Парламент апта ичинде: Эл өкүлдөрүндө эмне кеп?

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Жалпы көйгөйгө айланган компьютердик клубдар

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Орозбек Алыбаев компьютердик оюндар социалдык көйгөйгө айланганын, көптөгөн жаш балдар мектепке барбай, компьютердик борборлордон чыкпай калгынын айтып, ата-энелер мындай борборлорго тийиштүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылып жатканына токтолду. Ал Өкмөт жалпы коомчулук муну эске алышы керектигин баса белгилеп,«компьютердик оюндарга балдар эле эмес, чоң кишилер да азгырылууда. Андай борборлорду жаба албасак дагы, аларды калк арасында жарнамалоого тыюу салуу зарыл. Аларды азыртан мындай азгырыктан арылтпасак, жаш муунду бузуп алабыз», – деди.

7 сомго кандай ысык тамак келиши мүмкүн?

Буга чейин башталгыч класстардагы окуучуларга ысык тамак берилип келгени менен ал мыйзамдаштырылбаганын жазган элек. 23-октябрда «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында каралды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 2265 мектептин 1371инде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Талкууда депутат Улугбек Ормонов: “Окуучулардын тамактануусуна бөлүнчү 7 сомго кандай ысык тамак келиши мүмкүн? Мүмкүн эмес! Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, тамак-ашка бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүшү керек. Ансыз бул маселенин чечилиши кыйын», – деди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жоопкерчилиги жогорулайбы?

22-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте «КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Ал бир нече депутат тарабынан демилгеленген. Демилгечилердин бири депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, мыйзам долбоору менен район акимдеринин жоопкерчилигин жана аларга болгон квалификациялык талаптарды күчөтүү сунушталууда. Ошону менен катар акимдердин кадрлар, жер жана башка ресурстарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктары жөнгө салынмакчы.

Мыйзамга агенттик каршы

Ушу тапта коруктардын жетекчилиги жердин баарын коруп алып, жергиликтүү тургундарды ал жерге киргизбей жатат. Ал эми корук башчылары туристтер менен аңчылыктан түшкөн каражатты өздөрү каалагандай пайдаланууда. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканын билдирди.

“Мисалы, 2017-жылы аңчылык чарбаларынан 671 млн. сом гана түшүптүр. Анан, албетте, өз билгенин жасап көнгөн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамагенттиги мыйзам долбооруна каршы болот да. Мындай абалга нааразы болгон жергиликтүү калк андай абалдын баары мыйзам жолуна салынышы керектигине ынанып турган убагы. Азыр жапайы жаныбарлардын 5 түрүнө гана аңчылык кылууга тыюу салуу демилгеси сунушталууда, калгандарына аңчылык кылса болот”, – деди ал.

Ал эми аталган агенттиктин директорунун орун басары Элдияр Шерипов мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирди. “Мыйзам кабыл алынып калса, агенттикке кошумча иш-милдеттер жүктөлөт. Анан аны аткаруу алкагында кошумча техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу, жаңы жумушчу орундарын ачуу үчүн кошумча каражат талап кылынат. Ошондуктан, биз буга азырынча даяр эмеспиз”, – деди ал.