Нурпаис ЖАРКЫНБАЙ: «Ден соолугуң болсо, үй-бүлөң жакшы болсо, 80 жаш деле жакшы эле экен»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Китебиңизди «Ичер суум бүткөнчө” деп атаган экенсиз. Кепти ушуну чечмелөөдөн баштасак болобу?

– Болот. Китептин аты “Ичер суум бүткөндө” деп туруп, бирок “д” тамгасы үстүнөн чийилип, “ч” болуп оңдолуп жатпайбы. Ошондо бул аталыш эки ача маанини түшүндүрүп турат. Биринчиден айткым келгени, китебим кийинки муундарга эстелик катары калсын, ушундай акындан ушундай эмгек калыптыр делинсин, экинчиси, өмүрдөн өткүчө жан үрөп иштеп, бар күчүмдү берип калайын дегеним.

– Сиз баскан жолдун бир учунда туруп, артка кылчайып карайсызбы?..

– Албетте, өмүр башаты – балалык. Ошол жак көзгө көрүнөт. Мен өзүм Жумгалдын ЖаңыАрык айылында туулупмун. Бирок 1943-жылы ата-энем келте деген ооруга чалдыгып, көздөрү эрте өтүп кеткен экен. Ошондо төртөөбүз жетим калып, эң кичүүсү мен төрт жашта экемин. Он эки жаштагы эжем бизди Соң-Көл аркылуу алып өтүп, Ак-Талаадагы таякелерибиздикине келиптир.

– Ошол бойдон туулган жериңизди көргөн жоксузбу?

– 7-класста окуп жатканда көрдүм. Ал кезде Дөрбөлжүн эле, Азыркы Баетов айылындагы Ломоносов атындагы орто мектепте окудум. Бала кезден эле айланатегеректи башкача көз, башкача боектор менен көрүп, башка балдардан айырмаланып турчу экемин. Ыр жана драмалык ийримдерге катышып, алдыңкы сапта болчумун. Жоомарт Бөкөнбаевдин “Алтын кызын” койчубуз, массовкада ойночубуз. Бирок мени акын кылган кино болду.

– Кандайча?

– Ошол кезде районго жумасына бир жолу кино келчү. “Чапаев”, “Кутузов”, “Берлиндин алынышы” деген сыяктуу тасмаларды көрсөтөр эле. Киномеханикти көрүп эле чуркачумун. “Ме, мобу афишанын баарын карагайларга чаптап кел. Кечинде киного бекер киресиң”, – дечү. Айтканын аткарып келе калып, киного бекер кирчүмүн. Кээде афишалар жетпей калганда: “Ме, муну көбөйтүп тартып, сым карагайларга илип чык. Кечинде кино, менден”, – дечү. Үйгө чуркап келип, боортоктоп жата калып бир канча сүрөт тартып, илип чыкчумун. Ошентип жүрүп, арасында ыр да жазып кошуп койчумун, өзүм чуркап иштеп жүрүп, кыңылдап ырдачумун. Мунун баары менин акын болуп калышыма канат болду окшойт.

Кийин жездем райфинотделдин начальниги болуп Тогуз-Торого которулганда, бизди кошо ала кетти. Казармандан окуп калдым. Буудайбек Сабыров жездемдин иниси болчу. Каникулда галстук тагынып алып, кайкая басып келчү. Колунда дайыма блокноту болор эле. Анысын бир жерге коюп койсо, ал кетери менен чуркап барып уурдап, окуп чыкчумун. Ошол байкебиз келген сайын мени кызыктырып: “7-классты бүтөрүң менен шаарга алып кетем. Шаар деген сонун. Бийик-бийик үйлөрү бар, эшиги өзү ачылып-жабылган машинелери бар”, – дей баштачу. Кыялданып жатып калам анан.

Ошентип, № 5 мектепке келип окуп калдым. Адабият менен кыргыз тилден берген Айыпова деген эжейим бар эле, мага ишенип, мени менен сыймыктанчу. Дайырбек Казакбаев, Токтобек Мамытов деген окуучулар болуп мектептин дубал гезиттерин чыгарчубуз. Бир күнү Түгөлбай Сыдыкбеков келип сабак өткөнү эсимде.

– Сыдыкбеков да сабак өттү беле?

– Биз сабактан кийин бульварга келер элек. Ал жерден Аалы Токомбаевди, Түгөлбай Сыдыкбековду көрчүбүз. Зал карлар эртели-кеч эс алып басышчу. Бир жолу “Биздин замандын кишилерин” окуп калдык. Ошондо 10-класста окуп, алгачкы ырларым гезиттерге чыгып калган. “Эже, Түгөлбай агайды дайыма эле бульвардан көрөм. Чыгармасы тууралуу өз оозунан уксак эмне болот?” – деген сунуш киргиздим. “Эң сонун ой экен. Сен чакырып келе аласыңбы?” – деди эже. Ошентип, сабактан кийин агайдын үйүн таап бардым. Короосунда, серүүдө жатыптыр. “Түгөлбай ата, сизди мектепке чакырып жатат”, – десем эле: “Эмне болду?” – деп чоочуп кетти. “Сиздин романыңызды окуп жатканбыз. Тарыхын айтып, сабак өтүп берсеңиз жакшы болот эле”, – десем: “Ой, болот, болот”, – деп калды. Эртеси келип, сабак берди бизге.

– Мектептен кийин кайда бардыңыз?

– Мектептен кийин университетке өттүм. Бизден эки-үч курс мурда окуган Жалил Садыков, Эсенгул Ибраев, Мар Байжиев, Сарман Асанбеков бар экен. Алардан үлгү алып калдык. Чоң гезит-журналдарга ырларыбыз чыга баштады. Ошондо Байдылда Сарногоев:
“Дүбүрт келет, дүбүрт келет алыстан,
Сүрүп келет, чыгып келет жарыштан…” – деп, жаштардын “Дүбүрт” деген альманахын чыгарып, ошого беш-алты ырым кирди. Ага удаа эле “Жаштык сапар” деген жыйнагым чыкты. Ошентип отуруп, 1962-жылы, 5-курста окуп жүргөндө мени түштүккө жибермей болуп, камынып жатсам, “Ленинчил жашта” корректорлук орун сунуш кылып калышты. Андан кийин адабият бөлүмүнүн башчысы кылып которушту. Ошондо “Ырдесте”, “Калем төшөө” ж.б. рубрикаларын ачтым.

– Алгачкы китебиңиз качан чыкты?

– 1966-жылы “Жаштык жарчысы” деген алгачкы китебим чыкты. Ал кезде китеп чыгаруу да оңойго турчу эмес. Эки акындан пикир алып келесиң дешти. Кимден пикир сурарымды билбей, кол жазмамды колтугума кысып алып Эркиндик бульварында жүрсөм, Темиркул Үмөталиев шашып кетип бараткан экен. Аябай шашма, бирок ак көңүл киши дешчү. Мурда-кийин сүйлөшүп да көргөн эмесмин. “Агай, китебиме пикир жазып берип коюңузчу?” – десем: “Жок, убактым жок, мен жоготуп да жиберишим мүмкүн”, – деп карап деле койбой кетип баратат. Болбой эле аркасынан ээрчип алдым. Акыры үйүнө чейин барыпмын: “Эк, көк таш экенсиң. Келе!” – деп алып калды. Анда мен гезитте иштеп жүргөм. Кудай жалгап, эртеси эле Темикем телефон чалып калды: “Алып кет!” – деп. Эчтеке үн каткан жок. Колума карматты. Келе жатып окусам, укмуш мактап салыптыр. Биринчи китебим ошентип, Темикенин ак батасы менен жарыкка чыккан. Андан кийин 1973-жылы мени: “Беш балаңды биз карайбыз!” – деп Москвадагы жогорку партиялык мектепке жөнөтүп жиберишти. Ал жактан журналистика факультетинде окуп, орустун акындары менен тааныштым. Сабактан кийин дайыма Журналисттер үйүнө барар элем. Акын, жазуучулар, журналисттер чогулуп алып эле чыгармаларды талкуулап жатышчу. Бир күнү “Правда”, экинчи күнү “Известия”, үчүнчү күнү гезитине барып, көбүнчө практикалык сабактарды окучубуз.

Келгенден кийин “Кыргызстан коммунистинде” иштедим. Айтматов Жазуучулар союзунун төрагасы болуп турганда, мен эки жолу текшерүү комиссиясынын төрагасы болдум. Айтматовдун чогулушта айткан бир сөзү бар: “Нурпайыс Жаркынбай аттуу бир “ову” жок акын алдыда келатат” деген. “Ову жок” дегени, мен фамилиямдан “овду” ошондо эле алып салгам. Кийин мага: “Сен улутчулсуңбу?” – деп асылышканда: “Мустай Карим, Муса Жалил, Карл Маркстын да “ову” жок”, – деп жеңгем. Кийин эгемендик алганда Түгөлбай колумду кысып: “Акыры сен жеңдиң” , – деген.

– “Кыргыз Туусунда” да иштегенсиз да?

– 1989-жылдан 1996-жылга чейин “Советтик Кыргызстанда” (“Кыргыз Туусунда”) иштеп, 1999-жылы персоналдык пенсияга чыктым. 2018-жылы КРнын Эл акыны болдум, эмгегим бааланганга ыраазымын.

– Азыр эмне жазып жатасыз?

– “Чалдын күйдүм чоктору” деген жыйнагым чыкты. Мында кемпирине ашыктыгын айтуу эмес, ата-бабаны жоктоп күйүү, туулган жерди сагынып, жаштыктын өткөнүнө күйүү. Ал эми махабат менен сүйүүнүн айырмасы бар. Махабат эки жаштын ортосунда болот. Сүйүү – чексиз. Көлдү, төрдү, тоону сүйсө болот.

– 80 жаш чыгармачылыкка, изденүүгө тоскоол болбойт бекен?

– Жок. Ден соолугуң болсо, үй-бүлөң жакшы болсо, 80 жаш деле жакшы экен.