Шапа акенин жоруктары: Конституция

Шекербек КАЛЫКОВ, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

— Ирас келдиң, журналис бала…  Кой де, шерменде болот… “Даклад окуйм” деп оолугуп атат… — деди жеңем алдыман тосуп.

— Кандай доклад?.. – деймин.

— Конситусияга карата имиш. Киши куруп калгансып, шуга келиптир…

— Анын минесине кейийсиз, жеңе… Окусун… Шапа акам башкадан кем бекен…

— Кой, бовойт… Соорун сайгандай көрүп атат, жөн эле… Өлтүрөт… Кой де… – деп чый-пыйы чыгат жеңемин.

Оо, Шапа акам өтө салабаттуу көрүндү мага. Эшиктен чыгып-чыкпай:

— Эми аким өзү өтүнүп келген экен… Даярданып атам… – деп сүйлөп атты эле, небереси:

— Ата, “акимдин жардамчысымын” деди го, — деп анын сөзүн бузду.

— Ок, атаңы!.. “Ичтен чыккан ийри жылан”. Сапашка дагы ошенттиңби?!. “Волга” менен ким келет эле?! Аким келет да!.. – деп ал тентегин жекире карап, анан эч нерсе болбогондой сөзүн улады:

— Бүгүн бош эмесмин, чалдын баласы. Эртеге чогулушка кел. Ошерден сүйлөшөбүз. Жазасың… – деди дагы, аркы бөлмөсүнө кирип кетти.

— Өй, бай болгур, журналис балага каратып албайсызбы!.. – деген жеңемдин сөзү желге эле айтылгандай болду…

Залдын ичи толо эл. Шыкалат тим эле. Шапа акам негедир кечигип жатты. Элеңдеп карап коём. Көрүнбөйт.  Бир аздан кийин сөздүн кезеги келгенде, калпагын колтугуна кыстарып, чыга келди. Сүйүнүп кеттим. Трибунага чыгып, бир сыйра элге көз жүгүртүп, “Урматтуу жолдоштор!” деп сөзүн баштаганда, “Дагы минени айтып жиберет… “ деп алапайымды таппай турдум. Уйгактын үстүнө отургандай чебелектейм.

— Конститусия элдин байлыгы!.. — деди Шапа акам үнүн бийик көтөрө сүйлөп. – Конститусия болсо нан болот, ыр болот. Ансыз бизге жашоо жок. Мына бүгүн 10 асый болуп… – деп мукактана президиумда отургандарга карап: — 10 жыл болуп, Болотбектин атындай баралына келип турат. Конститусияны таптап, бутуна “жем түшүрбөй” багып келаткан Президентке… аким балам саңа ыракмат!.. – деди эле аким ыраазы болгондой башын ийкеп койду.

-Шу Конститусия десе эле бала чагым эске түшөт. Анткени, баарыбыз шунун комкордугунда чоңойдук. Муну рамалик атам дагы жакшы көрчү эле. Аксакал катары айтарым силер дагы жакшы көргүлө!.. “Сөз келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт” дейт. Бу  Конститусия чой-чой салып төрт тарабынан  тарткыдай улак эмес. Бу Закүн!.. Рас, өз пикиримди айта турган болсом, көк бөрү деген чыгыптыр. Беш-бештен бөлүнүп алып, эчки улак чабышат экен. А калганы мине, акыйып карап тура беришеби?.. Бу натуура иш! “Баарына укук бирдей” дешти го. Шуну Конститусияга киргизиш керек. Анан эми, балдарым, он жыл деген оңой эмес. Азыр бир жыл азып-тозбой жашаш кыйын. Шу Конститусиянын тегерегинде “ийри отуруп, түз кеңешип”, той өткөрсөк болот эле. Улак чаптыралы. Соорунчусу ким болот, ону аким балам өзү чечет да… Негизи шундай урматтуу жолдоштор!.. — деп чапанынын чөнтөгүн чукулап: — Эми сөзүмдүн акырында , “Конститусияга карата окуп коюң…” деп шу кагазды аким балам бердиткен экен… Шуну окуп койсом… – дегенде, жамбашыма бирөө “тыз” этире сайгандай, ордумдан атып туруп, сыртка шаштым. Аз өтпөй эле артыман Шапа акам чыга келди.

— Катырдымбы, чалдын баласы?.. – деди.

— Катырдыңыз… – дедим.

— Шуну бир көрсө болот эле… Атаңы айтып атам… Биздин уруктан тың чыкса деп жүрүп өтүп кетти кайран акам. Кудай бар го… Арбагы ыраазы болуп, бир оодарылып алгандыр… – деп кемшеңдеп ыйлап алыптыр. Мен же күлөрүмдү, же ыйларымды билбей турсам:

— Өй, мине состойосуң?.. – деди мага карап.

— Атамды эстеп атам… – дедим.

— Мен дагы… – деп мурдун шор-шор тартып, тыпылдап алдымда баратты Шапа акам.