Ундун наркы эки эсе кымбаттаганы жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын  ундун наркы эки эсе жогорулаганы жөнүндө айткандарына Өкмөттүн Апппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирди. 

2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн.

 Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% га жогорулады.

 2018-жылдын октябрь айында республика боюнча 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн.

 Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча экинчи сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 20,3 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 14,8% га жогорулады.

 Баага карата жүргүзүлгөн анализ ундун чекене баасы эки эсе жогорулады деген маалымат чындыкка дал келбешин күбөлөндүрөт.

Республиканын аймактарындагы ар кандай сорттогу 1 кап ундун баасы:

Аймак Жогорку сорттогу ун

 (50 кг/сом)

1-сорттогу ун

(50 кг/сом)

2-сорттогу ун

(50 кг/сом)

Чүй облусу 1800 1450 1000
Нарын облусу 1700 1500 1000
Ысык-Көл облусу 1800 1200 1050
Талас облусу 1500 1400 1200
Ош облусу 2000 1450 1200
Жалал-Абад облусу 1750 1600 1350
Баткен обласу 2000 1650 1200