Айтматовдун белгисиз повесттери чыкты

«Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы өзүнүн тушоо кесери менен бирге, окурмандарга буга чейин белгисиз болгон Ч.Айтматовдун эки повестин бириктирип, бир китеп кылып чыгарып, окурмандарга сунуш кылганы турат. Академиянын жакынкы мезгилге белгиленген тушоо кесерине мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусу да күтүлүүдө.

Академия чыгарган Ч.Айтматовдун эки повестине токтолсок, “Смерч” деп аталган киноповесть 1986-жылы Тажикстанда “Памир” журналына чыгарылып, ошо бойдон эч жерде кайра басылбагандыктан унутулуп кеткен. Анын негизинде тажик кинодраматургу жана кинорежиссору Бако Садыков тарткан “Смерч” көркөм кино тасмасы кеңири атакка ээ болуп, бир катар кинофестивалдардын дипломдору, грамоталары менен сыйланган. Повесттин өзөгүн — улуу жазуучунун философиясына мүнөздүү сүйүү бардыгын жеңет, зомбулук канчалык күчтүү, ырайымсыз болбосун ал утурумдук, ал адамдардагы эң жакшы сезимдерге биротоло бөгөт боло албайт деген идея түзөт. Ал эми “Снег и золото” деген повести ушунчалык күчтүү, аябагандай чоң ой-максатта башталган, бирок тилекке каршы, жазуучу белгисиз себептер менен аягына чыгарган эмес, айрым беттери жоголуп да кеткен. Ошентсе да ал окурмандарга күчтүү таасир калтырат.

– “Ч.Айтматовдун бүтпөгөн повестинин кол жазмасын анын үй-бүлөсү беришти, биз ал үчүн Мария Урматовнага, балдарына ыраазыбыз, – деди “Манас” жана Чынгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев. – Элдар Айтматовдун айтымында, улуу жазуучунун бүтпөгөн дагы бир нече чыгармасы бар. Аларды да тактап, тастыктап, иретке келтирип, бастырып чыгарсак деген оюбуз бар. Ал эми “Смерчти” Академиянын башкы адиси П.Дүйшөнбаев таап, басмага даярдады. Эки повесть тең окурмандардын чоң кызыгуусун жаратарына ишенебиз.