгүү банкы жана чет өлкөлүк өнөктөштөр болуп, төгөрөктүн төрт бурчун камтыган “Бир алкак—бир жол” долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн баштапкы этапта жумшала турган каражат 2,5 триллион АКШ долларын түзөт. Азыркы учурда Кытай дүйнөнүн 120 өлкөсү менен соода–экономикалык байланышта болуп, ишенимдүү өнөктөш катары кызматташууда.

“Бир алкак – бир жол” демилгеси дүйнөнүн көп өлкөлөрү тарабынан колдоого алынып, азыркы учурда 150дөн ашык мамлекет жана эл аралык уюм бул демилгенин алкагында кызматташуу үчүн келишимдерге кол коюшкан.

40 жыл мурда башталган реформа Кытайда эволюциялык жол менен жүргүзүлүп, азыркы учурда да ургаалдуу улантылууда. Төрага Си Цзиньпин тарабынан сунушталган өлкөнү башкаруу системасын модернизациялоо боюнча программа ийгиликтүү ишке ашырылып, ушундай жемиштүү жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында Кытай стабилдүү өнүгүп жатат.

Төрага тарабынан “Көп кырдуу төрт багыт” стратегиялык планы сунушталган, бул “кытай кыялын” жүзөгө ашыруунун теориялык базасы болуп саналат. Ал эми андан кийин жарыяланган “Өнүгүүнүн беш концепиясында” бул программаны ишке ашыруунун жол-жоболору көрсөтүлгөн. “Көп кырдуу төрт багыт” стратегиясы Кытайдын өнүгүүсүн мындан да туруктуу кылган көсөм жетектөөнү камсыз кылат.

13-беш жылдык планында жемкордук менен күрөшүү, абийирдүү өкмөт түзүү тууралуу так айтылган. Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш “Же коррупция компартияны жеңет, же компартия коррупцияны жеңет!” деген чакырыктын алдында катуу жүргүзүлүп, мурда жемкордук менен майда чабактар кармалып келсе, эми күрөш бийликтин жогорку эшалондоруна чейин жетип “киттер” коррупция менен колго түшүп, кармала баштаган.

Өнүгүүнүн жаңы концепциясы боюнча мамлекет мындан наркы рынок шартында атаандаштыкты камсыз кылуу менен ресурстарды бөлүштүрүүнү кайра карап чыгууну, кирешелерди туура бөлүштүрүүнү көздөөдө. Кытайдын экономикалык стратегиясынын негизги максаттарынын бири – кытай компанияларынын эл аралык рынокто атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай кылып кемелине келтирүү. Ушундай чымырканган мээнеттин, көсөм мамлекеттик саясаттын натыйжасында Кытай дүйнөлүк державага айланып, дүйнөнүн экинчи экономикасы болуу менен робот технологиялары, биотехнология, жасалма интеллект жана башка 10 багыт боюнча алдыга озуп чыгып, лидер болду.

Төрага Си Цзиньпиндин эл аралык мамиле боюнча “Ар түрдүү көз караштарда макулдашууга жетишүү” концепциясы да колдоого арзыды.

Ал эми жогоруда белгиленген “Көп кырдуу төрт багыт” стратегиясы Кытайдын жаңы саясий идеологиясы десек болот. Мына ушундай чоң максаттардын бардыгын ишке ашыруунун негизги кыймылдаткычы – коомдогу гармония, ынтымак, тартип болуп эсептелет.

Гармония Конфуций илиминде да, кытай маданиятында да өтө терең, маанилүү түшүнүк. Ынтымак, биримдик Кытайдын тарыхында калыптанып сыноодон өткөн баалуу тажрыйба. Орто оокаттуу коомду куруу, мыйзамдын бийлигин орнотуу, партиялык башкарууну жөнгө салуу жана жемкордук менен аёосуз күрөшүү менен ХХI кылымда кытай улутунун кайра жаралуусун жүзөгө ашыруу Төрага Си Цзиньпиндин көсөм саясатынын негизги максаты болуп саналат.

Мурат ЖУМАТАЕВ, КР Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик