«Тынчтык булагы» миллиондогон сириялыктардын мекенине кайтуусун шарттайт

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Дүйнөлүк терроризм – бул жалпы адамзаттын маселеси. Кимдин кандай гана максаты болбосун бейкүнөө бир дагы адамдын тамчы канына татыбайт. Түркияда 1978-жылы сепараттык максатты көздөгөн Абдуллах Өчаландын жетекчилиги астында “Күрдүстан жумушчу партиясы” түзүлгөн. Алар 1980-жылдан бери Түркиянын аймагында ар кандай террористтик чабуулдарды уюштуруп, азыркыга чейин 40 миңден ашык адамдын өмүрүн кыйышкан. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө “террористтик уюм” катары таанылган.

“Араб жазы” деп аталган чоң саясий оюндун эпкини менен бүгүнкү күнгө чейин Сирияда кан күйгөн согуш оту токтобой келет. 2011-жылы жаз айында Сириянын бир нече шаарларында башталган оппозициялык митингдер уланып отуруп, биринин канын бири ичкен бүгүнкү жарандык согушка алып келди. Дал ушул башаламандыктан ИГИЛ пайдаланып Сирия, ирактын аймагында бир топ кызыл кыргын салып жибергенге үлгүрдү. Анын кесепетинен миллиондогон жөнөкөй эл өз үйлөрүн таштай качып, тынчыраак жерден башпаанек издешти. Ошондой оор күндөрдө Түркия башкаларга окшоп эшигин бекем жаап албай, качкындарды кабыл алды. Азыркыга чейин Түркия өз аймагында 3 миллион 600 миң сириялыкты багууда. 2018-жылы түрк аскерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Зайтун бутагы” деп аталган аскердик операциядан кийин Сириянын түндүк-батышындагы Африн шаары баш болгон аймак күрд террорчу топторунан бошотулуп, ал жактагы 3 миллиондон ашык сириялыктарга дагы Түркия бийлиги кам көрүп, жолун, суусун, дүкөнүн, мектебин салып берген. Сирия калкынын жалпы саны 21 миллион болсо, анын 3/1 бөлүгүн же 7 миллионго жакынын бүгүнкү күндө Түркия өз камкордугуна алган. Мындай камкордукту мындан 2-3 жыл мурун Түркиянын түштүгүндөгү Газиантеп шаарынын чет жакасындагы сириялык качкындардын лагерине барганда өз көзүбүз менен көргөнбүз. Аргасыз үй жайын таштап, Европаны көздөй качкан сириялыктарды чек араларынан өткөрбөй, итке талаткан окуяларды ошол кезде ЖМКлардан окуп, көрүп зээнибиз кейип турган эле. Газиантеп шаарындагы качкындардын лагерин көрүп, боордоштугу үчүн Түркияга чындап ыраазы болгонбуз. Качкындар лагери десе эле, өтө кейиштүү абалды элестетип барсак, ар бир сириялык үй бүлөгө өзүнчө контейнерден турак жайлар тургузулуп, суу, свет, даараткана, жуунучу жайынан бери салып, балдарын окуткан мектептер, спорттук аянтчаларын куруп бергенин көрүп таң калганбыз. Жакындарын жоготуп, үй жайын сагынып жүргөн сириялыктар бош жатып санаага батпасын деп, балдарына да, чоңдоруна да ар кандай ийримдерди уюштуруп берген Түркия бийлигине кантип ыраазы болбойсуң. Бүтүндөй бир мамлекеттин калкына тең элди багыш деле оңой олтоң иш эмес. Бул үчүн Түркия өз казынасынан 40 млрд. доллар каражат жумшаган. Бул качкындар Европага агылып кирсе, Евро Биримдиктеги өлкөлөр айласын таппай калмак.

23-октябрь күнү Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат атайын маалымат жыйын өткөрүп, Түркия менен чектешкен Сириянын түндүк аймагында согушчул күрддөрдүн YPG/PKK (Элдик өзүн өзү коргоо отряддары), PYD (Демократиялык союз партиясы. Дүйнөдө террорчу деп таанылган “Күрдүстан жумушчу партиясынын” туундусу) уюмдарына каршы түрк аскерлеринин 9-октябрь күнү башталган “Тынчтык булагы” аттуу согуштук операциясы, сириялык качкындардын абалы, бул согуштук операция тууралуу АКШ жана батыштын медиаларындагы “Түркия карапайым сириялыктардын канын төгүп жатат” деген маанайдагы бир беткей каралоо кампаниясы жүрүп жатканын айтты.

Чынында эле Түркия миллиондогон качкындарды өмүр бою бага албайт. Тууганыңдын үйүндө 2-3 күн сыйлуу коноксуң, андан кийин “шыпырылбаган жерге” отуруп калаарың турган иш эмеспи. Ал эми 3,6 миллион адамды 8 жылдан бери бери багып жаткан Түркия качкындарды өз үйлөрүнө кайтаруунун айласын табышы керек. Сириянын түндүгү, Түркиянын түштүгү расмий Анкарынын 40 жылдан берки баш оорусуна айланган “Күрдүстан жумушчу партиясынын” сепараттык оюна тилектеш YPG/PKK, PYD уюмдарынын уюгуна айланган. Өзүнүн НАТОдогу үзөңгүлөшү Түркиянын улуттук коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирген күрддөрдүн PYD партиясын же “Демократиялык союзду АКШ куралдандырып, ачык эле колдоп келген. Маалымат жыйында элчи Женгиз Камил Фырат аларга америкалыктар 30 фура курал-жарак жибергенин айтып каңырыгы түтөдү. Ошондой эле Сириянын түндүк-батышындагы аймакта цемент чыгаруучу франциялык “Лафаш” фирмасынын цементтери менен Түркиянын аймагын көздөй 200 метрдей тоннель жасалганын, бул Түркияга террордук чабуул жасамакчы болгон уюмдарга түзүлгөн шарт экенин айтып, батыштын мындай эки жүздүү саясатын айыптады.

“Тынчтык булагы” операциясынын максаты дагы дал ушул күрддөрдүн согуштук топтору орун очок алган Сириянын түндүгүнөн түштүктү көздөй 30 чакырым аймакты тазалап, ал жакка түркиялык лагерлердеги сириялык качкындарды көчүрүп келүү көздөлгөн.

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун АКШнын атактуу “New York Nimes” гезитине жазган макаласында:

– Түркия аскердик операцияны өзүнүн Сирия менен чек аралаш аймактарындагы террористтер тарабынан түзүлгөн коркунучту жок кылуу максатында баштады. Бул операция ал жактагы террористтик топтордун канкордугунан карапайым сириялыктарды куткарат жана Сириянын аймактык бүтүндүгүн, саясий биримдигин камсыздоого көмөкчү болот. Бул эки окуя сириялыктардын өз үйүнө коопсуздукта жана өз эрки менен кайтуусун шарттайт. Түркия террорчулардын көзөмөлүндөгү коридорду эч качан тааныбайт жана ал жакта коопсуз тилке уюштуруу жөнүндө бир нече ирет айткан анын ичинде БУУнун трибунасынан дагы дүйнө коомчулугуна кайрылган.

– Түркия күрддөргө каршы эмес. Биздин согуш террордук топторго каршы. Ал жактагы күрддөр, арабдар, христиандар террорчу топтордун запкысын көрүп жатышат. Биз аларды бошотобуз – деген.