Нарын: Калемгерлерге кайрадан убадалар

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


Өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын шаарында жашап, эмгектенген жалпыга маалымдоо каражаттардын (ЖМК) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул анын облусту жетектөөгө келген күндөн (6-сентябрь) берки кабарчы-журналисттер менен алгачкы баарлашуусу болду.

Э.Алымкулов облустун бардык районунда болуп, мерчемдүү айылдарда эл менен жолугушуу жыйын өткөргөндүгүн, эң башкы көңүлдү кышка карата даярдыкка бургандыгын белгиледи. Алсак, 22-октябрга карата бюджеттик мекеме-ишканалар 90 пайыз кара алтын менен камсыздалыптыр. Бирок Нарын шаары менен Нарын районунда калкты көмүр менен камсыздоодо оорчулуктар бар. Кан-какшап айтылып келгендей элди таза суу, аймактарды сугат суу менен камсыздоо орчундуу көйгөй бойдон калууда. Ошондой эле башка тармактардагы талылуу маселелер бар экендиги дагы бир ирет эшитилди.

– Мурда журналисттер арасында сынактар уюштурулуп келген. Мен аны кайра жандандырамын. Жобосун иштеп чыгып, аны келерки жылдан баштайбыз. Ал эми жакында келе жаткан кесиптик майрамыңыздарды жогорку деңгээлде белгилейбиз. Экинчиден, мүмкүнчүлүккө жараша жаңы уюшулуп жаткан облустук медиа борборду жаңы унаалар менен толуктаганга да аракет кыламын, – деген убада берди.