Байтик баатырдын эмгектери изилденет

Болот ЖУМАГУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


“Мурас” фондусу, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан Улуттук илимдер академиясынын кичи залында “Байтик баатыр Канай уулунун жашаган доору, ишмердүүлүгү, тарыхта ээлеген орду” аттуу илимий-тарыхый конференция өткөрүлдү.

Жыйында облус жетекчиси А.Намазалиев бүгүнкү жыйын Байтик баатырдын өмүрү жана ишмердигин изилдөөнүн алгачкы кадамы болуп саналарын, алдыда дагы үч жыл ичинде баатырды толук изилдеп чыгууга мүмкүнчүлүк бар экендигин, ал жөнүндө 18 илимий изилдөөлөр, 200 объект ачыларын, Байтик баатыр жөнүндө Россия Федерациясынан, Казакстандан, Өзбекстандан архивдик документтерди жыйноо, жарыялоо ж.б. иш чаралар өткөрүлөөрүн билдирди.

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Н.Удовиченко Байтик баатырдын Кокон хандыгын Чүй жергесинен кууп чыгуудагы эрдигине, ошондой эле Россия менен кыргыз элинин ортосундагы достук байланышты түзүүдөгү жана элдер ортосундагы туруктуулукту сактоодогу кызматына токтолуп, Байтик баатырдын да бюст Санкт-Петербургдагы Садыр аке, Кыдыр акелердики сыяктуу орнотулса, келечек муундар үчүн чоң иш болор эле деген идеясын айтты.

Тарых илимдеринин доктору Ж.Жакыпбеков Байтик баатырдын өмүрү жана ишмердиги кыргызнаамасында изилдениши жөнүндө маалыматка токтолсо, коомдук ишмер О.Шаршенов баатырдын атактуу туугандары жөнүндө баяндады. “Мурас” коомдук фондунун төрагасы К.Молдокасымов өз баяндамасында баатырдын эрдиктери, ишмердиги, үй-бүлөсү, мал-мүлкү, качан болуш болгондугу ж.б. эмгектери Казакстан, Россия, Өзбекстандын архивдеринде сакталгандыгы, аларды элге, коомчулукка жеткирүү, ал жөнүндө тарыхый китеп, кинотасмаларды, илимий эмгектерди жазуу керектигине токтолду.

Андан кийин чыгып сүйлөгөн баяндамачылар да Байтик баатырдын эмгектерине токтолушуп, илимий конференциянын ишине жогору баа беришти.