Туулган жерге баргандагы «туулган» ойлор

“Эң ириде өзүңдүн киндик каның тамган жериң тууралуу ойлонгондо,
жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың”. Чыңгыз АЙТМАТОВ.

Чоң-Мурундан өтүп улам өрдөгөн сайын айылга жакындап, эмнегедир көкүрөгүм толуп, мээмде ойногон туркүн сезимдер машинаны токтотуп, жерге түшүүгө аргасыз кылды. “Адам ойго тойбойт”, не деген гана ойлор келбейт башка. Көп болду Көк-Белге келбегениме, жумуш, кызмат, тиричилик деп жүрүп. Кадимкидей сагынып, туулган жерге болгон кусалыгым толуп-ташып турганын карачы. Анан да акыркы жылдарда айтпай келген оорунун азабынан үйдөн алыс чыга албай, айрыкча жалгыз калганда терезеден ааламга көз чаптырып алып, көзүмө жаш толуп, буулуккан далай күндөр жомок болуп артта калды. “Оору – миң, ден соолук – жалгыз” (Л. Бёрн) турбайбы.

“Жерин сүйбөс эл болбос, элин сүйбөс эр болбос”. Туулган жериңдин касиет дарамети ошол табиятында, анын адамга дем, күч берип турганында. Береги бет маңдайымда керилип жаткан айыл, тээ илгери адамдар отурукташа электе “Коргон талаа” деп аталчу экен. Бул түздүктү камыш, ар кандай куурай басып, аны аралап өтүү өтө кооптуу болчу дешет айыл аксакалдары. Көк-Белге биринчи көчүп келгендер күнгөй тараптагы адырлардын боорлоруна үнкүр жасап жашашкан. Мына азыр мында миңге жакын түтүн болуп, 7-8 миң адам жашайт. Райондун борборунан 30 чакырымдай чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 2000 метрге жакын бийиктикте жайгашкан айылыбыз республикабыздагы шарты катаал аймактарга кирет. Дареги: Ноокат району. Көк-Бел айылы.

Жараткан айылды агын суудан өксүк кылган менен береги Алтын Казык тоосунун колотторунан жылжып аккан тунук булактардын шербет сууларын кылымдап эл да, жандык да пайдаланып келет. “Суу – адамдын жаны, өсүмдүктүн — каны” го чиркин. Бул булак сууларынын дарылык касиеттери жөнүндө далай курдай айтылса да кайдыгерлик каныбызга сиңген пендебиз да, ошол булак сууларын лабораториядан өткөрүп, курамын аныктап коюу кайда.

***

Күз келип адырлар жаздагы гүлгө оронгон көйнөгү жок, боз тартып, чаңы сапырылат. Элдин төрттүлүк малы жайлоодон жакага түшүп айдоону каптаптыр. Үйүр — үйүр жылкылар, топ-тобу менен кара мал, майда жандык жердин бетин бербейт, кайтарган адамы деле көрүнбөйт. Кут болсун, көп болсун!

Мен турган кашаттын белинен айыл алаканга салгандай даана көрүнөт. Тээтиги, тескей тараптагы кырдын боорундагы дүпүйгөн дарактарга жашынган мазарда атам, апам, чоң ата, чоң энелерим, айылдаш туугандар “жатат”, чогуу ойноп күлгөн курбуларымдан да бар… Аларды кантип унутайын! Аларга атап куран окуйм барган сайын. “Арбак ыраазы болбой, тирүү жарыбайт” деп коёт.

Азыр айылдын аягы тээ Ат-Чабарга жетиптир. Бул жакшы, эл көбөйүп, айыл кеңейип. Салынган үйлөр да мурдагыдай эмес, стандарттуу. Дээрлик бардыгы бийик дубалдар менен курчалып, айрымдары такыр эле адам кире алгыс темир дарбазалар менен тосулган. Малканалары да эки кабат. Көпчүлүгүнүн короосунда жеңил унаасы, айрымдарында экөө, үчөө… дагы бирлеринде жүк тарткан унаа, трактор, деги койчу техниканын түрү. Эл жетишти. Кут кылсын!

Биз бала кезде үйлөрдүн арасын бөлгөн тосмолор жок болчу. Керээли кечке Үсөн аванын үйүнүн алдындагы көк майсанда оюнга тойбой жүрө берчүбүз. Күндүн да берекеси анда башка эле. Көчөнүн аксакалдарын көрүп калсак балдардын баары чуркап келип “Ассалоом алейкум” деп кол сунуп катарга тура калчубуз. Нуртажи ава, Эргеш ава, Исан ава, Атабай ава, Абил ава, Жаңыбай ава, Бекенбай ава, Үсөн ава, чоң атам Дубана, Эсен аяшата, Алан аке, Таштан аке, Аби аке … эмне деген кере мет адамдар эле. Айылдын бул аксакалдары топтолуп басып калса, алдыларында баштарын ийип, колдорун көкүрөккө алып, жол бошотуп жаштар чекеге чыгып, аялдар, кыз-келин ыйбаа кылып аларга көрүнбөй далдоо жерге бекине калышчу. Айылдын көркү да, айылдын ээси да ошол аксакалдар эле. Азырчы? .. Азыр … азыр андай нускалуу аксакалдар кайдаа… Адамзат эңкейишке аккан дарыя, аны артка агыза албайсың”(Антуан Ривароль, француз жазуучусу, 1753-1801).

***

Айылда мектептен мечит көп. Ар бир уруунун өз мечити бар. 6 мечит, 2 мектеп. Мектептин эскиси, 1969-жылы салынганына эгемендүү Кыргызстандын тунгуч премьери Насирдин Исановдун, жаңысы, 1987-жылы салынганына Оштогу педагогикалык окуу жайынын ректору болуп турганда кырсык чалып каза болгон, жердеш агабыз, педагогикалык илимдеринин кандидаты Кенжемат Абдылакимовдун ысымдары берилген.

Быйылкы кара кийик жылынын алдында дээрлик 40 жылга жакын убакыттан бери биринчи жолу Көк-Белге мамлекеттин эсебинен жаңы имарат — эски мектепке кошумча жаңы корпус салынып, анын ачылыш аземи зор салтанат менен өтүп, аземде суранып көнгөн жаныбыз жогору жактан келген эл депутаттарынан, жетекчилерден “эми компьютерлерди алып берсеңер…” деп жатышпайбы чыгып сүйлөгөн жердештерим.

Алда жарыктык туугандарым ай, эмне, үйүр-үйүр жылкы айдаган, төрт түлүгү короого батпаган Көк-Белдиктердин баары биригип эки мектепке 20дан компьютер алып бергенге чамасы жетпей калдыбы? Жо-ок, тек гана кайдыгерлик, уюштуруучулук иштин жоктугу. Болбосо жалпы элге салбай бир өзү керектүү сандагы компьютерлерди алып бергенге жараар азаматтарыбыз толтура.

Мына жакында эле жеке ишкер, айылдык Кеңештин депутаты болгон инилерибиздин бири балдарынын тоюнда мурда айылыбызда болуп көрбөгөндөй Аламан улак берди. Анысы интернетти жарды го чиркин. Теледен берилип, гезиттерге жарыяланды. Соорунга деп алтындан кур жасатып, эки жеңил машина, сегиз жылкы, токулуу ат, топоз, майда жандык, килемпаластарын, үй тиричилигине керектүү буюмдарды, акчалай сыйлыктардан сырткары мыкты улакчыга көк жал карышкырды тирүүлөй тартуу кылды. “Балли! Азамат!”, “кимдин баласы, кайсыл уруунун жигити экен” деген алкоо сөздөр айтылып, уу-дуу кеп алыска кетти. Бирок, аттиң арман, бул алабармандык бир күндүк атак даңк, соорундарга байланган жеңил аброй эмесби деп кейидим, арга жок. “Бирөө акыл тапса акча таппайт, дагы бири акча тапса акыл таппайт”.

Албетте, кош көңүл боло албайсың, киндик кан тамган жериңде жүз берген ар бир окуяны башка жактарда болуп жаткан саамалыктарга салыштырууга мажбур болот экенсиң. Республикабыздын айылдарында өз үйлөрүн бакча, мектеп үчүн өткөрүп бергендер, суу чыгарып, айыл жолдорун оңдогон, жардамга муктаж тургундарга үй салып берген азаматтар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Биздин айылда бул багытта азырынча иш солгун. Деги эле чечилүүнү күткөн көйгөйлөр дың бойдон, аларды чечүүгө ой жетсе да кол жетпей келет.

***

Союз таркагандан бери айылыбыздагы орто мектептерди бүтүргөндөрдөн чет өлкөлөрдү кой республикадагы эң алдыңкы окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүндө окугандары болбоду. Өтө өкүнүчтүү. Болбосо өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы бүтүрүүчүлөрдөн болушкан ага-эжелерибиз Москванын, Ташкент, Алма-Ата менен Фрунзенин жогорку окуу жайларында окушкан. Насирдин Исанов, Таштемир Жороев, Рахман Карабаев, Дади Жаанбаев, Рысмамат Айткулов, Малик Эргешов, бул тизмени сыймык менен улап кете берсең болот. Ноокат чөлкөмүндө кыздардын арасынан биринчилерден болуп медициналык жогорку билимге ээ болгон хирург Апиза Боронбаева да Көк-Белдик эле. Алардын ар биринин өрнөктүү өмүрлөрү тууралуу жазса жарашат. “Адамдын башкаларга кылаар эң чоң жакшылыгы эле үйүнөн адам болоор балдарды тарбиялап өстүрүү экен”. (Чыңгыз Айтматов).

Ал эми 70-80-жылдарда Фрунзе шаарында окушкан жердештеримдин бараар жери “Кузнечная крепость – 36” болчу. Ал жердешибиз, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, жазуучу, журналист Эсенбай Калдаровдун үйү дареги – айылдан борборго окуйм деп барган ар бир абитуриенттин, шаардагы Көк-Белдик китеп студенттин арзып сүйгөн “уясы” эле. Үй болуп азыркыдай эки же үч кабат заңгыраган турак жай болсо гана. Кара кагаз менен жабылып, ылай менен шыбалган, жепирейген үч бөлмөлүү жер там. Оо, анда Фрунзеде мындай тамга ээ болгон адам чанда болчу. 10-15 студент дем алышта же каникулда эч нерседен бей капар ушул даректе күн өткөрүшчү . Үй кожейкеси – Алтын эжебиз кабагым кашым дебей аларга тамак жасап, чайын белендеп, казандан колу бошочу эмес. Анда “сен кимдин баласысың, же кайсы уруудансың?” деген суроо таптакыр жат эле. Көк-Белдик, бүттү, суроо жок!. Жер там тар болгону менен пейил кең эле.

Алтын эжемдеги мындай меймандостук атамдын тарбиясынан деп калам. Раматылык атам Абдувап да учурунда айылдын студент балдары каникулга келген сайын коюн союп үйгө чакырып коноктоп, “Биздин айылдын сыймыгы силерсиңер, жакшы окугула” деп батасын берчү. Колунан келген акчалай жардамын да көрсөтчү. Анда алтымышынчы жылдар. “Ата-эненин сапаты – урпактардын канаты” эмеспи.

***

Кашатта батыштан соккон шамалдын билинер билинбес жели машинага олтурууга аргасыз кылды. “Ой – күлүк”. “Азыркы заман элге кут болсун” деп коем. Мындай төгөрөгү төп келишкен заман кайсыл кылымда болду эле. Кийем десең кийим батпайт базарга, ичем десең, жеймин десең төгүн чачын, ар кадамда дүкөн, кафе, чайхана. Той-топурда, өлүм-житимде ыксыз чыгым жетер жерине жетти. Адамдар арасындагы куру намыска азгырылган атаандашуу баштан ашты. Айрым айылдар андай ысырапкорчулукка чектөө киргизүүгө мажбур болуп, өздөрүн өздөрү тыюуга өтүштү. Айрыкча аялдардын кафе, чайканадан да өтүп мончо менен саунага жеткен “чёрная касса” деген сыяктуу бейадеп салттары көбөйдү. Ушулардын баарын заман көтөрө алаар бекен?!

“Токтоткула, эй адамдар, биз кайда баратабыз!” дейм ичтен. “Кулак тойду көз ачка, курсак тойду төш ачка”. Эч нерсеге сабырыбыз жок, пейлибиз тарып, көрөалбас болуп кеттик. Ач көздүк, эки жүздүүлүк дегениң жашообузга чырмооктой оролуп, адамдагы баалуулуктардын баары акчага байланып, адам кадыры топтогон дүнүйөсү менен бааланып, асылдуулугубузду жоготуп бараткандайбыз. Бекенбай авамдын айтканы бар, “Акыр заман келерде адамдар тапкан дүйнөсүн дубалга чаптап, кооз имараттарды салып алып, ага суктанып олтура берет”, бул кептин чындыгы бар белем …

***

Туулган жер – ар бир пенденин жүрөгүндөгү ыйык тумары. Ким болбо, кайда жүрбө убакыт сааты келет, киндик каның тамган жерге тирүүңдө келбесең алып келишет. Сенин тамырың ошол жерде. “Бутагың сынса сынсын, тамырың үзүлбөсүн”. Ошол Мисирине жете албай канча азамат чет жерде “Жегени желим, ичкени ирим” болуп, Мекен дегенде көзү төрт, ал эми кээ бирлери тек гана кайдыгерликтин туткунунда калып, туулган жердин ыйыктыгын унуткан.

Албетте, “Ааламга кеткен жол айылдан башталат”. Айылды өнүктүрбөй туруп ар тараптан күчтүү өлкөнү кура албайбыз. Айылдарыбызды бардык жагынан тартипке келтирүү, таза суу чыгаруу, жолдорду оңдоо, балдар бакчаларын, мектептерди, маданият үйлөрүн, ФАПтарды, спорт аянтчаларын куруу, жаңы иш орундарын түзүү багытындагы конкреттүү программаларды ар бир айыл өкмөтү иштеп чыгып, ал ишке айыл калкын, сыртта жүргөн айылдаштарын мобилизациялай алса ийгилик жараларында талаш жок.

“Адам баласы жарыкта – караңгыны, кубанычта – кайгыны, токчулукта – жокчулукту ойлонбойт. Бирок, караңгыда – жарыкты, кайгыда – кубанычты, жокчулукта – токчулукту дайыма ойлойт” (Иммануил Кант, немец философу, 1724-1804ж). Ошол кыйчалыштарда туулган жериң гана көздөн учат. “Туулган жериңдин топурагы да алтын”.

Мамырайым ДУВАНАЕВ, журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер