Талкууга сунуш: Айтматовдун айкели – кыргыз элинин жүзү

Жалпы улуттун рухий символуна айланып калган доордун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун философиялык ойлорго карк болгон чыгармаларына кимдер гана суктанбады. Анын сыйкырдуу калеминен жаралган чыгармаларына дүйнөгө белгилүү композиторлор менен режиссерлор, кинематографисттер менен живописчилер нечен ирет кайрылышып, акыры мыкты спектаклдер, кинофильмдер, музыкалык чыгармалар менен көркөм полотнолор жаралганы баарыбызга жакшы маалым.

Айтматовдун жаркын элеси ар бир кыргыздын жүрөгүндө. Анын ордун эч ким толтура албайт. Айтматов феномени — кайталангыс феномен. Айтматовдун феномени — оболу кылымдарды карыткан кыргыз элинин кыртышында уюп жатат да, андан соң “Манас” баш болгон элибиздин руханий угутубуздан өнүп-өсүп Чыгыш менен Батыш элдеринин маданияты менен жуурулушуп кеткендигинде. Айтматов кыргыз элинин гана эмес бүтүндөй адамзаттын энчисине айланган кайталаңгыс руханий-көркөм феномен. Мына ошо феноменди феномендей кылып, ар бир кыргыздын жүрөгүнө жакын, жазуучунун чыгармаларын окуган окурман элестеткендей кылып жаратуу мезгил талабы.

Биз ким менен сыймыктанабыз? Ырас, дүйнөдө тендеши жок жарым миллион саптан турган “Манасыбыз” бар деп мактанабыз. Бирок, аны окуган бар, окубаган бар. Англис тилин кой, орусчага кандайча оодарылган? Деги эле бүгүнкү ааламдашуу заманда “Манасты” ким окуйт? Кыргызды ким тааныйт? Кептин ачыгы, кыргыз эли жалгыз гана Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу бүт дүйнөгө белгилүү болбодубу.

Эми Ч.Айтматовго орнотула турган эстелик кандай болуш керек? Символдор аз болуш керек. Монументалдуу. Көзгө толумдуу. Көргөн адамга бир караганда эле Ч.Айтматовдун руханий пайгамбарлык касиети дароо сезилиши абзел. Ырас, муну ийине чейин жеткиликтүү кылып эл алдына тартуулоо биздин “ташты чегелеп, жандуудай сүйлөтө билген өнөр” (Ч.Айтматов) ээлеринин колунан толук келет. Болгону буларга туура багыт берген аалымдар болушу керек эле. Андайлар бар экен. Кудай жалгап, КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетекчиси, академик А.Акматалиевдин демилгеси менен быйылкы жылдын 10-июнунда Кыргыз улуттук академиясынын алдына эстелик жасоо иши башталган. Конкурс жарыяланып 3 макетти талкуулап жаткан кези (макеттердин сүрөтү “Кыргыз Туусу” гезитинин 8-октябрдагы №77 санына жарыяланган).

Ырас, жалпы окшоштуктар болгону менен үчөө үч башка. Эми катары менен кетели. Биринчисиндей эстеликтер көп. Совет доорунда мурунку КМШ өлкөлөрүнүн көптөрүндө мындай эстеликтер коюлган (үстүндөгү глобусу жок). Жазуучунун келбети да бүдөмүк. Баягы эле көнүмүш болуп калган ыкма. Бейиттин жанына коюлуп, ашмалтайы чыккан эстеликтердин тобунан. Үчүнчүсү. Мындай ыкма менен да айкел орнотуу элди жадатып бүттү. Үстүндөгү жер шары эле болбосо, бул макеттин агропромдун алдындагы (абитуриент, студент, турист) кандай айтсак ылайык, жазуучунун эстелигинен эмне айырмасы бар?

МАНАС жана Айтматов! деп төш кагабыз. Оозубуздан от, танообуздан түтүн чыгат. Анда эмне ошол экөөнө мезгил талабына жараша эстелик куралбайбыз? Манасыбыз Манастайбы да, Айтматовго арналган айкелдер ошол Доор Кеменгерине туура келеби? Ар кайсы советтик жана партиялык ишмерлер, маданият жана искусство адамдарынын (эми алардын кыргыз элинин тагдырына тийгизген таасири талаш маселе, айтпай эле коелу) айкелдерин шаарыбыздын булуң-бурчуна шыгырата кое берип БИШКЕК-ПАНТЕОНГО айланганы калппы?

Мурунку Совет, азыркы Байтик баатыр — Ж.Абдрахманов — Элебесов (бизде бир көчөнү эки же үчкө бөлүп атоо адатка айланган) көчөлөрүнөн тартып мурунку Белинский, азыркы Ч.Айтматов проспекти — Манас проспектиси ортосундагы мейкиндикти алалычы. Кимдер гана жок. Алардын монументалдуулугу жөнүндө сөз кылбаганыбыз оң. Четинен санайлы. Комузун колго кармаган Токтогул, бийлегени же турганы билинбеген Бүбүсара, акынбы же сүрөтчүбү, айдоочубу же архитекторбу, кайсы Осмонов? – деген собол жараткан Алыкул. Андан өйдө өйдөлөнүп калып тура албай жаткандай жасалган Аалы Токомбаев, андан өткөндөн кийин чала секирген Чолпонбек. Ала Тоо кинотеатрынын алдында эч ким тааныбай үшүп турган Сүймөнкул?..

Көп майдаланбайын. Туу туткан Манасыбыз кандай? Алардын жасалышы, архитектуралык жактан чечилишичи? Ырас, филармониянын алдындагы манасчылардын айкелдери менен спорт сарайынын алдындагы Кожомкулдун айкели ийине чейин иштелген. Башкасычы? Алыскы нидерланд жеринен келип келбетине, сүрүнө бардык жагы төп келишкен Алай ханышасы- Курманжан даткага тан берген фин президенти Карл Густав Эмиль Маннергейм суктанган энебиздин элеси – коомдук ишмер Ж.Жолдошевага окшоп калышын кандайча түшүнөбүз?

Москва шаарына Манас бабабыз менен кеменгер жазуучу Чыңгыз Айтматовго ойдогудай эстеликтер коюлду го? Алардын авторлору деле кыргыз эмеспи. Не себептен борбор калаадагы Манастардан Талас шаарында Манас ордодогу Манастын образы көргөн адамдын көөнүн толтурат? Сыры неде?

Бишкектеги Манасты айтпай эле кой, баатыр минген Аккуланын элесин Темир жол бекетинин алдындагы комдив М.В.Фрунзенин айгырындай жасай албай койдук го! Анан кантип Манас бабабызга эсте калаарлык эстелик коебуз?..

Монголиядагы кырк метрлик атчан Чынгызханды, борборундагы такта отурган Чынгызханды карагылачы. Не деген керемет. Манастын эстелигин “Манас” аэропортунан түшкөн адам көрүп тургандай деңгээлде жасаш керек. Мисалы, Байтиктин Боз Бөлтөгүнүн күн чыгыш тарабындагы бөксө тоонун үстүнө ( Ала Тоо айылы жакта) Манастын эстелигин орнотуш керек. Ошондо гана иш оңунан чыгат.

Манастан кийинки кастарлаган адамыбыз Чыңгыз Айтматовго чыныгы эстелик тургузуу – мезгил талабы. Айтматовду Айтматовдой кыргыз элинин рухий Пайгамбары катары эстелик орнотконубуз жөн. Эмне, бул биздин сүрөтчүлөрдүн колунан келбейби? Келет. Эми скульпторлорубуздун кулагына күмүш сырга. Бир кезде Ч.Айтматов алардын чыгармачылыгына төмөнкүдөй баа берген: “Ташты чегелеп, жандуудай сүйлөтө билген өнөрдүн тили ырастан эле түбөлүктүү тил экен го деп ойлойм, болбосо, азыркы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн искусствосун байыркы түркий искусстводон-кыпчактардын бир кезде Азиянын жана Түштүк Европанын талаатүздөрүнө кеңири таралган таш эстеликтеринен асман менен жердей алыс, айырмасы чоң тарыхый аралык бөлүп турат, ошентсе да алардын бири-бирине жакындашкан жактары көп. Ошол доорлордон бизге мурас болуп калган бабалардын ыйык көрүстөн статуяларынын фонунда азыркы сүрөтчүлөрдүн өлчөөсүз өскөн кесипкерлик чеберчилиги менен реалисттик терең жетиктиги дүйнө таануу жагынан биздин күндөрдөгү эстетиканын бийиктигин жана өрүшү кенендигин көрсөтөт. Анык таш жарган таланттын, сыйкырдуу өнөрдүн иши деп ушу скульпторлордун эмгегин айтсак куп жарашар жөнү бар. Жансыз материалдан жасалса да, алардын жүрөк эргүүсүнөн бүткөн айкелдерден жашоонун илеби уруп, тирүү жандай кыймылдап, ичке сыйбаган сезимдин күчү тулкусуна чыгып чытырап, ар бир өзүнчө мүнөзү менен, өзүнчө кыяпаты менен көрүнөт. Адам рухунун пластикасын ушунчалык керемет ийге келтирип, табиятында кандай болсо, дал ошол түспөлүнөн түшүрбөй, жандуу абалга жеткирип жасап бере алар өнөр скульптордон бөлөк дагы кимде бар? Анан дагы мезгилдин элесин кайталангыс көрүнүшү менен ташка чегип, тынымсыз агылган турмуштун “көз ирмемин” түбөлүккө токтотуп, өчпөс кылып койгонун айтпайсызбы.”

Эми ушу залкар жазуучубуз түшүнгөндөй эстелик керек го? Жалпы элге сунуш кылынган макеттердин ичинен Жер шарынын бетине Ч.Айтматов түшүрүлгөнү бир аз түзүгүрөөк. Анткени Жер шары өз огунда айланып (түстөрү туура тандалса) аны менен кошо Ч.Айтматовдун элеси улам бир башка образга өтүп турса (аны кандай жасаш азыркы технологиялар өнүккөн заманда оңой эле) эффективдүү көрүнмөк. Жер шары. Анын ичине жарык киргизип. Көгүш фон. Океандын өңүндөй өң өзүнө чыгып, ар бир материк картадагыдай түстө берилсе. Айтматовдун чыгармалары чыккан шаарлар (182) кызыл түс менен берилип, Жер шары айланганда күйүп турса сонун болбойт беле. Жерди тегерете курчаган турналарды башка өңүттө кайкытып, алдындагы жазуучунун чыгармаларын чампалабай башка жерге койгон дурус. Эгер бул эстелик шаарыбызда курула турган парктын чок ортосунан орун алса, анда Айтматовдун эс алып отурган эстелигин жасоого туура келет. Парк. Күн-түнү айланган Жер шары. Ч.Айтматовдун чыгармалары жарык көргөн жерлер. Түстүү жарыктардын коштоосунда. Эс алуучулар жазуучунун жанында эстеликке сүрөткө түшүшөт. Жер шары айланган глобустан жазуучу боюнча маалымат алышат. Төтөн, түн ичинде өзүнчө бир шаңга бөлөнөт. Айлана бак-дарак. Өзүнчө бир Айтматов Ааламынын панорамасы көз алдыга тартылат. Идея бар. Болгону аны ишке ашырыш гана керек.

Каражат жетпейби. Чогулталы. Уучубуз куру эмес го?

Сапалкан АРИПОВ, Бишкек шаары