Кыргызстан алдыңкы 5 жылда электромобилдерге өтөбү?

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-октябрда өткөргөн кеңешмесинде өлкөнү электромобилдерге өткөрүү боюнча пикирин билдирди. Ал Кыргызстан – электромобилдерди колдонуу боюнча аймактык лидер болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин айтты. Өкмөт башчынын айтымында, электромобилдерди колдонуу менен экологияны сактоого жана акча каражатын үнөмдөөгө болот.

“Электр кыймылдаткычы бар автоунааларды колдонууга өтүүнүн негизги максаты — экологияга кам көрүү. Статистикалык маалыматтар боюнча кадимки күйүүчү май менен жүргөн транспорттор электромобилдерге салыштырмалуу орточо эсеп менен 13 эсе көп көмүртек жана башка газдарды чыгарат экен”,-деди М. Абылгазиев. Ошондой эле, үлгү көрсөтүү үчүн өкмөт мүчөлөрү биринчилерден болуп электромобилдерге өтүшү керектигин кошумчалады. Андан сырткары, премьерминистр бюджеттен күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууга, автопаркты оңдоого ж.б. бөлүнүп жаткан чыгымдар талдоого алынарын кошумчалады.

Электромобилдер – бул электр энергиясы менен жүргөн автоунаа. Айрым маалыматтарга караганда, Улуу Британия, АКШ сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө бензин менен жүргөн автоунааларга акырындык менен чектөөлөр киргизиле баштады . Кытай өкмөтү 2040-жылдан баштап, толугу менен электромобилдерге өтө тургандыгын жарыялаган. Ушул тапта Кытайда 200дөн ашык зовод электромобилдерди чыгарат. Эгер тийиштүү шарттар түзүлүп, чечкиндүү кадамдар ташталса, жакынкы 5 жылда Кыргызстандын жарымы электромобилге өтүшү мүмкүн экендигин белгилеген эксперттердин божомолдору дагы жөн жерден чыккан жок.

Кыргызстанда электромобилдерге өтүү аракети былтыртан баштап мамлекеттик деңгээлде көтөрүлө баштаган. Ал тургай сырттан алынып келинген электромобилдерди өлкөгө акысыз киргизүү боюнча Өкмөттүн токтому кабыл алынган. Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 140 электромобиль (Бишкек шаарында 50) бар.

Келечекте мындай автоунаалар Кыргызстандан да чыгарылары кү­­­­түлүүдө. Бул багытта кыргыз-кытай инвестициялык форумунда келишимдерге кол коюлган. Ага ылайык, өткөн жылдын май айында Ош шаарында “Кыргыз унаа курулуш” ЖЧКсы тарабынан машина куруучу заводдун курулушу башталган. Ага жалпысынан 150 млн. долларлык инвестиция каралып, 10 млн. доллары курулуштун биринчи этабына жумшалганы маалымдалган. Ошондой эле, завод ушул жылдын экинчи жарым жылдыгында толук ишке кирип, электромобилдерди чыгарып баштамак. Бирок, азырынча заводдун ачылганы жана чыгара баштаган автоунаалары жөнүндө маалыматтар жок.

Нанотехнология институтунун жетекчиси Жарасул Абдураимовдун пикиринде, Кыргызстанда электр энергиясы өндүрүлгөндүктөн, электромобилдерге тез аранын ичинде өтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. “Электромобилдерди колдонуу күн санап өтүп жатат. Мындай транспорт каражаттарына өтүү замандын талабы десек да болот. Өзүбүздө нефть өндүрүлбөгөндөн кийин, электромобилдерге өтүшүбүз зарыл. Себеби, күйүүчү майлар үчүн миллиондогон, миллиарддаган акчалар, Россияга, Казакстанга кетип жатат. Эгерде электромобилдер көбөйсө, ошол эле акчалар өзүбүздүн электр тармагында калат эле”,-дейт Ж. Абдураимов.

2017-жылы 1 млн. 173 миң транспорттук каражат катталган болсо, анын 94,6 пайызы 10-15 жыл мурда чыгарылган автоунаалар экен. Бул цифралар өлкөнүн автопаркынын эскиргенин көрсөтүп турат. “Эскирген автопаркты электромобилге өткөрүү – эң сонун башталыш. Ушул жылдан баштап электр кыймылдаткычы бар унааларга өтүп алсак, биринчиден экологиялык көйгөйлөрдү чечкенге өбөлгө болот эле. Экинчиден, экономикалык жактан пайда алып келмек. Электромобилдердин батарейкасын бир заряддап алсаң, 130-150 км. аралыкты жүрүүгө болот экен”,- дейт Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов.

Белгилүү болгондой, электромобилдердин батареяларын кубаттоо үчүн электр энергиясына 1 сом 59 тыйын өлчөмүндөгү атайын баа бекитилмекчи.

Электромобилдерге өтүү керек дегендердин катарында, аны менен узак жолго чыгуу ишенчиликтүү эмес дегендер да бар. “Эгерде, андай автоунаа менен талаа-түздө калып калсаң, батареяны заряддоо бир топ кыйынчылыкты жаратышы мүмкүн”,-дешет айрымдар.

Bloomberg New Energy Finance (BNEF) уюмунун эксперттик баалоолоруна караганда, 2025-жылы электромобилдерди сатуу 11 миллион даанага жетет. Ал эми 2030-жылы 30 миллион даанадан ашат.