Баткен: Кулундуда – жаңы спорт комплекси

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы спорт комплексинин курулушу аяктап, ачылуу алдында. Спорт комплексинин курулушуна жергиликтүү бюджеттен 16 млн. сом каражат жумшалган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кулунду айыл аймагында спорт зал болбогондуктан, спорттук иш-чараларды өткөрүүдө мектептердин спорт залына, же болбосо кошуна айылга барууга туура келген. Эми айыл жаштары заман талабына жооп берген спорт комплексинде ден соолуктарын чыңдай алат.

Чек арада жайгашкан Кулунду айылындагы бул объекттин мааниси зор. Анткени, кошуна мамлекеттин чектеш аймактарындагы жаштар арасында достукту, ынтымакты чыңдоо жаатында спорттук иш-чаралар байма-бай өтүп турат.

Кулунду айыл аймагында 26 миңден ашуун эл жашайт. Аталган айыл аймак жергиликтүү тургундардын социалдык көйгөйлөрүн, өз күчү жана инвестиция тартуу аркылуу бир кыйла жеңилдетүүгө жетишип келет. Айыл аймактын бул аракети бааланып, жыл башында Өкмөт тарабынан “Мыкты айыл өкмөтү” деп табылган.