Токтогул ГЭСиндеги суунун азайышынын себебин айттылды

Токтогул ГЭСи өлкө боюнча электр энергиянын 30-35%ын чыгарат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында «Электр станциялары» ААКсынын техникалык директору Таалайбек Бектенов билдирди.

Анын айтымында, жабдыктар эскирип, ага байланыштуу энергетика тармагында реабилитация иштери башталган. Иштерди 2023-жылдын 10-ноябрына карата аяктоо пландалууда.

Бектенов белгилегендей, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 100 млн долларга жакын каражат үнөмдөлгөн. Ал каражат Үч-Коргон ГЭСин реабилитация иштерине жумшалат.

«Электр энергиянын жетишсиздиги болбошу үчүн электр энергияны сырттан алуу боюнча иштер жүрүүдө» — деди ал.

Бектеновдун айтымында, Токтогул ГЭСиндеги суунун азайышы жылда кайталануучу цикл. Учурда, суунун келишинин азайышы жыл мезгили менен байланыштуу. Аба-ырайынын сууктап, чыгымдар көбөйгөндүктөн да суу көбүрөөк кете баштаган.