Германия Кыргызстанга 344 млн. евролук жардам көрсөттү

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Европанын, жалпы эле дүйнөнүн алдыңкы өлкөсү болгон Германия менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү –Кыргызстандын тышкы саясатындагы приоритеттүү багыт болуп саналат. Бул тууралуу КР ТИМ 3-саясий департаментинин директору Улан Жусупов кеп салып берет.

– Улан Калыгулович! Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын бүгүнкү деңгээли боюнча эмнелерди айта аласыз?

– Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы мамиледе саясий диалог, жогорку деңгээлдеги ачыктык жана өз ара аракеттенүү жакшы жолго коюлган. Соода-экономикалык мамилени кеңейтүү, маданий-гуманитардык жана финансы-техникалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен иштер жүрүүдө.

Кыргызстан саясий айдыңда да Германия менен ийгиликтүү кызматташууда, мунун күбөсү катары “Европа Союзунун Борбор Азия боюнча стратегиясын” келтирсек болот. Бул документ 2007-жылы Германия Европа биримдигине төрагалык кылып турганда кабыл алынган. 2019-жылдын июнь айында Европа Союзунун Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясы ишке киргизилген.

Акыркы жылдарда эки тараптуу кызматташууга умтулуу байкалууда. 2012, 2015, 2017 жана 2019-жылдарда Кыргызстандын президенттеринин Германияга иш сапары болуп өтсө, 2016-жылы Федералдык канцлер А.Меркель Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетти.

– Ушул жылдын жаз айларында Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Германияга барган. Жыйынтыгы кандай болду?

– 2019-жылдын 14-17-апрелинде Президент Сооронбай Жээнбеков Германия Федеративдик Республикасына биринчи жолу расмий иш сапары менен барып, Германиянын жогорку жетекчилигинин биринчи адамдары: президент Ф.В.Штайнмайер, канцлер А.Меркель, Бундестагдын президенти В.Шойбле ж.б. расмий жетекчилери менен жолугушкан. Айрыкча 15-апрелде С.Жээнбековдун катышуусунда Мюнхен шаарында өткөн Кыргыз-Герман бизнес-форуму эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгына жаңы дем берди десек болот. Азыркы учурда иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Алып айтсак, мындан ары биздин жарандар илимдин доктору, бакалавры, магистри даражаларын алууда, тил үйрөнүү курстарынан өтүү үчүн Германия академиялык кызматынын (ДААД) жекече стипендияларын алууга мүмкүнчүлүк алышты.

2019-жылы биздин өлкөнүн 45 жаранына ДААДдын стипендиясы берилди. Мындан тышкары эки өлкөнүн ЖОЖдорунун арасында кызматташтык ийгиликтүү жүрүүдө. 2004-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде кыргыз-герман факультети ачылган. 2013-жылы ушул факультеттин базасында Кыргыз-Герман техникалык университети түзүлүп, Бойт атындагы Берлин техникалык университети менен ийгиликтүү кызматташууда. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети менен германиянын Цвикау шаарындагы Батыш-Саксон кол өнөрчүлүк (прикладдык) илими университетинин маалымат факультетинин ортосундагы келишимдин негизинде Кыргыз-герман маалымат факультети түзүлгөн.

Ошондой эле мектептерде билим берүү жаатында да кызматташтык жүрүп жатат. Чет өлкөлөрдөгү мектептерде билим берүү борбордук мекемеси (ZfA) “Мектептер: келечектеги өнөктөштөр” (PASCH) демилгесинин алкагында Кыргызстандагы 8 мектеп менен кызматташып келет. Бир топ жылдардан бери Кыргызстандын 3 гимназиясында B2/C1 деңгээлиндеги немец тили боюнча DSD-II дипломун алуу үчүн экзамендер өткөрүлүүдө. Бул Германиянын ЖОЖдорунда окуу үчүн атайын шарт болуп эсептелет.

Кыргызстандын көптөгөн жаш ишкерлери жыл сайын Германиянын экономика жана энергетика федералдык министрлигинин «Fit for Partnership with Germany» программасы боюнча тажрыйба алмашуу өтүп, окуп келишүүдө. Көптөгөн жаштарыбыз Германиянын алдыңкы ЖОЖдорунда билим алышып, аны бүткөндөр германдык мекемелерде жана компанияларда иштеп жатышат. Алардын арасында Германиянын банктарында, жогорку жана орто окуу жайларында ж.б. ири компанияларында алдыңкы позицияларды ээлеген мекендештерибиз бар.

– Соода-экономикалык кызматташтыгыбыз кандай өнүгүүдө?

– Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер жетишерлик жогорку деңгээлде деп айта алабыз. Биз Германия менен аракеттеги өкмөттөр аралык механизмдердин негизинде кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жатабыз. Өз кезегинде Кыргызстандын бизнесмендери да өздөрүнүн немец өнөктөштөрү менен тыгыз иш алып барышып, өндүргөн продукцияларын Германияда өтүүчү эл аралык деңгээлдеги көргөзмө ишчараларына алып чыгышууда.

Биз үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Ушул өңүттөн алганда эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан, Кыргызстанда эки жолу өткөрүлгөн “Германиянын Кыргызстандагы экономикалык күндөрү” иш чарасын айрыкча белгилеп кетээр элем.

Дагы бир потенциалдуу багыт, мурда Германияга туруктуу жашоого чыгып кетишкен Кыргызстандык немец диаспорасы менен иштешүү болуп саналат. Алардын айрымдары немец компанияларында негизги орунду ээлешип, өндүрүш тармагында өздөрүнүн бизнесине ээлик кылышат. Биз бул мекендештерибиздин ишкерлик потенциалын Кыргызстандын кызыкчылыгына пайдаланып, аларды бизде ишкерлик кылууга тартуу негизги милдетибиз деген ишенимдебиз.

– Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик механизмдер барбы?

– Албетте, бар! Биз “Экономиканы туруктуу өнүктүрүү” жана “Саламаттыкты сактоо” маселелери боюнча өкмөттөр аралык консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү туруктуу негизде өткөрүп турабыз. Ушул жылдын 11-июлунда Бишкекте кезектеги кыргыз-герман өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр болуп өтүп, анын жыйынтыгы боюнча Германиянын өкмөтү 2019-2020-жылдарда Кыргызстанга 41,8 млн. евро финансылык жана техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттенме алышты, анын 20 млн. евросу финансылык кызматташтык, ал 21,8 млн. евросу техникалык кызматташтык долбоорлоруна жумшалат.

Жалпы алганда Кыргызстан менен алака жүргүзүү жылдарында Германия тарабынан финансылык жана техникалык кызматташтыктын алкагында 344 млн. евро жардам көрсөтүлдү.

– Кыргызстандагы германдык саясий фонддордун ишмердүүлүгүнө кыскача токтоло кетсеңиз?

– Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн күндөн тартып, Кыргызстан германдык бир катар саясий фонддор менен кызматташып келет. Конрад Аденауэр атындагы фонд демократиянын, укуктук мамлекеттин жана социалдык рынок экономикасынын калыптанышына чоң салымын кошууда. Ал эми Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд Кыргызстанда демократиялык институттардын жана демократиялык саясий маданияттын калыптанышына салым кошуп жатса, Ханнс Зайдел атындагы фонд Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы менен биргеликте Кыргызстанда “Борбор Азия өлкөлөрүндөгү менеджментке жана башкарууга көмөктөшүү” долбоорун жүзөгө ашырууда. Бул долбоордун алкагында Фонд Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынан окуу үчүн жергиликтүү жана мамлекеттик башкаруу, жарандык сектор жана парламентаризм системасынын жаш адистерине, жетекчилерине стипендия бөлүп берип келет.