Жеке медициналык окуу жайлар салыктарды толук төлөбөй жатышканы айтылды

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Аида Исмаилова жеке медициналык окуу жайлар тиешелүү салыктарды толук төлөбөй жатканын көтөрүп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Депутаттын берген маалыматы боюнча Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар жана медициналык факультеттер чет элдик студенттерден жылына 120-150 миӊ сом кортракттык төлөм алышат. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) быйыл 95 чет элдик студент кабыл алган. Кыргыз-Орус славян университетинин медициналык факультети болсо КММАдан 3 эсе көп студент кабыл алып, бирок мамлекеттик медициналык академия төлөгөн салыктай эле салык төлөгөн. Ал эми Кыргызстан эл аралык университети болсо 445 чет элдик кабыл алып, мамлекетке болгон 1,8 млн. сом салык төлөгөн.

Мындай чоӊ айырмадагы сандык салыштырууларды келтирген эл өкүлү «республикалык бюджетте тартыштык бар дегенибиз менен, жогорудагыдай мыйзамдуу салыктарыбызды чогулта албай жатабыз» деген сын көз карашын билдирди.

Мындан сырткары, А.Исамилова окуу жайлардагы ушул сыяктуу көрүнүштөргө тыкыр көзөмөл жүргүзүп, мамлекетке канча салык төлөп жатышкандыктарын аныктоо керектигин аткаруу бийлигине багыттады.