Петербургдун Кунсткамерасында сакталган таберик сүрөттөр

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Бул сүрөттөрдү интернеттен таап алдым. Болгону “Кунсткамера…Кыргыздардын музыкалык олимпиадасы” деген гана жазуу жүрөт (Кунсткамера – Санкт- Петербургдагы дүйнөгө белгилүү антропологиялык жана этнографиялык музей). Атүгүл сүрөттөгүлөр кимдер экендиги да жазылган эмес. Канткен менен эл эмеспизби, тааныган-билгендер мүмкүн чыгып калар.

Алгачкы олимпиадага келген алптар

Ал эми “олимпиада” деген сөзгө токтолсок, 1936-жылы Кыргызстанда элдик өнөрпоздордун республикалык олимпиадасы болуп өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча тандоодон өткөндөр, ошол кезде жаңыдан уюшулган (1936-жылдын 29-октябрында), азыркы Кыргыз Улуттук мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга кызматка алынган. Демек, бул сүрөттөгүлөр туңгуч олимпиаданын катышуучулары болушу толук мүмкүн.

Турмуш деген – турмуш. Ошол олимпиадада тандоодон өткөнү менен борбордо (ал кездеги Фрунзе, азыркы Бишкек) калып иштөөгө шарты жоктору, кайра кайтып кетишсе керек. Мен ушул өкүнүчтү айткым келип турат. Эми карап көрсөк эмне деген гана залкарлар катышпаган?

Ысмайыл Борончиев эскергендей олимпиадага 80 жаштагы Ниязалы Борош уулунун, кадимки Шапак манасчынын катышкандыгы белгилүү. Ысмайыл төкмөнүн айтымында Ниязалы карыя суу алып келе жаткан келиндерди туурап, комузду ийнине алып, сахнада ары-бери басып туруп черткен экен.

Жеңижоктун Коргоолго ырдаган ырында “Ниязалы абаңдын…Миңден ашык күүсү бар” деп айткан жери бар. Бирок, кыргыз күү өнөрүнүн кол ойнотуп чертүү мектебинин башында турган, Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Корголго күү үйрөткөн улуу комузчу Ниязалы Борош уулу филармонияда калбай, айылына кайтып кетиптир.

Дагы бир мисал. Ысмайыл Борончиев олимпиадага Алымкул төкмөнүн кечигип келгенин, учурашуу ырында Осмонкул менен Калыкты айтканы менен башкаларына жалпы эле учурашып өткөнүн, ага таарынган Барпы мындайча ырдаганын калтырган:
…Осмонкул менен Калыкты,
Оозуңа алдың да,
Оозуңа алганда,
Олтурган төрт-беш чал барбыз,
Бизди унутуп калдың да.
Ниязалы комузчу,
Шапак турат алдыңда.

Барпы деген мен элем,
Балам мен кимден кем элем.
Калык иним сен айтчы,
Түндүк-түштүк ырчынын,
Түзүктөрүнө тең элем.

Топ ичине барганда,
Токтогул айтчу саламды.
Токтогулдан чоңсуңбу,
Тоготподуң агаңды.
Калк ичине барганда,
Калмырза айтчу саламды.
Калмырзадан чоңсуңбу,
Капа кылдың агаңды…

Барпыны өлөөрүнө жакын борборго алып келишкен

Минтип төкмөлүк өнөрдө өз ордун билген гана киши айта алат. Бирок, Барпы да, Шапак манасчы да филармонияда калбаптыр. Барпы ырчыны оо кийин, өлөрүнө эки жыл калганда гана борборго алып келишип жаздырып калышкан. Дээрлик эки жыл бою өз оозунан жазылып алынгандыктан анын чыгармалары негизинен толук жана көркөмдүк жагынан теңдешсиз. Эгерде Барпы ошондо эле калып, анын өзүнүн аткаруусунда чыгармаларын радионун алтын фондусуна жазып калышканда эмне деген маданий казына болмок эле?!

Шүгүрчүлүк Калык, Осмонкул, Алымкул, Саякбай, Молдобасан, Карамолдо, Шаршен, Жумамүдүн ж.б. улуу таланттар калып иштешип, улуттук филармониянын пайдубалын түптөшкөн.

Бул сүрөттөгүлөр кимдер?

Бул сүрөттөргө байкоо салсак, кийимдери жүдөңкү, бири комуз, бири кыл кыяк кармаган өнөрпоздордун ар кимиси кайталангыс таланттар болгонун сезбей койбойсуң. Анткени, өнөрпоздордун республикалык олимпиадасына жөнжай адам келбей тургандыгы белгилүү. Анын үстүнө азыркыдай бир ырды ырдап коюп жылдыз аталган оору ал кезде жок эле. Эл ичинен суурулуп чыккан, таасын таланттар гана мындай жерлерге келе алышмак.

Кайран таланттар минтип элеси калган менен, ким экендиктери ачылбай кетти. Сыягы, орус сүрөтчүлөрү тартып, комуз, кыл кыяк кармаган, кийимдери да алда немедей өнөрпоздорубузду этнографиялык баалуулук катары Петербургдагы Кунсткамерага калтырып коюшса керек.

Сөз сонуңда адабий иликтөөчүлөр, тарыхмаданиятка кызыккандар туз буюруп Петербургда болуп калышса атайы Кунсткамерага барып бул сүрөттөрдүн тек-жайына кызыгып көрүшсө деген ойду айткым келет. Ал эми журналист калемдештериме кайрылсам, бүгүнкү күндө да элибиз залкар таланттардан кур эмес. Аларды ачып берүү, тарыхмаданиятка калтыруу да биздин милдетибиз. Бир гана маданияттын өкүлдөрү эмес, мамлекетибиздин кайсы тармагында болбосун эбегейсиз эмгек сиңирген таланттуу инсандарыбыз толтура. Ошолор көз жаздымда калбаса дейм.