Профессор Адыл Жуматурду: Кыргыз-кытай достугунун тамыры терең, өзөгү бекем

Кытай Эл Республикасынын 70 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленди. Мааракелик иш-чарага арналган салтанатка күбө болгондордун арасында профессор, Кытай илимдер академиясынын Улуттук адабият институтунун түндүк элдеринин улуттук адабиятын изилдөө бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, докторантуранын жетекчиси Адыл Жуматурду да болгон.

– Адыл агай, 70 жылдыкка арналган сыйлоо салтанатында Мамлекеттик ардак наамга татыктуу болгон этникалык кыргыз чоң эне Төрага Си Цзиньпиндин колунан “Эл үлгүсү” эң жогорку мамлекеттик наамды жана алтын орденди алганын көрдүк. Кыргыздар мейли Кытайда болобу, мейли Кыргызстанда болобу, бир улут болуп эсептелет. Бир боор эл катары, чоң эненин ардак наамын чын жүрөктөн куттуктайбыз!

— Ооба, бул жолу Республикалык баатыр наамына 8 адам, Мамлекеттик ардак наамына 28 адам татыктуу болду. Мындан тышкары, дагы чет өлкөлүк 6 адамга достук байланышты бекемдөөгө жана мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн “Достук ордени” ыйгарылды. Мамлекеттик ардак наамга татыктуу болгондордун арасында Бурмакан Молдо аттуу кыргыз чоң эне бар. Жарым кылымдык өмүрүн чек ара коргоого арнаганы үчүн ушул наамга татыктуу болуп отурат. Мамлекеттик эң жогорку ардак наамга татыктуу болгону үчүн, кандашыбыз катары Бурмакан Молдо чоң эне менен абдан сыймыктанабыз!

– Айтсаңыз, учурда Кытайда жашаган кыргыздардын саны канча? Алар негизинен кайсы жерлерди байырлашкан? Алардын турмуш абалы кандай?

– Кытайда жашаган кыргыздардын саны 200 миңден ашат. Кыргыздар негизинен СУАРдын Акчий, Улуучат, Актоо, Артыш сыяктуу райондор жана шаарларында жайгашкан. Андан тышкары, Түндүк Синьцзяндын Текес, Моңгөкүрө, Дөрбүлжүн райондорунда, Түштүк Синь Цзяндын Аксуу, Кашкар, Хотен аймактарында да кыргыздар бар. Түндүк Чыгыш Кытайдагы Фуйу районунда да 2000ге жакын кыргыз жайгашкан. Кыргыздар Кытайдын кайсы гана аймагында жашабасын алар Кытайдагы 56 улуттун бири катары мамлекеттин өнүгүп жаткан жемишин татып, көрсөткөн жардамдарына ээ болуп, жашоосу жакшы өтүп келе жатат.

– Жакынкы жылдардан бери эки өлкөнүн жетекчилеринин демилгеси менен өз ара байланышы өрчүдү, достук бекемделди. Сиз мына ушундай тарыхый окуяларга күбө болуп турган адам катары, кандай ойлоруңузду бөлүшкүңүз келет?

– Ооба, кыргыз-кытай достугунун тамыры терең, өзөгү бекем. Хан династиясы учурундагы Ли Лиңсангундун байыркы кыргыздарга барып сиңишип кеткенин, Таң династиясынын залкар акыны Ли Байдын Токмокто туулганын айтпаганда да, учурда Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин атындагы көчө, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» комплексинен орун алган Сыма Чяндын эстелиги, жакында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдынан орун алган кытайлык залкар кыргыз манасчы Жүсүп Мамайдын эстелиги сыяктууларды эки өлкөнүн өз ара достук байланышынын далили деп айтууга болот. “Бир алкак – бир жол” демилгеси да эки өлкө ортосундагы ар тараптуу байланыштардын алтын көпүрөсүн курууга чоң салым кошуп жатат. Эки өлкө лидерлеринин өз ара расмий иш сапарлары мындай байланыштардын жанданышына ири таасирин көргөздү.

“Бир алкак – бир жол” кызматташтыгы тереңдеп, эки өлкөнүн достугу ого бетер бекемделип, эки элдин мамилеси түбөлүктүү болоруна бекем ишенем.

– Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарда Төрага Си Цзиньпин Кыргызстандын Президенти С.Ш.Жээнбековдун чакыруусу менен дагы бир сонун белек ала келген. Ал – Кытай Борбордук опера театры даярдаган “Манас” операсы. Бул “Манас” эпосунун Кытай жана Кыргызстан элдеринин көңүлүндөгү бийик ордун көрсөтүп турат деп эсептейбиз.

– Төрага Си Цзиньпин белгилеп кеткендей, “Манас” эпосу эки өлкөнүн бирдей руханий дөөлөтү. “Манас” эпосуна мамлекет чоң маани берип, 2006-жылы Кытайдагы материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кирген. 2009-жылы болсо Кытай өкмөтү жагынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесин каттоосуна кирди. 2013-ж. Кыргызстан да “Манас” эпосунун үчилтигин адамзаттын руханий баалуулугу катары ЮНЕСКОго каттатты. Бул залкар элдик чыгарма эбегейсиз маданий-руханий баалуулугу менен Кытай жана Кыргызстан элинин алакасында алтын көпүрө болуп калды. 2018-жылдын июнунда КРнын Президенти С.Ш.Жээнбеков Кытайга ШКУнун саммитине катышуу үчүн жана мамлекеттик иш сапар менен келгенде, биз алдыда кеп кылган “Манас” операсы ал кишинин урматы үчүн көрсөтүлгөн. Ошол кезде эпосту кытай тилине которгон адис катары мен да болгом. Мамлекеттин тиешелүү мекемелеринин орундаштыруусу менен мен Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жанында олтуруп операны көрдүм. Ал мен үчүн абдан маанилүү, унутулгус көз ирмем болгон.

– Кытай Айтматовдун окурмандары эң көп өлкөлөрдүн бири. Айтматовдун дээрлик бардык чыгармалары кытай тилине которулган экен. Былтыр залкар жазуучунун 90 жылдыгы болду, КРнын КЭРдеги Элчилиги Кытай Эл университети менен бирге залкар жазуучунун юбилейин Бээжин шаарында белгилешти. Бул Айтматовдун кытайлык окурмандарынын таасирин айгинелеп берди десек жаңылышпайбыз.

– Былтыр 14-декабрда Кытай Эл университети жана КРнын КЭРдеги Элчилиги “Айтматов дүйнөлүк маданий контексте” аталыштагы эл аралык илимий шерине жана жаңы китептердин бет ачарын жана сүрөт көргөзмөсүн уюштурушту. Айтматов кино жумалыгы болду. Булардын бардыгы окурмандарга Айтматов дүйнөсүн дагы бир жолу таанытты. Ал иш-чаранын алкагында мен долбоорлоочу жана уюуштуруучу катары милдет аткардым жана Айтматовдун айрым чыгармаларын кытай тилине котордум, негизги баяндаманы жасадым.

– Сиздин Манас таануу жана котормо менен көптөн бери алектенип келе жатканыңызды билебиз. Эл арага белгилүү Манас таануучусуз. Бизге Манас таануунун Кытайдагы бүгүнкү абалы тууралуу, өзүңүздүн бул жактагы эмгектериңиз тууралуу айтып берсеңиз.

– Кытайда Манас таанууга бүт өмүрүн короткон окумуштуулар да болгон, алардын ичинде Лю Фажүн (Liu Fujun), Шаң Шижиң (Shang Xijing),Tao Яң (Тао Yang), Пазыл Абыкеев, Сакен Өмүр, Үсөйүн ажы Асаналыны атап өтсөк болот. Алар “Манас” эпосу тууралуу бир өмүр иштешти. Учурда көзү тирүү алгы муун окумуштуулардан Лаң Йиң, Ху Чжэньхуаны атасак болот. Булардан башка да көптөгөн окумуштуулар Манас таануу жаатында чоң из калтырышты, эмгек сиңиришти. Аларды бул жерде бир-бирлеп санабадык.

– Адыл агай! Манас таануу жана Айтматов таануу жаатында өзүңүздүн эмгектериңиз тууралуу токтолсоңуз?

– Айтматов таануу Кытайда өткөн кылымдын 60 жылдарында башталып, жарым кылымдык убакытты басып өттү. Айтматовдун чыгармаларын окуган окурмандардын саны боюнча эң көп өлкө – бул Кытай экени шексиз. Анын бардык чыгармалары дээрлик кытай тилине которулган.

Мен Манас таануу илимине өткөн кылымдын 80-жылдардын ортолорунан баштап киришкемин. Арадан 30 жыл өттү. Мен кытай тилине которгон варианттын негизинде сценарий жазылып, сахнада опера ойнолгону мен үчүн абдан чоң сыймык. Албетте менин “Манас” тууралуу иштеген жумушум бул гана эмес. Доктордук диссертациям “Манасчыларды изилдөө” деп аталат. 2004-жылы коргогом, Кытайда Манас таануу багытында доктордук диссертация коргогон алгачкы окумуштуумун десем жаңылышпайм. “Азыркынын Гомери: залкар манасчы Жүсүп Мамай” деген кытай жазуусунда 2002-ж. басмадан басылып чыккан эмгегибиз да “Too гүлү” сыйлыгына татыктуу болгон.

Мен 30 жылдан бери Айтматовдун чыныгы окурманымын. Чыгармалары абдан жагат. Ал киши менен көзү тирүүсүндө бир канча жолу жолугуу мүмкүнчүлүгү болду. Алгачкы жолугушуу 2006-жылдын 5-сентябрында болду. Мен ал кишиге Кытай элдик адабият басмасынан жарык көргөн 3 томдук китебин белекке бергем. Чыңгыз Төрөкулович абдан кубанып, “мен да кытайча билем” деп мага тамашалаган. Академик Абдылдажан Акматалиев экөөбүз ал кишини кашында элек, күлүп калганбыз. 2007-ж ал киши менен дагы бир жолу жолукканда мен Кытайда кыргыз тилинде жарык көргөн 20 см калыңдыктагы “Манас” китепти (Ж.Мамай вариантында) белекке бергенимде ал киши абдан толкундануу менен кабыл алып, ары таңгалып Кытай өлкөсүнүн “Манас” эпосуна болгон мамилесине ыраазы болгон жана жогору баалаган эле. Мурда мен ал кишинин макалаларын кытай тилине которгом. Ал эми 2018-ж. “Адабият жана искусство” аталыштагы публицистикалык жыйнагын биргелешип которуп басмадан чыгардык. Окурмандардын жакшы баасына арзыды.

– Жакында сиз которгон кыргыз акындарынын ырлар антологиясы кытай тилинде 2 томдук болуп жарык көрүптүр. Биз абдан сүйүндук. Чын жүрөктөн куттуктайбыз.

– Бул менин эки өлкөнүн маданий алакасы үчүн кошкон дагы азыраак салымым деп эсептейм, Антологияга XX кылымдын 90дон көп акынынын 500дөй ыры тандап киргизилген. Кыргыз поэзиясынын сыйкырдуу күчүн кытай окурмандары алгач жолу таап отурат. – Абдан жакшы. Кыргыз-Кытай маданий алакасынын жанданышы үчүн кошкон салымыңызга ыраазычылык! КЭР курулганынын 70 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жаткан бүгүнкү күндө кыргызстандыктарга кандай каалоо-тилектериңиз бар? – Кытай жана Кыргызстан эки өлкөнүн, эки элдин достугу түбөлүктүү болсун, эки эл саясий, зкономикалык, маданий алакалары өнүгүп-өсүп, жаркын келечекке чогуу аттаналы. Эки өлкөнүн маданий алакасынын дагы да чыңдалышы, бекемделиши үчүн мен дагы да бел байлап аракеттене бермекмин.

Kabar.kg