Эстелиги калып, өзү жок болобу?

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


23-октябрь – ак илбирсти коргоонун эл аралык күнүнө карата Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун аймагына ак илбирстин жана анын азыгы болгон – кийиктердин, коендун жана суурдун айкели орнотулду.

Мындай айкелди жасоо идеясын көтөрүп чыккан NABUКыргызстан уюмунун директору Толкунбек Асыкулов: “Ак илбирсти эле эмес, анын азыгы болгон кийик, аркар, суурлар, маралдарды да коргоого алуубуз зарыл. Баса, бул жаныбарлар да фото-капкандарга көп түшөт. Ак илбирсти коргоо бир күндүк программа эмес, ал үчүн көп иштер аткарылышы зарыл. Мониторинг жасалып, агартуучулук иштерди аткаруу керек. Ошондой эле ар кандай акцияларды уюштуруп, коомчулуктун көнүлүн учурдагы экология көйгөйүнө буруу зарылдыгы бар”, – деп билдирди.

Беш айкелди скульптор Марлен Бакачиев жасап чыккан. Астындагы асканын бийиктиги 4,5 метрди түзөт.

NABU – Кыргызстан уюму көп жылдардан бери ак илбирстерди жана ошондой эле сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо жана сактоо жаатында иштерди жүргүзүп келет.

Ак илбирс сейрек кездешүүчү жаныбарларга кирет. 80-жылдары Кыргызстанда аталган жаныбарлардын саны 1400 болсо, учурда айрым маалыматтар боюнча 300 баштын тегерегинде. Бул жаныбарлардын азайып жатышына көптөгөн факторлор себеп болуп келет. Алсак, анын териси, сөөктөрү үчүн браконьерлер аңчылык кылышса, алардын азыгы болгон кийик, аркар, суур сыяктуу жаныбарларга аңчылык кылуу менен алардын тамакашын мергенчилер кошо талашып жаткандыгы да себеп дешет адистер.

23-октябрь күнү парламентте «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Депутаттар тобу 2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доңузга аңчылык кылууга мораторий киргизүүнү сунушташты. Демилгечилердин бири Экмат Байбакпаевдин айтымында, ушу тапта өлкө аймагында аңчылык чарбасы чөйрөсүндө ишкердик менен 52 юридикалык жак алектенет, анын ичинде 42 жеке менчик аңчылык фирма, 9 коомдук чарба жана 1 мамлекеттик мекеме бар.

“Аңчылык жерлердин жалпы аянты – 14,4 млн. га, анын ичинен мамлекеттик жерлер – 7,2 млн. га, коомдук жерлер – 3,2 млн. га, жеке менчик жерлер – 4 млн. га. Бул мыйзамды ишке ашырууга баш-аягы 1 млрд. сомго жакын каражат талап кылынат экен. Жандуу жаратылыш менен жапайы жаныбарларды сактап калуу үчүн каражатты аябаш керек, аны бюджеттен же фонддордон караштырса болот”, – деди эл өкүлү.

Анткен менен бул мыйзам долбоору артка кайтарылып, эл өкүлдөрүнүн жетиштүү колдоосун таппай калды. Бул багыт менен кете турган болсок, ак илбирсти ошол орнотулган эстеликтерден гана көрүп калчу күн да алыс эмес окшойт деген ой да келбей койбойт.