Улуу инсандарды ар бир жаш муун билиши керек

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө зор эмгек сиңирген кыраандар, жаш муундарга келечек, эркиндик арнаган аталар эч качан унутта калбашы керек. Алардын эрдиктерин унутуу бул маңкурттук, сокурлук. Анткени алар ушул эркиндиктин, азаттыктын аталары, кыргыз көчүнүн баштоочулары. Кыргыз элин эл катарына кошуп, калк сабатын жоюп, мамлекеттүүлүктү негиздеп, айтор, алар Кыргызстанды эркин, сабаттуу, гүлдөгөн өлкөгө айландырган чыгаан уулдары, эл келечеги үчүн жан аябаган калк каймактары. Мындай улуу инсандарды ар бир жаш муун, ар бир студент билиши керек.

“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө” карата 2019-жылдын 16-октябрынан 19-октябрына чейин И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин биринчи курсунун 400гө жакын студенттери жана окутуучулар курамы “Ата-Бейит” улуттук тарыхыймемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы “Үркүндүн” жана саясий репрессиянын курмандыктарын, 2010-жылдагы апрель революциясында курман болгон баатырларды эскеришти.

Алгач 1916-жылдагы “Үркүндүн” курмандыктарын эскерүү менен студенттерге лекциялар жана ачык сабактар окутуучулар тарабынан өткөрүлдү. Сабактардын, лекциялардын жүрүшүндө, 1916-жылы Кыргыз стандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүшү, орус падышачылыгынын мыкаачылыгынан Чүйдөгү, Нарындагы, ЫсыкКөлдөгү жергиликтүү элдин көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгондугу баса белгиленди.

Андан соң кыргыз элинин келечеги үчүн жан үрөгөн кыраандар «эл душманы» деген жалаа менен «улутчул» деп айыпталып, канчалаган мыкты инсандардын атылып кеткенин, кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн өз өмүрүн тобокелдикке салган кайталангыс инсандар: Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев жана башка кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн, мамлекеттик ишмерлердин тагдырлары кеңири баяндалды. Ошону менен катар, алардын кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө, кыргыз элинин эркиндиги үчүн кылган кызматтары эскерилип, ар дайым ар бирибиз үчүн кымбат жана үлгү катары кызмат кылат деп түшүндүрүлдү.

ХХ кылымдын залкар жазуучусу, кара сөз чебери, кыргыз элинин баатыры Чыңгыз Айтматовдун бүтүндөй ааламга кыргыздын ким экенин таанытып, улуттун башка улуттан айырмасы бар экенин, кыргыз улутунун касиеттүүлүгүн жеткиргени жана учкул сөзү: «Мен болгону үйүрүндө учуп бараткан канаттуу кушмун. Мен каркырамын. Караңгы түндө жылдыздарды көздөй учуп баратып, өз оюмду ойлой берем. Кудайга жана адамдарга айтып, ыйлай берем. О, адамдар, жерге этият болгула! Ийиниңер жеңилдесин! Силердей адамдар кырсыктардан, жалбырттап өчпөй тутанган өрттөрдөн, тыйылбаган кандуу уруштардан, кайрадан оңолуп ордуна келбеген жаман иштерден сактасын!» айтылып, чыгармачылыгына арналган лекциялар, сабак-дебаттар уюштурулду.

Иш-чаралардын соңунда студенттерге эгемендүү Кыргыз Республикасынын соңку тарыхында эки революциянын болуп өтүшү жана алардын чыгыш себептери жөнүндө толук маалыматтар берилет жана 2010-жылдагы апрель революциясынын баатырлары эскерүү менен иш-чара жыйынтыкталды.

«Ата-бейит»- элибиздин улуттук патриотторунун накта үлгүсүн камтып турат! Жаштардын эрдиктерге, эрктүүлүккө, тайманбастыкка, ар-намыстуулукка, мекенчилдикке тарбиялоодо «Ата бейитте» жаткан чыгаан инсандардын өрнөктөрүнүн мааниси чоң! Алар эркиндик идеясы үчүн өз өмүрлөрүн арнаган жана аны кийинки муундар үчүн ыйык мурас катары калтырган.

Кыргыз элинин «Ата бейиттеги» сыймыктуу уулдарынын арбактарын сыйлоо, аны ыйык тутуп, кастарлап кароо — ар бирибиздин милдетибиз! Алардын эрдиктерине башыбызды ийип, таазим этели!

Жазгүл КЫДЫРМАЕВА, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу